кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



  Күныргак

Килем үстү "күпө-күп…"
Бишкекте эки жаңылык. Бири тынч, бири тынч эмес. Тынчы - ТЭЦке келген казак көмүрүндө ныпым радиация жок экен. Бекер эле чуулдаппыз. Ушул чууну чыгарган неме куудул экен, элди тамаша кылыптыр. Баягы нормадан ашык радиацияны Өкмөт караса эле таш балакет жок экен. Ал "тынчыды". Тынч эмеси - эки жылдан бери декабрь айы саясаттын аптабына тушугуп, ызы-чуудан эшиктеги ызгаар билинбей калып жатат. Былтыр так ушу маалда коалиция түзүлбөй ара-чолодо "Республикачылар" менен "Ата-Мекенчилердин" ортосундагы тиреш күчөп кетип, акыры анын финишинде Текебаев борттон ыргып, көндүм оппозициясында калган. Тагдырдын тамашасы да, дал ошол окуя кайра кайталанып, бирок бул ирээт "Ата-Мекенчилердин" саясий жүзү нурданганын сурабай сулп коюңуз. Ара-чолодо бул фракция депутаттары спикерди бүгүн эртең ээрден шыпырганы турат. Атамбаев болсо, ар бир фракция лидерлери менен сүйлөшүүлөрдү баштады. Өлкөнү кантип көтөрөбүз деген ой менен чакырган жок, болгону мага көзү түзпү деген тейде кызыл килем үстүнөн өткөрүп жатат. Деги декабрь тынч өтүп, аман-эсен ажыдаар жылын тосуп алсак болгой эле…




Кандуу жол 2 башталды
Ушул сандан баштап
Каныбек Кадыралиевдин "Саясат базары" аттуу детективин окуңуздар. "Саясат базары" өлкөбүздөгү акыркы эки жылдагы олуттуу окуялардан тарта саясат айдыңындагы кызылдай соодалашуунун анык жүзүн ачып берет.
9












??.??