Киттердин кирешелери

Атактуулар акча булагын кайдан табышат?
"Кыргызстан жарды өлкө болгону менен эли бай" деген сөз бар. Аныгында, эли эмес, "эл багам" деген элбагар-аткаминерлери бай экени ырас. Карап көрөлү, бизде кайсыл депутат, же кайсы чиновник кедей? Кимиси жумушка коомдук транспорт менен барат? Бул түшкө кирбеген көрүнүш. Анткени, биздин чиновниктер акча түшүп турчу булактардын бардыгын басып алышкан. Анан кантип байышпасын? Эмесе, эл ичинде күбүр-шыбыр болуп жүргөн кептердин чындыкка дал келер өңүтүн иликтеп көрдүк. Балким, төмөндө аты аталган байларыбыз чычалап чыгышса же андай эмес, мындай дей турган болушса биз экинчи жактын да өз чындыгын чагылдырууга макулбуз.


Кытайды чапкан Үсөн аке
Кадимки эле "ОБОН" армиясынын "Баш командачысы", айтылуу Үсөн аке түз эле Кытайды чааптыр. Дегеним, Үсөн аке кылымды бузган Кытай жергесинде кадыр барктуу килтейген үч ресторанга ээлик кылат. Ал жактан агылып келген пулдарына "ОБОНун" каржылап, саясат айдыңында бир топ эле "погода" кармайт. Ал эми Кыргызстандагы байлыктарын санап бүтө албайсың. Адегенде эле "Кыргыз Даназык" Акционердик коомун айтсак болот. Анан жерлерин санап бүтүүнүн өзү тозок. Бишкектин Маевка айылында, Базар-Коргон, Ноокен аймактарында оголе зор аянттуу жерлерге ээлик кылат. Ал жерлеринин сугат маалында өзү резина өтүктү кийип алып азыр да барат. Түштүктө бир топ чакан пахта заводдору да бар. Баласы Бакыт Сыдыков экөөнө тиешелүү Ысык-Көлдөгү пансионаттарын айтпай ак койолу. Пулу канчалык көп экенин ушундан билиңиз, баласы Бакытты кимдир бирөөлөр тоношкондо чөнтөк чыгымы үчүн деп гана салып жүргөн 1600 евро, 500 доллар, анан бир нече миң сомун алдырганын жарыя кылганы бар. Билсеңер бул акча баласынын бир күндүк гана чыгымы экен. Мынчалык акчаны карапайым адам туура жарым жыл башы менен жер казып иштегенде гана араң табары бышык. Демек, Үсөн акенин Кытайды чапканы чын бекен?


Каптагаевдин капчыгы "катта" калың
Президенттик администрациянын ана башчысы Эмилбек Каптагаев мырзанын капчыгы 7-апрель окуясынан соң болуп көрбөгөндөй калыңдаганы тууралуу күбүр-шыбыр кептердин бороону улуп турган кез. Ага чейин эле Эмилбек Саламатовичтин Араб өлкөлөрүндө өлтүрбөй турган бизнеси болгондугун да айткандар бар. Ал бизнесин Каптагаев Акаев доорунда дин агенттигин жетектеп жүргөн маалда эле түптөп коюптур. Азыр ал жактагы бизнесин баласы башкарат. Анткени баласы ал жактагы биздин консулдукта да иштеп келбедиби. Демек араб өлкөлөрүндө бизнес жүргүзүүнү жакшы билет. Ал эми революциядан соңку байлык топтоосу тири укмуш дешет. Кадимки Жаныш Бакиев ээлик кылчу же "крышовать" эткен майлуу тармактын баары бүтүн бойдон Каптагаевдин капчыгына агылып турат экен. Бир эле мисалы, "Туңгуч" кичи районунун Түндүк батыш тарабындагы кеңирсип жаткан кең жерди бир кезде Жаныш Бакиев эч кимден сурабай-этпей эле менчиктеп алыптыр. 7-апрелден соң Жакендин байлыгына кошула бул жер да Каптагаевдин чөнтөгүнө агылган экен. Азыр Эмикең ал жердин дээрлигин пулдап бүтүп калыптыр. Дагы бир революция болуп кетсе айрылып калам деп корксо керек да.


Жаңы ажонун кочуштаган акчалары
Шайлоо компаниясы жүрүп жатканда Алмазбек Атамбаев гезиттерге өзүн кең-кесири ачып маек берип турбадыбы. Ошол маектеринин биринде "Мен акчаны кочуштап таптым" дегени бар. Туура Атамбаев тээ илгертен эле бизнестин битин сыгууну өздөштүргөн. Азыр да бир топ бизнестери бар. Бирок, өкүнүчтүүсү мындай үлкөндөр биздин чакан өлкөдө бизнес жасашпайт экен. Демек, бөтөн өлкөдө бизнес жасоо, бул ошол өлкөнүн бюджетине салык төгүү, ошол өлкөнүн жарандарын иш менен камсыздоо дегендик да. Атамбаев да бул илдеттен куру эмес. Анткени Алмазбек мырзанын дээрлик бизнеси Түркияда экенин баары эле билет. Ал жакта бизнесин баласы көзөмөлдөөрү да белгилүү. Атургай бир кезде, Бакиев бийлигинин камчы чабарлары "Атамбаевдин Түркияда да аялы бар экен" деп дуулдатышканы бар эмеспи. Неси болсо да Атамбаевдин капчыгына түрк кардештеринен "лиралар" тынымсыз агылып турат. Ал жакта Атамбаевдин соода түйүнүнөн тарта, ресторан, жети жылдыздуу мейманкана, деңиз жээгинде пансионат, азык-түлүк чыгаруучу ишканалары кыйла эле арбын. Ошол себептүү Алмаз мырза түрк бийлиги менен абдан эле ысык мамиледе. Эмесе Атамбаевдин доорунда түрктөргө биздин эшик кенен ачылып, кызылдай түрктөшүү саясаты жүрөрүн күтө берсеңиз болот.


Урманаевдин уучу али кур эмес
Губернатор, министр, депутат, деги койчу баспаган жолу, иштебеген кызматы калбаган Султан Урманаев деген аксакал бар. Бул кишини да бакты-таалайдын аргымагы алтын такасы менен как маңдайга тепкен. Кезинде Кыргызстан жаңы эгемендикке ээ болуп коңшу өлкөлөр менен алака кыла баштаганда бул киши Кытайдан агылган товарларды ташуучу "КамАЗ" автоунааларынын дээрлигине ээлик кылчу. Азыр да Балыкчыдагы "Кыргыз Транс Сервис" акционердик коомуна ээлик кылат. Тагыраагы директорлор кеңешинин төрагасы болсо керек. Бирок, ал жүк ташуу бизнесине көптөгөн адамдар аралашып кеткендиктен, азыр айрым гана бөлүктөрүнө ээ. Мындан тышкары Кыргызстан аркылуу Тажикстанга курулуш материалдарын жана азык-түлүк товарларын ташууну дээрлик өз колуна мыкчып турат. Баса, Бишкек ТЭЦине Кара-Кеченин көмүрүн ташууну да көзөмөлдөйт. Мунун баарына бир кездери Өзгөчө кырдаал министри болуп турганда жеткен деген кептер бар. Албетте, көлдүк болгон соң пансионаттардан да куру эмес.

Даярдаган Кубаныч ЗАЙНИДИНОВ