Селдеге чок түштү
Ош облусунун бир катар динаятчылары азыркы муфтий Чубак ажы Жалиловдун ишмердүүлүгүнө каршы ойлорун айтып, сылык ажынын "сынык тепшисин" шардана кылышты. Алардын айтымында бир учурда эле муфтий төрт кызматты ээлеп, анысы аз келгенсип, ажылыкка бир жарым миң квотаны ашык алыш үчүн "кыргыздар түркөй эл ошондуктан эки президентти кубалап жиберишти, квотадан ашыкча кайрылыш" маанисинде Араб башчысына ак урган имиш. Ал эле эмес ажылык сапарды уюштурууда болгону бир эле авиакомпания менен келишим түзүп коюп, ал жакка кеткендердин арты дале мекенине кайта элек дешет. "Ошонун айынан жол кырсыгына кабылган бир адамыбызга Кыргызстандан келчү доктур кыз кечигип, көпкө кароосуз калды. Бир эле компания элди бир учурда ташып жетише алган жок" деп кайгынын кабарын салды. Ал эми 1350 доллар турган билет баасы эмне себептен 1500 доллар болуп кетти экен деп Чубак ажынын чөнтөгүн тиктегендерине караганда чамасы, бул жерде бир мандем бар сыягы. "Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр" болуп, акыркы жылдыры молдокелер тебетейлерин тескери айлантып, анысын анда- санда Каптагаевдин жылаңач башына кийгизе калгандарына караганда чындап эле бул жерде чо-оң акча бар же татыктуу "президенттин инаугурациясын" өткөрө албай жатышат. Пикетке чыга элек молдокелер эле калды деп сакалы жоктор сарсанаа тартууда.


"Курманжан датканы" эске салган Исаке
Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов кээде өтө эле түшүнүксүз кадамдарды жасап жиберген адат таап алды. Бир карасаң автобус менен көчө кыдырат, бир карасаң кечкисин тойлордо мостоюп отурат, кээде ар кайсы эстеликтин ачылышында дегендей, айтор, түзүк эле иш алып барып жаткандай. Кечээ жакында да дагы бир ат жүрүш жасап буга чейин жол кырсыгына байланыштуу күнөөлөнүп жаткан уулу Азамат Исаевди актап жиберген Токмок шаардык сотунун чечими бузулуп, "Уулум колу менен кылганын мойну менен тартып өз жазасын алсын"-деген кайрылуусун жолдоду. Туура мыйзам баарына бирдей. Ал тургай жабырлануучу тарап өз арызынан баш тарткан күндө да кырсыктын себепкери жазасын алышы керек. Маселе, гезит беттерине "Өмүркулов премьер-министр болот экен же такыр кызматсыз калат тура" деген жоромолдор чыга баштаганда, карт саясатчы мындай кадамынын артында кайсы оюндун башын кылтыйтууда. Бул ат жүрүштү кошоматчылары "Кыргыз тарыхында биринчи жолу"-деп ураалап жиберишти. Эстерине жара чыкпаса, Орто-Сай айылынан экс-спикер Абдыганы Эркебаевдин уулу 2002-жылы мындай кырсыкка кабылар замат атасы спикер башы менен "Эгер күнөөлүү болсо балам мыйзам алдында жооп берсин, сот жүрүшү ачык болсун, мен эч качан баламды коргобойм"-деп элдин оозун ачырган. Ал эми мэр мырзанын беш ай өткөндөн кийин минтип журналисттерге кайрылуу жолдоп, бирок, бир да суроого жооп бербей чыгып кетиши "Курманжан Датка жылынын" аяктап баратышын айласыздан эске түшүрөт экен.


Мырза Мырзакматовго кимдин тиши өтөт?
Экинчи борбор Ош шаарынын таанылбаган жана тактысынан жөн кете койбогон Мелис аттуу кожосу бар. Учурунда Убактылуу Өкмөтмүн дегендер анын караанынан сүрдөп, каарынан аптыгып, колдоруна коко тикен кармаган бойдон, бул жактан чыгарган буйруктарын Төө-Ашуудан ары өткөрө албай коюшкан. Бирок бул жигит айтпасынан кайтпас көктүгү бар белем, азыр ордолуу Ошту ойдогудай кылып түзөп койду. Баягы ар бир бурчта жер жайнаган таксини ирээтке келтирди, фонтан чыгарды, көчөлөрдү зымыратып асфальттап, жол жээктерине брусчатка төшөттү. Өзгөчө Оштун кире беришине түндүктүн элесин чагылдырган дарбаза койдуруп, эми Манастын айкелин асман тиретип тургузам деп шымаланып турат. Баягыдай таң аткыча өзбек музыкаларынын шайыр-шатмандыгын кан буугандай токтотуп жалаң кыргызча ырларды койдурду. "Бали!" дебеске айла жок. Азыр көп саясатчылар мэрдин батасын алганга ашыгууда. Бирок, кечээ Роза Отунбаева журналисттер менен жолукканда жылаандын башын кылтыйтып, "Ал китебине жазгандай Убактылуу Өкмөткө эч кандай алдын ала маалымат берген эмес, болгону "абалды турукташтырганга колдон келишинче чараларды көрүп жатабыз" деген гана маалымат берген. Мырзакматов ал учурда түнкүсүн Бакиевдер менен, күндүз биз менен иштешип турду"-деди. Эми кимисине ишенерин билбей карапайым элдин мээси айланып, чүчкүрүгү жерге жетпей турат.


Аттан түшсө да ээрден түшпөйт
Кыргыз ушинтип айтат. Болгондо да бийликтен кетип бараткан кишисин. Кетмекчи эле кечээ бир жолу кеттим деп арай көз, чарай көздөрдү чогултуп, "мына эми чындап кетип жатам" деп кетээр кыздын керээзи кылып, Роза Исаковна акыркы президенттик пресс-брифингин берди. Берип жатып АШАны ашата мактап, айрымдарын жөөлөп өттү. Кыргызстандан кетпейм дейт. Кеткендин ордуна атайы фонд түзүп, мекенди өнүктүрүү үчүн инвестиция издеп, беш, алты тил менен тилмечи жок өлкөмдү чет жака жакшы жагы менен таанытам дегени жазмакерлерге кадимкидей желкурсак байлатты. Ооба, Отунбаевага ишенебиз, бирок дайым ал кишинин капталында жүргөн Каптагаев деген адамга кыйын болмой болду. Анткени Роза Исаковна кетери менен анын да "күнү бүтүп" баратат. Көлгө барайын дейт Садыр Жапаров киргизбейт, чет өлкөгө чыга качайын дейт Бакиевдердин мишенинде, Бишкекте болсо "Кандуу жол 2" деген "сормо саз" том-том болуп басылууда. Айтор, азыр ал адам алапайын таппай, АШАнын амирин тилеп турганы. Элчиликтерди мээледи эле былтыркы ажы сапарга байланыштуу окуялардан соң ал кишиге эч бир өлкө агреман бергис болду. Жанагы балдар жомогундагы "Оңго барсаң-өзүң, солго барсаң-атың өлөт"-деген эми келди. Кантсе да Каптагаев кыйын эмеспи, эми болсо соттордун бутуна чалынып "не кылар айласын таппай" жүрөт.


Эми чындап бөлүнө баштады
"Ата-Журтка" атаман болом дегендердин саны күн санап эмес саат санап өсүүдө. Келдибековчулар жана Ташиевчилер болуп бөлүнгөндөрү аз келгенсип эми "реформа үчүн" блогу, жаштар блогу, Мыктыбек Абдылдаевди колдогон түндүк блогу, баарын уруп да койбойбуз деген акчасы көп Динара Исаевага окшогон аялдар блогу болуп айтор, "Ата-Журтчулардын" ичинде өздөрү түзгөн блокко санак жеткире албай убараланышууда. Ал ортодо Ахматбек мырза спикерлик мандатын башкаларга эмес өз партиялаштарына өткөрө албай ортого жер жайнаган кеңешчилерин салып, тиши өтпөгөнүнө кадыры кабелтең коомдук ишмерлерди жуучулукка жиберип ордунда калуунун катуу амалын көрүп жатат. Фракция лидерлери менен жолугушуу өткөрөйүн деди эле анысынан майнап чыкпай калды. Анткени спикерликтен көзү өтүп турган Текебаев өңдүү карт карышкырлар анын жолун буга чейин эле бууп, башка депутаттык топтор менен жолугууга тоскоолдугун тосуп койгон. Туура бир жыл спикерлик дооран сүрүп, даамын татып, кумарына көнүгө түшкөн Ахмат мырза азыр катуу күйгүлтүккө түшүп тургандай…


Жапаровдун Дастанын наркотик чуусу чулгады
Юрист деген кызыл диплому бар, депутат болгонго чейин Жапаровдун жанында Экономикалык тескөө министрлигинде эмгектенип, анын энергиясы менен Феликс Куловдун колу менен "Ар-Намыстын" атынан депутат болуп, бараары менен активдүү эл өкүлүнө айланган Дастан Бекешовдун бир тууган агасы наркотикалык зат менен кармалды. Бул боюнча депутат расмий билдирүү жасай элек болсо да бул ишке Ички иштер министрлигинин тиешеси болушу мүмкүн деген божомолун маалымат агенттерине божурады. Айтымында погону барларды бийик трибунадан "туздап" койгон имиш. Анан да кызыгы Ысык-Көл районунда шахмат боюнча мелдеш болуп, партиялашы шахмат федерациясынын төрагасы Акылбек Жапаровдун өтүнүчү менен дем алуу күндөрү ал жакта жүрсө, агасы ошол эле Көлдүн сегиз куту "ручнягы" менен кармалып отурат. Бу кыргыздын "жылт" эткен бийлигин бир тууган, бала-чака, куда-пуда дегендер өчү бардай өчүрүп турчу болду го…


"Кереге-ПРЕСС"