Эл сурак!

Эсепсиз суроо элде бар
Урматтуу калайык-калк! Көйгөйгө көмүлгөн замана улам татаалдашпаса, оңолгон жери жок. Анткени бийликке ким келсе да элди экинчи орунга калтырып, өз арбайын гана согууда. Элди чындап аралап, карапайым адамдардын арманын уккан эч ким жок. Арыз-арманын айтууга баргандар бийлик лөктөрүнүн босогосун аттай албай, тосотторунан өтө албай бозоргондору жашыруун эмес. Андыктан элдин арыз-арманын гезит аркылуу болсо да дарегине жеткирүүгө белсендик. Кимдир бирөөгө арыз-арманыңыз, сурооңуз же нааразылыгыңыз болсо "Эл сурак" рубрикасына кайрылыңыз.
Байланыш номуру 0773 34 07 62. Ал эми собол жолдонгон тарап эл тарабынан берилген суроолорго чычалабай чындык жообун берип коюуга чакырабыз.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиевге
Эрди намыс… дечү эле!
Мени жана досторумду акыркы убакта ырчы Кундуз Канатбек кызынын айланасындагы кеп-сөздөр аябай кызыктырып келет. Калп дейин десек, "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" деп талашат бир курбум. Чын дейин десек Кундузду ыймандуу кыз деп эсептейбиз, ишенгибиз келбейт. Ошентсе да, "Бета" компаниясынын 30% кожоюндугун ээлеген уулуңуз Султанга бул сулуу бийкечти ким бирөөлөр тартуу кылган деп айтып жатышат. Негизинен, аттуу-баштуу, акчалуу адамдардын балдары көйрөң чыкчу эле. Бул кеп-сөздөр сиздин аброюңузга бир топ шек келтирди. Буга кандай чара көрөсүз? Мунун чын-төгүнүн далилдеп, доомат койгондор болсо жазасын бересизби? Чын же калп экени далилденген соң, жыйынтыгын "Кереге" гезити аркылуу бизге да маалымдап кое аласыздарбы?
Мадина Каратаева, Бишкек шаары




БорШайКомдун жетекчиси Туйгунаалы Абдраимовго
Биздин укук не болот?
Урматтуу Туйгунаалы Дүйшеналиевич, мен бир жыл бою президенттик шайлоого дегдеп жүргөм. Мурдакы эки президенттей болбой, эл үчүн кызмат кылчу адамды тандоого мен да салым кошом, эл өзүбүз тандайбыз деген ишеним менен 30-октябрды күтүп жүрдүм. Бирок, шайлоо күнү мен өзүмдү тизмеден таппай калдым. Буга чейинки шайлоолордо добуш берип эле жүргөн учаскемден. Бозоруп кайткан жалгыз мен эмесмин. Кошуналарым да 3-4 саат бою кезек күтүп, акыры жаш балалуу болгондуктан добуш бералбай кайтып келишти. Шайлоочулардын тизмесин баш аламан түзүп, баш-аягы көрүнбөгөн кезекке чубалтып шарт түзө албаганыңардан улам добуш бералбай, конституциялык укугун пайдалана албай калгандар эсеп жеткис. Эми биз ушул тейде кала беребизби? Же добуш бере албай калгандарга дагы бир ирет кошумча мүмкүнчүлүк бересиңерби? Болбосо, биз азыркы шайлоонун жыйынтыгына ынанбайбыз.

Жылдыз Мамырова, Бишкек шаары




Саламаттыкты сактоо министри Сабыр Жумабековго
Акча жокко, бала жок…
Деги заманабыз кайда баратат… Карапайым калктын жашоосу улам кыйындап жатат. Кымбатчылыкты карапайым биз эле жон терибиз менен сезбесек, жетекчилер, акчалуу чиновниктер байкагандай деле болбоду. Азыр акчаң болбосо "эч кимсиң". Жадагалса ооругандан коркосуң. Анткени, дарылануу үчүн "баланча сом" талап кылынат. Ал "баланча сому" жокторду дарыгерлер чөнтөгүнөн дарылабайт. Ал эле эмес учурда акчасы жоктор эркинирээк тукум улагандан ойлонуп жатабыз. Анткени, төрөт үйүндө да баа асмандап баратат. Мен өзүм Каракол шаарында турам. Биздеги төрөт үйүндө өзү төрөгөндөр 7000 сомдун тегерегинде, ал эми "кесарева" менен төрөгөндөр 9000 сомдун тегерегинде акча төлөшөт экен. Андыктан, биз сыяктуу карапайымдар бала күтүүгө да ойлонуп калдык. Анткени, анча акча сиздерге аз эле акча көрүнгөнү менен бизге оңой акча эмес, урматтуу Сабырбек мырза. Менин билишимче мыйзам боюнча төрөткө баштан аяк акысыз кызмат көрсөтүлүшү керек эле. Бул мыйзам акырындап жокко чыгып жатат. Анда, биз колунда жоктор эмне кылалы? Же эскиче бакан карматып үйдөн төрөмөйгө өтөбүзбү?..
Каниет Кадыров, 0771 34 36 ХХ




Президенттикке ат салышкан Нариман Түлеевге
Эл силерге оюнчукпу?
Президенттикке аттанып, айыл-аймактарды түрө кыдырып, мамлекетти сиз гана гүлдөтүп кетериңизди тоту куштай кайталап жатып элдин ишенимине кирдиңиз эле, урматтуу Нариман Ташболотович. Таластын эли сизди жакшы үмүт, чоң ишеним менен күтүп алганбыз. Өнөктөшүңүз Марат Султанов экөөңөр тоодой убадаларды берип, жыргаган, бейпил жашоого жеткирериңерди жарыша кайталагансыздар. Мэр болуп турганда жыйнаган кадырыңыздан улам көпчүлүк эл сизге добуш берүүгө камынып жаткан. Анан шайлоо астында Атамбаев менен "жең ичинен соодалашып" шайлоого катышпай чыга бердиңер. Андай элди эмес, өз кызыкчылыгыңарды жогору койсоңор, силерге кызмат гана керек болсо, элдин башын айлантпай мурда эле Атамбаев менен сүйлөшүп албайт белеңер? Эмне максат менен ошончо элди жумуштан калтырып чогултуп, калп эле убада жаадырдыңар? Эл силерге оюнчукпу?
Мирлан Кыдыралиев, Талас облусу




Вице-премьер-министр Ибрагим Жунусовго
Кандай чара көрдүңүз?
Урматтуу Ибрагим Кожоназарович, эсиңизде болсо мындан жарым жыл мурда, тагыраак айтканда 27-апрелде Кыргыз Улуттук университетке келип мугалимдер жана студенттер менен жолугушуп кайткансыз. Жолугушуунун аягында студенттер менен өзүнчө калып армандарыбызды уккансыз. Биз окуу жайдагы кемчиликтер, коррупция тууралуу далилдер менен өзүңүзгө билдиргенбиз. Сиз тийиштүү чараларды көрүүгө убада бергенсиз… Бирок, университеттеги абал баягы эле бойдон, коррупция жоюлмак тургай күчөп жатат. Ибрагим мырза, сиз убадаңызды унуттуңузбу же коррупция менен күрөшүүгө жалгыздык кылдыңызбы? Неге убада кылгандай чара көрбөдүңүз? Же эми көрөсүзбү…
Адилет, КУУнун студенти

Даярдаган Анара Дыйканова