кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї




Биринчи - Кудайга, экинчи - Гүлгө…
Эртең инаугурация. Жаңы шайланган президент Алмазбек Атамбаев ант берет. Ажолордун алгачкысы Акаев биринчи ирээт легендарлуу Жогорку Кеңеште, экинчи, үчүнчүсүн филармонияда кызыл килем үстүндө СССРдин аңтарылган президенти Горбачевдун көзүн күйгүзүп, эки жагын элеңдетип туруп, "Алдабайм" деп ант берген. К. Салич болсо элди каратып туруп чекесинен кара тер тамганча Ала-Тоо аянтынан Анжиян полкун катыра бийлеп, бери жактагы кошоматчыларын кол чаптырып коюп ант берүү учурунда "Акаевдей качпайм"-деп карганган. 2009-жылкы ант берүүсү деле ошого үндөш өткөн. "Качпайм"-деп коюп ал да качып кетти. 2010-жылы болсо, чаар кийинген Отунбаева ара-чолодогу чакан антын берип анысын аткарды. Эми, Шаршенович элге ант бергендин ордуна биринчи Кудайга, андан кийин Түрк президенти Абдуллах Гүлгө, Грузин паашасы Саакашвилиге, ЖККУнун баш катчысы Бардюжага, Путиндин чабарманы Нарышкинге, Казак, Өзбек өкмөт башчыларына жана башка толгон токой жибек костюм, кайыш батинке кийгендердин астында ант берет. Ал эми кышкы ызгаарда муздак үйлөрүндө карандай чай шимирген мекендештери КТРКдан ант угушат. Ооба, качпайм деп карганат, алдабайм деп айтат да штандартын алып, келген конокторун резиденцияга жетелеп жөнөйт. Чучук, арак, боорсок…
Ант бербей эле күн сайын Кудайлап жашаган элине жарык чачкан, жетим-жесирдин чекесинен сылаган, кримдүйнөгө "ийилбеген", атылып, сатылып тентиген элин аяган падыша болсо экен деп карапайым калк отурат...

"Кереге-ПРЕСС"




  Жакында...

Кандуу жол 2
"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынган Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган.
Жакында "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн "Кандуу жол 2" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Кандуу жол 2" китебинде 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар туурасында ошол окуялардын дээрлигине катышкан инсандын айтып берүүсү чагылдырылат. Андыктан "Кереге kg" гезитинин келерки сандарын күтүңүз. Сиз жана биз билбеген бир топ окуялардын учугу табылат.












??.??