канжыга

Отунбаева "отчётто"
Бийлигин официалдуу тапшыра элек жатып, Роза Отунбаева Америкага учту. Неге? Отунбаеванын Америкага өтө шашылыш сапырылып жөнөөсүнүн себебин ким кандай жоромолдойт? Бу жолку шашылыш сапардын кызыгы, 22-ноябрда белгиленүүчү прокуратура кызматкерлеринин кесиптик күнүн белгилөөнү 24үнө жылдыра туруу идеясы көтөрүлгөнү болду. Атамбаевдин ант берүүсүнө саналуу күн калганда, прокурорлор майрамдаганы жатканда, кызмат соодасы кызып турганда Америкага ашыгуунун кажети канча эле? Шекти күчөтүп. Атың өчкүр "отчётту" берүүгө андан кийин деле убакыт табылат эле го…


Шамшыке УБны укуруктайбы?
Ажо шайлоодон соң бир топтор түн уйкудан безип жүрүшөт. Кызматтарынан айрылаарын эстегилери келбей. Ансайын алардын ордуна "кудалангандардын" катары көбөйүп, каары күчөөдө. Ушундай тагдыр Улуттук банктын башчылыгынын да мойнунда туру. Анткени анын ордуна өтө "серьезный" адамдын аты аталууда. Ал Шамшыбек Медетбеков деген берен. Кезинде коммерциялык банкты да, депутат кезинде финансы тармагындагы комитетти да жетектеп бул тармакта тажрыйбасы кыйла эле чоң. Атургай Убактылуу Өкмөт түзүлгөндө Медетбековго Улуттук банкты жетектеп берүү сунушу да түшкөнү бар. Кыскасы эки жаатташып алып, кыл чайнашкан кырдаалда иштеп жаткан УБ акыры татыктуу жетекчиге жетмей болду өңдөнөт.


Мекемелер кароосуз балдарды карашат
Өмүрбек Бабанов ушундай маселени көтөрүп, 22-ноябрда ортого салды. Бул демилге колдоого алынса, мамлекеттик бардык мекемелер балдар үйлөрүн "шефке алышмакчы". Бабановдун айтымында балдар үйлөрүнүн баары тизмеге алынды. Эми аларды маммекемелер бөлүп алып, камкордукка алуусу эле калды. Мекемелер "шефке алган" балдар үйүн материалдык жана моралдык жактан ар тараптуу колдоого алуу милдеттүү болушат. Туура чечим! Ошентип жетим-жесирди маммекемелер шефке алса, калган кедей кембагалдарды коррупционерлер колго алса эле, алеки саатта оңолбойт белек. Маселен, "бордолгон 4 миң буканын" эти 4 дубан элге жетет эле да…


Татар эл жомокторунан
Акыркы күндө "эки татар" деген жаңы жомок чыкты. Мазмунуна үңүлсөң, кайнагасынын оту менен кирип, күлү менен чыгып, элди куураткан эки неме жөнүндө экен. Ушул экөөнөн көргөн кордуктарын ыйлап-сыктап, санап отурган миңдеген "шоркелдейлердин" каармандыгына кызыгып, окуйлу десек, ал китеп жок. Сураштырып, "окуп берейин, ошол китепти таап берчи" деп ар кимге кол сунсак, "ал китеп эч кимде жок, бир болсо, Шамиль Атаханов менен Фарид Ниязов дегендерде бар деп атышпайбы… Алардан сурайлы десек, аларың ар кимге кызмат бөлүштүрүү менен алек. Таңдан кечке Кыргызстандын тагдырын чечүүдөн колдору бошобойт эке-ен…


Тикучакты тиктебей, алдыңды кара
Кыргызстандын жарандары эми өзгөчө кырдаалдарга кабылганда тикучактар жардамга келет. Буга кам көрүлүп, тикучактар кыйын кырдаалда калгандарга ошо замат учууга даяр болуп нөөмөттө турушат. Бул тууралуу коргоо министри Абибилла Кудайбердиев 22-ноябрда жарандарды коргоо боюнча мекемелер аралык комиссия отурумунда билдирди. Бирок, "Кырсык болгон жайдан элди ташып чыгуу, же тескерисинче азык-түлүк, медикаменттерди жеткирүү" кызматтарын так аткарып жаткан вертолеттордун да али чечилбеген көйгөйү бар. Ал "күйүүчү май менен убактысында камсыздап туруу". Айтор, майы жок болсо да, Абибилланын тикучактары жардамга даяр!


Момпосуй кымбат эт бекер
Казакстан Кыргызстандан импорттолчу кондитердик азыктарга болгон бажы төлөмдөрүн 40 пайызга жогорулатты. Ошондой эле, бодо малдын "яшур" оорусуна шылтап, эт азыктарын такыр киргизбей, тыюу салышууда. Бул тууралуу 21-ноябрда Экономикалык тескөө министринин орун басары Олег Панкратов билдирди. Ал казак боордоштордун түшүнүксүз кадамдарына баш чайкап "Өсүмдүк майын экспортоону чектеп, биздин продукцияларды кийирбей жаткандары кызык, бул баанын өсүшүнө алып келүүдө" деп кейиди. Эгер Бажы биримдигине кошулбасак, бул тенденция улана берерин эскертти. Ушундай, казактардын калчаган сакасы кандай консо, мындан ары биз да ошондой конобуз. Себеби, Бажы уюмунун эңсеген эсеби ушунакай.


Келдибековдун кел-кели
Президенттин тагдыры чечилсе эле "куштар сайрап, гүл жайнап" калчудай толготтук эле, андай эмес экен. Эми Кыргызстан премьер-министрин "шайлоо" тозогунан өтүшү керек экен. Болчу көзүрлөрдүн бири 3 миллион доллар сууруп чыкса, экинчиси 7 миллионду үстөлгө чааптыр. Ага эрегишкен тиги "биринчи" сан чөнтөгүн сыйпалап… "керек болсо, мен 30 миллион таштап коём" деп күпүлдөйт экен. Ошентип, Жогорку Кеңеш спикери анысын бир карап, мунусун бир карап акчадан башы айланып отурат дейт. Деген менен Ахматбек мырза Келдибеков өз-зү премьер болорун, спикерликке Өмүрбек Текебаев отурарын баягы эле байымдуу булактардан уктук. Эмнеси болсо да, депутаттардын алаканы "ысып" атканы айныгыс чындык. Баса, коррупцияны көргөн жан барбы?


"Кереге-ПРЕСС"