кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



Түтүн искебесек экен!
"Коркконго кош көрүнөт"-дечү беле? Ошондой болсо, азыр биздин көзүбүзгө көп нерсе кош көрүнө баштады. Акыркы күндөрү өлкө коопсуздугу боюнча спикерибиз баш болуп, "Кыргызстанды Кудай эле сактап турат, мындай көрсөткүчтөгү мамлекет жоюлуп кетет"-деп, ала-була чындыкты моюнга алып жака кармап отуруп калдык. Күтүнүп. Кайсы тешигибизден түтүн кирет деп. Түтүн Казакстан тараптан жыттанды. 12-ноябрь, ишемби күнү Талас облусу менен чектешкен Казакстандын Тараз шаарында жардыруу жана адам өмүрүн алган террордук чабуулдар катталды. Казакстандын Башкы прокуратурасы тараткан маалыматта, Максат Кариев аттуу Казакстандын жараны Таразда жети адамдын, анын ичинде тартип коргоо органдарынын беш кызматкеринин өмүрүн алган кылмыштарды жасаганы белгиленет. Бул адам ислам халифатын куруу идеясын жактаган жихадизм агымынын мүчөсү болгондугу айтылды. Айрым талдоочулар Казакстанда террорчул топтор менен Кыргызстандагы топтордун идеологиялык, ал тургай түздөн-түз байланыштары болушу мүмкүн экендигин белгилеп жатып калышты.
Балким буга себеп, жакында эле диний экстремизмге "чабуул жасаган" казакбашы Нурсултан Назарбаевдин жарлыгы болуп жүрбөсүн. Кудай сактасын, коопсуздугубуз жылаңач сөз менен корголуп турган чакта башка тешиктен түтүн искебесек болгону...

"Кереге-ПРЕСС"




  Жакында...

Кандуу
жол
2
"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынган Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган.
Жакында "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн "Кандуу жол 2" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Кандуу жол 2" китебинде 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар туурасында ошол окуялардын дээрлигине катышкан инсандын айтып берүүсү чагылдырылат. Андыктан "Кереге kg" гезитинин келерки сандарын күтүңүз. Сиз жана биз билбеген бир топ окуялардын учугу табылат.













??.??