Акчөлмөк
- Байлык деген эмне?
Өзүңүздү баймын деп эсептейсизби?
Гүлзада Рыскулова, ырчы:
- Мен үчүн байлык деген бул адамдын ички көрөңгөсү, руханий байлыгы, интелектуалдык деңгээли. Башкаларга болгон мамилеси. Адам билими, акыл-эси менен бай. Ички дүйнөсү бай адамдар абдан көп, алар менен баарлашканда жан дүйнөң эргип, эс алат, кубанат, сүйүнөт. Ал эми бир гана материалдык байлыкка сүңгүп киргендер, акчанын аркасынан түшкөндөр чыныгы байлык эмне экенин унутуп калгандай таасир калтырат. Алар материалдык байлык үчүн бардык нерсеге даяр. Ошондуктан, мен материалдык байлыкты эске албаганда ички дүйнөмдүн көрөңгөсү менен жетиштүү баймын деп айта алам.


- "Бакырчаак төөнүн бары жакшы" деген сөздү кандай түшүнөсүз?
Тынчтыкбек Кожобеков, продюсер:
- Бул сөздүн мааниси тереңде жатат. Түзмө-түз мааниси "жоктон көрө жогору" деген эле сөз. Колдо бар нерсени барктап жана колдоно билиш керек деген мааниде айтылган болсо керек. "Эшектин эти арам болгону менен күчү адал" дешет. Анын сыңары, муну менен "Үңкүр да болсо үйүм бар" деген макал үзөңгүлөш болсо керек. Төө адамдын кандай иштерине жараганын айтпай эле коёюн. Эл билет да. Андан көрө Роза Аманова эжебиз аткарып жүргөн "Санат ырын" уксак бул макалды кеңири чечмелеп койгон. Анда, "Ага инини жаман деп, тууганды кайдан табасың" деген саптары да бар.


- Сүйүү деген эмне?
Нурлан Калыбеков,
акын:
- Сүйүү, арман, бакыт, азап,
Тагдыр деген бүтпөс казат.
Көргө башың кирмейинче,
Бербес жанга тынчтык, АЗАТ.
- Үшкүрүк деген эмне?
- Бөлүшкөн жан дүйнө азасын,
Жашасын үшкүрүк жашасын!

- Сиз сүйгөн акын… Акыркы жолу кайсыл чыгарманы окудуңуз?
Асель Мамбетова,
медиа эксперт:
- Эгерде көңүлүм чөгүп турса поэзияга берилип, жаңы үмүт, жаңы сезим, таза энергия алам. Менин колум бошоп калса эле Марина Цветаеванын ырларын кайра-кайра окуй берем. Абдан кызыктуу жана жан дүйнөмө жакын ырлар. Окуган сайын дем күч алгандай сезилет. Ал менин сүйүктүү акыным. Андан тышкары жакында эле Герман Гессенин "Игра в бисер" жана Юн Чжандын "Белгисиз Мао" деген китептерин окуп бүттүм. Бул чыгармада Мао Цзэдундун өмүр жолу, анын бийликтин башына келген кадамдарын окуп бир жагынан таң калсам, экинчи жагынан адам бийлик үчүн ар кандай кадамга барарына дагы бир жолу ынандым. Ал эми менин столумда дайыма энциклопедия турат. Ошондой эле ыйык Куран жана Манас трилогиясынын китептери дагы бар.


- Достукка кандайсыз, сатып кеткен досторуңуз болгонбу?
Али Токтакунов,
"Азаттык+"
теле долбоорунун
алып баруучусу:
- Дос деген менин жашоомдо чоң роль ойнойт. Өзгөчө кыргыз жигиттери достук мамилеге абдан бекем келет эмеспи. Бир адамды досуң деп эсептесең анда аны менен чыныгы дос бол деген принциптерди кармайм. Өзүмдү да достукка бекеммин деп эсептеймин. Буга чейин досторума кыянаттык кылган эмесмин. Кылбайм дагы. Ал эми, сатып кеткен дегенге… Эми, "пулдап" жибербесе да туура эмес кылык-жоруктары менен көңүл ооруткан, "кидальщик" достор болгон.


- Жакын адамыңыз үчүн диниңизди алмаштырат белеңиз?
Нурзат
Садыкова, ырчы:
- Жок, эч качан. Башка адам үчүн Алланы алмаштыргандай эле да. Мен үчүн дин абдан ыйык. Аны эч нерсеге, эч кимге алмаштырууга болбойт. Анткени, биз мусулман болуп төрөлгөнбүз, мусулман болуп өлөбүз. Тактап айтканда бардыгыбыз акыретке, чын жашоого мусулман болуп барабыз. Ошондуктан, мен үчүн ыйык Алланы башка адамга алмаштыруу бул акылга сыйбайт.


- Сулуу айымдарга максатына жетүүгө оңой дегенге кандай карайсыз?
Жамиля Саякова, модель:
- Сулуу айымдар максатына оңой жетет дегенге кошулбайм. Максатка жетүүдө сулуулуктун эч кандай тиешеси жок го. Адам эмгектенип, аракетчил болсо алдына койгон максатына жете алат деп ойлойм. "Жүрөгү таза адам сулуу боло алат, эгер өзүңүзгө кам көрөм десеңиз алгач жүрөгүңүздөн баштаңыз, антпесе эч кандай косметика жардам бербейт"-деп Коко Шанель таамай айтыптыр. Чындыгында адам жүрөгү менен сулуу. Андыктан жүрөгү менен сулуу адамдар максатына оңой эле жетет деп айтсак болот. Ал эми биздин турмушта сулуу адамдар менен биргеликте эле ичи тар, көрө албас, мансапкор адамдар бар да. Андай адамдар башкалардын сулуулугун көрмөк турсун, болушунча зыян келтирүүгө аракет кылышат.


- Жымжырттыкты эңсөө
деген эмне?
Жамиля Муратова,
композитор:
- Ар бир адам жан дүйнөсүндө кайсыл бир учурда жымжырттыкты эңсейт болуш керек. Дегеним, жымжырттыкта адам терең ойлонуп, өзүнүн жашоосунда болуп жаткан окуяларга же кандайдыр бир маселеге ой жүгүртүп, анализ кыла алат. Кээ бир адамдар жымжырттыкты жалгыздык менен салыштырышат. Мен буга толук кошула албайт элем. Адам физикалык жана моралдык жактан чарчаганда жымжырттыкты эңсейт да. Мындай көрүнүш менде дагы көп болот. Жымжырттыкты эңсеген учурда жаратылышка чыгып, анын кооздугуна суктанып, таза аба менен дем алып эс алгым келет. Бул сөздүн маанисин мен ушундай деп түшүндүрөт элем.


- Биринчи муштум жегенде эмне кыласыз?
Азамат Арыков, актер:
- Акыркы күндөрү мен мушташуудан качып калдым. Өзүмдү токтотуп, сабырдуу болгонго аракет кылам. Бирок, биринчи муштум жеген учурларым да болгон. Анда ого бетер күчүңө-күч кошулуп, намыстана түшөсүң. Мындай муштумдар тескерисинче "стимул" берет. Кээ бир учурларда күтүүсүз муштумдар адамды сергите түшөт. Андай учурда сестенип да калам. А бирок, менин спорт менен мамилем жакшы эле. Ошондуктан, биринчи муштум жегенде кайра "ответ" бергенге даярмын.

Даярдаган Нургүл ИБРАЕВА