"Кара Пантеранын" катарында

Отунбаеванын оош-кыйышы
Биринчи жолу өлкө башчысы тынчтык жолу менен алмашканы турат. Кыргызстанда биринчи жолу экс-президент деген официалдуу атка татыктуу табылды. Отунбаева мамлекетти башкарып турган бир жарым жыл аралыгында өлкө кандай жетишкендиктерге жетти, кайсы жагынан жаза тайып, эң оор катаны кетирди деген суроо жаралат. Кезегинде "Аял башкарат деген эмне шумдук?"-дешип, карапайым элден да, көрүнүктүү саясатчылардан да бир катарлары тоотпой жүрүштү.

7-апрель окуясы стихиялуу түрдө болду. Революциянын болуп, анын чоң масштабка айланып кетишин эч ким күткөн эмес. Ошол сыяктуу эле, Отунбаеванын дагы мамлекеттин башында туруп калат деп да эч ким күтпөгөн. Отунбаеванын Убактылуу Өкмөттүн, кийинчерээк мамлекеттин башчысы кызматын аркалап калышы бул тарыхый кырдаалдан улам жаралды десек болот. Бул жагынан алганда дагы бир жолу кыргыз коому башкаларга салыштырмалуу өзгөчөлүгүн көрсөтө алды. Кандуу режимдин кулатылышы менен, өлкөдө тынчтык, биримдүүлүк маселеси бир топко чейин созулуп жатты. Ушундай шартта Убактылуу Өкмөт иш жүзүндө турганы менен анын башкаруу ареалы борбордо гана сакталып, региондордо дээрлик убактылуу башкаруунун таасири жетпей жатты. Убакыттын өтүшү менен суроо жаралышы мүмкүн "Эмне үчүн башка адам эмес Отунбаеваны алып чыгышты?"-деген. Отунбаева ошол кезде кадимки эле оппозицияда жүргөн адам эле. Отунбаеваны алып келүү менен ошол кездеги топ туура чечим кабыл алышкан, бирок ага жамынып алып, жең ичинен абдан көп туура эмес иштерди жасашкан. Биз дайыма бийликти сындап келебиз, ал эми оппозициянын ишине баа берип, сындаган адамдар аз. Ошентсе да 20 жылдын ичиндеги биздин оппозиция, бийликтегилердин деңгээлиндеги гана оппозиция болуп кала берди. Бул айрыкча, апрель окуясынан кийин дагы бир жолу көрүндү. Анын белгиси катары алгач элдин башына турчу бийлик жок болуп жатканда баары чогулуп, орундарын ээлешип, кийин Убактылуу Өкмөт түзүлгөндө кайрадан "балалык оору" менен ооруй баштаганынан көрсөк болот. Ал "балалык оору" Отунбаеваны да кыйгап өтпөй койгон жок.
Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү бир добуштан Отунбаеваны төрайым кылып шайлап туруп, анан кайрадан өздөрүнүн оюнун "вне Отунбаева" (же андан сырткары) ойной баштады. Ал оюндун ана башында Бакиевдин өлкөдөн чыгып кетиши себеп болду. Өзүнүн жарандарына ок аткан бийликтин башчысы качпай, бир жумадай Кыргызстан ичинде жүрүп, дагы деле болсо, кичи мекенине барып өзүнүн оюн талашып жатканда, жең ичинен соодалап туруп чыгарып жиберишти. Соода ким менен болду? Албетте Бакиевдер менен Убактылуу Өкмөттүн ортосунда. Алар сунуштаган акчаны алып туруп, акырын гана Назаке аркылуу Белоруссияга өткөрүштү. Отунбаева бул ишке канчалык кийлигишкени белгисиз, бирок анын чөйрөсүндөгү "убактылуулардын" толук катыштыгы бар. Бакиевдердин өлкөдөн чыгышына түздөн-түз акыркы чечимди ал кабыл алышы керек болчу. Бирок, аны биздин "эргулдар" формалдуу түрдө төрайым кылып, калган ишти өздөрү жасай башташты. Кийин эл чыкты, маркумдардын ата-энелери, бир туугандары чыкты. Аларга карата бир гана жооп болду "Эл экиге бөлүнбөсүн дедик"-деген. Миллион доллар менен элди бириктиришти. Анан алар, Лукашенкодон талап кылып, ал гана эмес, Белоруссиянын элчилигине барганда, Лукашенко: "Анда Россия, Путин Акаевди Кыргызстанга берсин, ошондо адилеттүү болот"-деди. Андан кийин Бакиевди алып келүү тууралуу маселе жогорку деңгээлде көтөрүлгөн да жок. Сатылган буюмду кайра алууга мүмкүн болбогон сыяктуу эле, бул эми ишке ашпай турган маселе болуп калды.

(Уландысы 4-бетте)




  Соболтөр

Отунбаеванын президенттик мөөнөтү аяктады. Эмне кемчиликтерди кетирип, кандай жетишкендиктерди багынта алды?
Азиза
Абдырасулова,
укук коргоочу:
- Роза Отунбаеванын мамлекет башчысы катары эң чоң жетишкендиги Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу бийликти тынч жол менен өткөрүп берип жатат. Бул кыргыз мамлекетинин тарыхы үчүн чоң салым деп эсептесек болот. Кемчилиги- эми муну кемчилик деп деле айта албайм. Жеткиликтүү иштей албай калган жагдайлары болду. Ош окуясына жол берилди. Ал окуя жана андан кийин адам укуктары көп бузулду. Аларды мамлекет башчы катары, УӨ жетекчиси катары алдын ала албады. Бул да кыргыз тарыхында сакталып калат.


Турсунбек Акун,
акыйкатчы:
- Отунбаева бийликти тынч жол менен өткөрүп берип жатканы чоң жетишкендик. Ал адам укуктарына көп маани берди. Сөз эриндигин, демократиялык принциптерди сактоого аракеттенди. Бейөкмөт уюмдар менен иштешип, Кыргызстанды дүйнөлүк аренада байланышка чыгарууга аракеттенди. БУУнун коопсуздук кеңешине мүчө кылууга далбастады. Андан тышкары аялдар көйгөйлөрүнө көп көңүл бурду. Түрмөлөргө чейин барып, алардын акыбалынан кабардар болуп турду. УӨтө 13 эркекти башкарды. Ал эми кемчилиги Ош окуясынын алдын ала албады. Барктабасовду каматып, куугунтуктагандарга тоскоол боло албаганы да нааразылык жаратты. Анан дагы бир кемчилиги мени менен-омбудсмен менен иштешпеди.


Жали Соданбек,
кинорежиссер:
- Отунбаевага элдин көпчүлүгү ыраазы. Анткени, ал аял башы менен оор кырдалда мамлекет башкарды. Тынчтыкты сактоого аракеттенди. Мурдакы эки ажодон айырмаланып таза иштөө, демократиялык теңчиликти сактоо кандай экенин көргөзүп берди. Аларчылап мамлектти талап-тонобой, туугандарын кызматка койбой адилеттүү жетекчи болду. Ал эми кемчилиги Ош окуясына жол берилип кетти. Бирок, буга жалгыз Отунбаева күнөөлүү эмес. Ага 20 жылдап чогулуп келген социалдык көйгөйлөр, бийлик алмашуудан пайдаланып калгысы келгендер себепчи болду. Мындан аркы ажолор да Отунбаеванын жолун жолдоп, таза иштешсе болгону.


Эрнис Кыязов,
журналист:
- Роза Отунбаева мамлекет башчы катары жетишкендиктери да болду, кемчиликтерди да кетирди. Мен буга 50/50 пайыз деп баа берер элем. Кемчилиги - Ош окуясына жол бергени болду. УӨ жетекчиси катары, мамлекет башчы катары мунун алдын алса болмок. Жетишкендиктери-аял башы менен оор кырдаалда мамлекет жүгүн аркалады, кыйын кырдаалда жоопкерчиликти моюнуна алды. Тынчтык болсун, бейпилдик болсун деген принципте иштеди. Эми ушу тейде эле "Отунбаева таза президент болду" деген маанайда калсак болгону. Анан, кайсы бир фактылар ачылып "Отунбаева деле ушинткен тура" деп жаманаттысы чыкпаса болду деп тилейли.


Айылчы Сарыбаев,
экономист:
- Отунбаеванын адамдык абийири таза, жакшы киши. Ошого жараша, жакшы иштеп берди. Эски версия боюнча премьер-министрдин да, парламенттин да милдетин аткарып жүрдү десек болот. Таза иштөөгө, демократияны сактоого аракет кылды. Тагыраак айтканда конституцияда белгиленген милдеттерди ашыгы менен так аткарды десек болчудай. Ал эми кемчилиги УӨтө турганда 14 кишинин башын бириктире албай кыйналды. Ар бири өзү билемдик кылып, биримдикте боло алышпады. Бирок, бул одоно кемчилик деп эсептелбейт.


Даярдаган Анара ДЫЙКАНОВА