"Акыркы император"
"снеговикти" канжалатты
"Акыркы император" аталган Федор Емельяненко америкалык "снеговик" лакаптуу Джеф Монсонду жеңди. Үч раундга созулган беттеште Федор америкалык конокту канжалата төпөштөп, катарынан жеңилүү ызасына бөгөт койду. Буга чейин үч ирет жеңилген Емельяненко, күйөрмандарына карып бараткандай таасир калтырып, карьерасын жыйынтыктайт деген ойлорду жараткан болчу. Эми мындай жоромолдорго жокко чыгып олтурат. Айрымдар Емельяненконун бул жеңишин анын кайрадан мурдагы калыбына келип жатканы менен түшүндүрүшүүдө. Анын менеджери да бул пикирди кубаттагандай. Анткени беттештен кийин берген маалыматында Вадим Финкельштейн атактуу мушкер келерки мушташын 31-декабрда Жапонияда өткөрөрүн, кайрадан мурдагы калыбына келип спорт чөйрөсүндө ийгиликтерди жарата аларын айтты. Ал бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын да кошумчалады. Ошондой эле Олег Тактаров аттуу россиялык мушкер Емельяненко-Монсон беттеши туураалуу интервью берип жатып, "Акыркы император" карьерасын жыйынтыктоого жакшы убакыт табылганын эскертти. Бирок, Емельяненко өзү карьерасы тууралуу так ачыктаган жок. Баса, эки чоң муштумдун таймашы нокаутсуз өтүп, калыстардын чечими менен Федор жеңүүчү деп табылды.


Ардагерлер топ тепкенде
Кыргыз футболунун ардагерлери арасында өтүп келген өлкө биринчилигинде "Абдыш-Ата" арадегерлер курама командасы чемпион болуп табылды. Кант шаарындагы "Центральный" стадионунда "Топ-Юнайтед" менен кезиккен "Абдыш-Атачылар" 1:1 эсебине карабастан топтогон упайлары менен чемпион аталышты. Алар жалпысынан 69 упай топтогон. Ошондой эле чемпионаттын мыкты "бомбардирлери" да иргелип, бул наамга "Абдыш-Ата" командасынын чабуулчусу Закир Пусурманов татыктуу болду. Анын эсебинде 46 гол бар. Андан кийинки орунда "Топ-Юнайтеддин" футболчусу Канат Маматов 24, Мүзүр Жолдошев ("Манас") -20, Кубанычбек Исаков ("Динамо-Чүй")- 17 голу менен турат.


Мушташтан жыргагандар
Мушташ спортторунун ичинен эң "престиждүү" деп эсептелген "UFCтин" 139-беттештери АКШда өттү. Анда жарым оор салмактын чемпиондугу үчүн так талаш кызуу жүрүп, ага жетүүгө чамынган спортчулардын ичинен Ден Хендерсон чемпиондук курду жулуп кетти. Ал бразилиялык атаандашы Маурисио Руа менен үч раунд бою тепкилешкен. Жыйынтыгында калыстар тобу 48-47, 48-47, 48-47 упайлары менен жеңишти Хендерсонго ыйгарышты. Андан кийинки беттештештерде Вандерлей Силва Канг Лини экинчи раундда техникалык нокаутка учуратса, Юрайи Фабер, Брайан Боулзду муунтуп, "UFCтин" жеңил салмактагы чемпиону Круз менен токмоктошууга жолдомо алды. Кыскасы 20.11. 2011 датасы мыкты мушташтары менен спорт ышкыбоздорунун эсинде калмай болду.


"Евро-2012" ким чемпион?
2012-жыл жакындаган сайын спорт дүйнөсүндө да төлгө салып, көзү ачыктык кылып жибермей санааркоолор улам күч алууда. Бир жагынан 2012-жылы Лондон олимпиадасы өтсө, экинчиден футбол фанаттарынын табылгасы болгон Евро-2012 мелдеши турат. Ар бир спортчунун бул абройлуу мелдештерден жеңүүчү болом дегенде көздөрү төрт эмеспи. Ошондон улам спортчуларды айланчыктап жүргөн машыктыруучулардан бери ири турнирде чемпион боло турган командаларды боолгоп баштады. Алсак, Россия курамасынын башкы машыктыруучусу Дик Адвокат Евро биринчилигинде чемпион болуу мүмкүнчүлүгү Испания, Германия жана Голландия мамлекеттеринде көбүрөөк экендигин айтты. Мындан тышкары Орусиянын курама командасы үчүн Польша, Испания, Голландия, Украина курамалары кирген топтон, Польша менен атаандашууга кызыкдар экендигин эскертти. Эми мунун баары алдыда.


Алмаз Калназаров




  смсте эл үнү

Урматтуу окурмандар ар кандай маанайдагы пикир, куттуктоо, сунуш, сын-пикир ж.б. билдирүүлөрдү 0773 34 07 62 номуруна жиберсеңиз болот. Оригиналдуу ойлор менен айырмаланган СМС ээлери "Керегенин" атайын сыйлыгына арзыйт.


Талас районуна келип алып жулунган коррупционер заврайононун тизгинин тарта турган адам табылаар бекен ?
0771 41 86 ХХ

Балдарга ВИЧ жугузган дарыгерлерге убал жок. Кайдыгерлигинен улам канча ымыркайлардын убалына калышты. Эми алардын айынан канча адам өмүр бою жапа чегип өтөт.
Рахат, 0772 76 41 ХХ

Инилерим Сейитбек, Максатбекти 22-23-ноябрь удаа келген туулган күндөрү менен куттуктайм.
Эжеси Гүлмира,
0558 69 11 ХХ
Талас райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептерде да башаламан иштер. Эшегине жараша тушагы дегендей, башчы кандай болсо… Атымды атасам жумуштан айдалам. Сиздердин Ысык-Атадагы билим берүү тармагындагы кемчиликтерди окудум. Таласта ошондой көрүнүш.
0771 41 86 ХХ

Жаңы коалиция оңойлук менен куралбаса керек… Депутаттар кызмат үчүн, акча үчүн эмнеге даяр экенине эми даана көргөзүшөт. Бири бирин кан жалатып чекесин томуйта чапмайлары кеппи…Эми андан да кызыктарын күтө бергиле.
Кабыл, 0778 51 74 ХХ
Ардактуу апабыз Райканды 20-ноябрь туулган күнү менен куттуктайбыз! Алтын апа, бизге жашоо тартуулап, эрезеге жеткирип, аталуулардан кем кылбай чоңойтконуңа ыраазыбыз!
Балдары Райымбек,
Кадыр 0555 65 34 ХХ

Бийликтегиси да, ага жутунганы да "премьер ким болот, кайсы министрликке ким келет" деп чуркап калышты. Алар минтип кресло талашып жатып күндөн күнгө кымбатчылык каптап, эл кандай кыйналганын капарына алып коюшпайт. Өздөрүн гана ойлоп отуруп элди үчүнчү ирет толкутушпаса болгону.
Майрамбек, 0555 87 61 ХХ
Супермаркет жөнөкөй базардын айланып кетсин! Азык-түлүктөрүн кооз кылып тизип, чачынан тырмагына чейин боенгон сатуучуларды коюп койгону болбосо, "не свежий" азыктарын деле өткөрө беришет экен. Бир кыйла акчага салат сатып алганым аз келгенсип аны жеп өлө жаздадым. Кыязы эскирип кетсе да таштаганга кыйбай сатып жатышкан го…
Айгерим, 0558 28 54 ХХ

Нурлан агамдын 24-ноябрь туулган күнү менен куттуктайм! Иштерине ийгилик, ден соолук каалайм.
Айпери,
0778 67 41 ХХ
"Ата-Журт" фракциясында бет деген жок экен го. Элге кадыры сиңген, аксакалдары Мыктыбек Абдылдаевди жаш баладай ойнотушту го. Бир жетекчи шайлап, кайра анысын тартып алып. Ушу саясатчыларга айла жок, деги.
Бектур, 0772 76 82 ХХ

Баткен райондук администрацияда иштеген курбум Гүлнара Айдаровага салам жолдойм! Гүлнара кызыңдын жана уулуңдун бактысына аман жүр! Эгер бул смсти окуп калсаң мага байланыш. Телефонумду "Кереге" гезитинин редакциясынан тапсаң болот!
Асылкан,
0773 43 70 ХХ