Таш түш, таалайыңан көр…

Өкмөттүн жаңы түзүмүнө кимдер келет?
(Уландысы. Башы 5-бетте)

Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги менен Жаштар министрлиги бириктирилип, "Жаштардын иштери, эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлиги" болуп өзгөртүлөт.
Бул орунга тизилгендердин да катары калың. Көч башында кадимки каардуу көрүнгөн айым Айгүл Рыскулова турат. Ага улай эле Равшан Жээнбеков деген мыкты чыкма жигит бар. Бул жигитке атасы Бабырбек Жээнбеков катуу чуркоодо. Ал эми ажо шайлоодо 4-орунга жеткен "Москвич" мырза Темирбек Асанбековду да бул орунга кудалап жаткандар чыгууда. Балким шайлоо учурунда гана пайда боло калып, өтө кооз сөздөрү менен эл эсинде калган бул мырзанын да ниети бардыр. Анткен менен бул орунга аныгында Айгүл айымдан өтөөр киши көрүнбөйт. Муну моюнга алган оң.




КР Башкы прокурору
Учурда Башкы прокурорлук тизгинди алууга негизги делинип эки талапкер айтылууда. Алардын бири УӨ учурунда башпрокурорлукту чеңгелдеген Байтемир Ибраев, экинчиси элүүгө чыкканда жаштардын лидери болгусу келген, мурда Бишкек шаарынын прокурору болуп иштеген, "ар-намысчыл" Анарбек Калматов. Ошондой эле бул орунга баруу үчүн депутат Курмантай Абдиев да билек түрүп атыптыр. Бул кишинин салмагы да сайдын ташындай дейт.


КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы
Президенттин кадырын көтөрүү үчүн УКМК чоң мааниге ээ. Себеби президент мамлекеттин коопсуздугуна жоопкер. Ошол үчүн бул кызматка тажрыйбалуу адис, таза адам келиши керек. Ошентсе да бул орунда азыркы төрага өзү эле калуусу да күтүлүүдө. Учурда бул кызмат орунга дагы эки талапкер көрсөтүлүп жатат. Алардын бири Токон Мамытов, экинчиси Марат Иманкулов. Бирок, бул үч талапкердин ичинен Токон Мамытов кезинде Бакиев режиминин түптөлүшүнө түздөн түз салымы болгон. Алардын кланына жакындыкта жүргөн. Бир гана мисал айтайын, Мамытов ошол доордо чек-ара кызматын жетектеп турган эмес беле. Ал эми Иманкулов азыр "Ата-Журт" партиясынан "түртүлүп" жатат. Эгер ал келсе Кыргызстан деген Ата-журттун эмес, "Ата-Журт" партиясынын кызыкчылыгы жогору коюлуп калары турган иш.




КР Энергетика министри
Бул министрликке да республикачылар жан үрөп туру. Кезинде Текебаев менен тебишкен Исхак Пирматов деген "балакай" депутат "барам эле барам" деп жулунуп атыптыр. Бабанов Пирматовдон башка бир да кишини жолотпойм деп батыл киришүүдө. Эмесе энергетикаңардын пири Пирматов болот өңдөнөт.


КР Билим берүү жана илим министри
Кой оозунан чөп албаган, болбураган жоош баладай кебетеленген Канат Садыков атуу билимгөй, илимчил министрибиздин да көчүгү ээрден кыйшаят. Бул орунга азырынча эки ысым аталууда. Биринчиси Юридикалык академиянын ректору Канат Керезбеков, экинчиси Улуттук университеттин ректору Искендер Исамудинов.


Жаратылыш ресурстары министрлиги "Өнөр жай жана минералдык ресурстар министрлиги" болуп өзгөртүлөт.
"Негизинен бул тармакка анчейин деле көңүл бурулбай келатканы чындык. Бирок, бул тармакка жакшылап көңүл бурулса маанилүү да, мамлекет үчүн пайдасы да зор тармак. Бул тармак биздин анык байлыгыбыз. Жаратылыш, минералдык ресурс деген эмнени түшүндүрөөрүн жакшылап түшүнүүбүз абзел. Ошондуктан бул тармакка Кыргызстан үчүн жанын берген, ыймандуу, курч, таза адам керек. Менимче мындай адамдар бизде бар. Алардын бири азыркы тапта ушул министрликте орун басар болуп иштеп аткан Калыс Рустамов деген жигит. Менимче ушул жигит бул тармакты жетектеп, андан ары өнүктүрүп да кете алат"-деп кадимки карт саясатчы Топчукенин алдын ала коңгуроо кагуусуна ишенсек анда бул тармактын да маселеси чечилип калган өңдүү.


КР министри-Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциясынын башкы директору
Бул орунга азырынча талапкерлер тандала элек. Ошентсе да айрым божомолдордо Ош мэри Мырзакматовду аткарып жаткан кызматынан баш тартыруунун жолу катары ушул орунга "мингизмекчи болуп атышканы тароодо. Ага улай эле бул орунга Ибрагим Жунусов да барат деген кеп бар.


КР Саламаттык сактоо министри
Учурдагы министр Сабырбек Жумабековдун бул орундан козголбоско акысы бар эле. Бирок, ал да козголот экен. Кемчилиги "Ата-Журт" партиясынан келгендигинде имиш. Болбосо бул орунга деле ашыгып жаткандардын ысымы атала элек.

(Уландысы 8-бетте)