дабакана

Варикоз - инсульт менен инфаркка кабылтат
Акыркы убакта аялдар арасында кеңири тараган оорулардын бири бул-варикоз. Бул ооруга көбүнчө жыйырма беш жаштан жогорку кыз-келиндер, кош бойлуу аялдар, көп салмактуу адамдар чалдыгышат. Варикоз алгач билинбегени менен бара-бара күчөп кийин инсультка же инфаркка алып келиши мүмкүн экен. Андыктан варикоз тууралуу кененирек маалымат алып алганыңыз оң.

Калктын 40 пайызы ооруйт
Статистика боюнча дүйнө жүзүндө аялдардын үчтөн бир бөлүгү жана эркектердин 10% варикоз оорусу менен жабыр тартышат. Бул оору жыл сайын жашарып барат. Көбүнчө варикоз менен жыйырма беш жана отуз жаштагы адамдар жабыркашат. Ал эми Кыргызстанда Саламаттыкты сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча 2010-жылы калктын 40 пайызы варикоз оорусуна чалдыккан. Булардын жарымынан көбүн аялдар түзгөн.

Варикоз деген эмне?
Варикоз - кан тамырларда кездешүүчү оорулардын бири. Ал кан тамырлардын кеңейиши же көөп кетиши дегенди түшүндүрөт. Варикоз көбүнчө буттарда кездешет. Анткени, төмөндөн жогоруну көздөй жүрөккө кан ташуучу венадагы клапандар кулпунун ролун аткарат. Кан клапандар аркылуу өткөн соң клапандар сымал жабылып, канды чыгарбай алып калат. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин кайсыл бир бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам кан тамырлар кеңейип кетет. Кеңейген жерлерди теринин сыртынан да байкасак болот.

Беттен бутка чейин
Варикоз гормондордун өзгөрүшүнөн улам жана аз кыймылдаган же тескерисинче абдан көп баскан адамдарда пайда болушу мүмкүн. Вена дене бөлүктөрүнүн бардыгында болгондуктан, варикоз оорусу дененин ар жерлеринде кездешет. Мисалы, бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, ички органдарда, бутта ал тургай жыныстык органдарда кездешет. Бирок, буттун варикозу башкаларга салыштырмалуу кеңири тараган.

Эмнеден пайда болот?
Аз кыймылдуулук же физикалык активдүүлүк төмөн болгондо, дайыма туруп же отуруп иштөөдө, бутка күч келгенде, семирип кетүүдө, оор жумуш аткарууда варикоз пайда болушу мүмкүн. Кээ бир учурларда тукум куучулук болушу ыктымал. Тубаса варикоз оорусу менен төрөлгөндөр да кездешет. Варикоз аллергиялык оорулардан жана ошондой эле жыныстык гормондордун өзгөрүүсүнөн улам пайда болушу мүмкүн. Жыныстык гормондордун өзгөрүүсүнө көбүнчө аялдар көп чалдыгышат. Мисалы, кош бойлуу кезинде салмак кошулат да, кан тамырларына күч келет. Адатта төрөттөн соң калыбына келет. Бирок, кайсы бир себептерден улам кээ бир аялдарда калыбына келбей, кан тамырлардын кеңейип, кеткени ошол бойдон калып калган учурлар да болот.

Тарамышың тартышса…
Алгач бутта көбүнчө тизеде узакка айыкпоочу жаралар пайда болот, варикоз башталганда буттун терисинин өзү өзгөрө баштайт. Кечкисин тизенин жана кызыл ашыктын тегереги шишийт. Жумуш кылгандан кийин же жөө баскандан кийин бут сөзсүз ооруп чыгат, талыйт, салмактанат, карышат. Буттун сезимталдыгы төмөндөп, сайгылашат жана ачышат, кан тамырлар лукулдатып оорутуп, түнкүсүн тарамыштар тартышып карышат. Кан тамырларда торду элестеткен түйүндөр пайда болот.
Эсиңизде болсун!
*Буттар чарчаганда деңиз тузу салынган ванна кабыл алуу зарыл.
*Варикоз менен жабыр тарткандар мончодо бууда көпкө отурууга жана жайкысын буттарын күнгө кактоого болбойт.
*Бутту муз менен сүртүп, массаждап эс алыдып туруу шарт.
*Оор жумуш кылууга, оор көтөрүүгө болбойт. Анткени, кан тамырларга күч келет.
*Ашыкча салмактагылар арыктоону пландоолору керек.
*Жылына жок дегенде бир ирет кан тамырлар боюнча дарыгердин текшерүүсүнөн өтүп туруу талапка ылайык.




Сергей Летуновский, №2 үй-бүлөлүк поликлиникасынын флеболог-дарыгери:
"Варикоз башталганда эле дарыгерге кайрылган оң"
- Варикозду дарылоонун кандай жолдору бар?
- Варикозду дарылоонун жолдору ар түрдүү. Анын канчалык деңгээлде жана кайсыл жерде пайда болгондугун көргөн соң дарыланат. Мисалы, буттагы варикозду консервативдүү же хирургиялык жол менен дарылоого болот. Бизге кайрылган кыз-келиндерге көбүнчө консервативдүү жолду сунуштайбыз. Дары-дармектер менен айыктырууга аракет кылабыз. Буга жараша күнүмдүк кийип жүргөн кийимибиз дагы чоң роль ойнойт. Ошого жараша атайын багытта чыгарылган трикотаж колготки, байпакты кийүү, ошондой эле дарылык багыттагы дене көнүгүүлөрү менен машыгуу болуп эсептелинет. Кандай көнүгүүлөрдү аткарыш керек экендигин биз сүрөткө тартып атайын бейтаптарга таратканга аракет кылабыз. Биз жазып берген дарыларды кабыл алуу менен катар аталган кийимдерди туура кийип жүрсө, көнүгүүлөрдү өз убагында аткарып турса кеңейип кеткен веналар төрөттөн кийин калыбына келет же алардын саны бир топ азаят.
- Хирургиялык дарылоо кандай учурда колдонулат?
- Медицинада ал флебоэктомия деп аталат. Тактап айтканда наркоз же ооруну сездирбөөчү дары-дармектер менен операция жасоонун ыкмасы. Ал эми склеротеропияда болсо варикоз менен жабыр тартканда вена иштен чыгып, кан соо тамырлар аркылуу ага баштайт. Мындай учурда иштен чыккан веналар атайын аппараттын жардамы менен алынып салынат. Аптасына бир жолу жасалат. Мындай ыкма менен ооруга чалдыккан веналардын дарттан толук арылуу убактысы оорунун формасына жараша болот.
- Варикоз өтүшүп кеткенде кандай болот?
- Варикоздун амалдуу жери, ал калыптанып баштаганда анча оорутпайт. Бирок, акырындык менен өрчүп кетүү коркунучу бар. Варикоз көбүнчө ысыкка чыкканда же күнгө кактанганда, мончого барганда, ашыкча салмак болгондо топтолуп уюп калган кандар (тромб) үзүлөт. Алар кан менен кошулуп мээге жетсе инсультка же жүрөккө жетсе инфаркка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан варикоздун башталыш ында эле врачка кайрылып, дарылануу кажет.
- Алдын алуу жолдору кандай?
- Албетте, сергек жашоо образын жүргүзүү керек. Чуркап, сууда сүзүп, жөө сейилдөөнү адатка айландырып алуу шарт. Балтыр эттин булчуңдарын иштетүү үчүн гимнастикалык көнүгүү менен машыгып туруу зарыл. Эс алуу учурунда бутту 10-15 мүнөттөн өйдө көтөрүп жатуу да пайдалуу. Бул үчүн буттун алдына жаздыкча койсо жакшы болот. Спирт ичимдиктеринен, ачуу тамактардан оолак болуш керек. Ал эми ашыкча салмактуулар диета кармашы шарт.


даярдаган Нургүл ИБРАЕВА