Кылым карытар кызыктар

Эдгар Алан По - табышмактуу жазуучу
1841-жылдын жай айында жарык көргөн гезиттеги макалалардын ичинен башкы жаңылык катары Нью-Йорк шаарында соода кылган аялдын өлүмү эсептелген. Ал кездеги гезитти окуп чыккан ар бир окурман жакасын кармап, жараткандан бөөдө ажалды башына салбасын тилеген. Арадан бир жыл өткөн соң Эдгар Алан По аттуу жаш жазуучу, бир жыл мурун болгон кылмыш ишине окшоштугу бар чыгарманы жарыкка чыгарат. Ал чыгарма менен таанышкандар, чыгармадагы башкы каармандын чыныгы прототиби Эдгар По өзү болгон деген ойго такалышкан.

Гудзон
дарыясынын жээгинен
табылган дене
Окуя болгон жылдын жай мезгилинин ысык күндөрүнүн биринде Нью-Джерсидеги Гудзон дарыясынын жанынан жыйырма бир жаштагы Мэри Сесилия Роджерс аттуу жаш кыздын денеси табылат. Аны Либерти-Стритте жайгашкан эс алуучу жайга келген журналисттер, актерлер жана жазуучулардын баары таанычу. Ошондон улам журналисттердин баары кыздын өлүмүнүн себептерин иликтөөгө киришип, окуяны байма-бай чагылдырууга өткөн. Иликтөө иштери да тынымсыз жарыяланып, коомчулуктун назарында тургандыктан тергөөчүлөр ыкчам иштешип, кылмышка шектүү катары Мэрини жумушка алган Андерсон аттуу адамды суракка алган. Тергөө учурунда Андерсонго тиешелүү эч кандай илинчек табылбагандыктан сурактан бошотулат. Изилдөө иштери кайрадан улантылып, кылмышка шектүү адам катары Мэринин күйөөсү Девид Пейн суралат. Мэри Роджерстин энесинин үйүндө жашаган Пейн акыркы ирет жубайын үч күн мурдараак, тагыраагы Мэри жоголгон күндүн таңында көргөнүн кабарлайт. Кылмышты иликтөө иштери дагы улантылып, натыйжа иретинде дарыянын жанынан кол чатыр жана "М.Р." баш тамгалары жазылган жүз аарчы алгачкы далил зат катары алынат. Ошондой эле айланадагы чөптөр тебеленип, кудум ал жерде кармаш болгондой таасир калтырган болот. Окуядан бир аз убакыт өткөндөн кийин Девид Пейн, Мэри каза болгон жерге келип, уу жуткан. Аны тинтүүгө алганда өлүм алдында жазган каты табылат. Анда: "Окуя ушул жерде болгон, жараткан өзү кечирсин" деген сөздөр жазылган болот. Бирок, полиция кызматкерлери Пейндин каты менен өлүмү кылмыш ишинин бетин ачпагандыгын кабарлайт. Алар Пейнде Мэри өлгөн күнү жетишерлик далилдери табылганын, анын адам өлтүрүүгө эч кандай тиешеси болбогондугун айтышып, кылмыш ишин иликтөөнү дагы тереңдеткен.

Кылмышка
айкалышкан чыгарма
Кылмыш тууралуу газета хроникаларын тынымсыз окуп турган окурмандардын арасында 32 жаштагы Эдгар Алан По аттуу жазуучу да болгон. Алты кыскача аңгемелер топтому менен ыр жыйнактары Эдгарга аз болсо да популярдуулук алып келгени менен байлык тартуулай алган эмес. Филадельфиядагы журналдарда иштеп, жылына сегиз жүз доллар тапкан жаш жазуучу үчүн бир жылдык кирешеси жашоосуна жетчү эмес. Ага туберкулез илдети менен ооруган жубайын дарылоо үчүн эле бир топ акча керектелчү. Ири суммадагы киреше табуу үчүн ал "Морг көчөсүндөгү өлтүрүү" аттуу детектив чыгармасынын мазмунун ойлонуп, аны жазуу үчүн материал топтой баштайт. Ушул жерден жазуучуга Мэринин өлүмү олжо болот. Анын чыгармасындагы инспектор Дюпен Мэри Роджерстин өлүмүн изилдөөгө киришет. Детективде Мэри, Мари Рожеге, Нью-Йорк Парижге, Гудзон Сенага айланат. Жазуучу өз эмгеги туураалуу досуна жазган катында: "Детективдеги Дюпендин кылмышты иликтегенин чагылдыруу үчүн мен Нью-Йорктогу чыныгы трагедияны кылдаттык менен изилдөөдөмүн, бир дагы майда нерсени көңүл сыртында калтырган жокмун, журналисттердин да пикирлерин талдап жатам. Мен бул кылмыштын бетин ачууга бир да адам менчелик жакын келбегендигин ачып берем. Гезит кызматкерлери окуяны ачууда туура эмес жол менен баратат. Менин оюмча мен кыздын өлүмүнүн версиясында катачылыктарды гана таппастан, чыныгы кылмышкерди таап койдум" - деген сөзү жазылган. Понун "Мари Роженин сыры" аталыштагы чыгармасы 1842-жылдын ноябрь айынан 1843-жылдын февраль мезгилине чейин аялдар журналынын үч номеринде жарык көрөт. Чыгармада инспектор Дюпен (Эдгар По) Мари Рожени өлтүргөн адам деңиз офицери экендигин аныктайт. Ал аны буга чейин да Мари Роже (Мэри Роже) менен бир топ жума бою жоголуп кетип, кайра аны алып келип жүргөнүн айтат. Бирок, анын ысымын айткан эмес. По дагы ушундай бүтүм менен чыгармасын жыйынтыктаган.

Каарманына
окшош автор
"Мэри Роженин сыры" чыгармасы жарыялангандан кийин По кылмышты чагылдырып бергенден да, анын кандай болгонун мыкты билген деген пикирлер жаралат. Анын кыздын өлүмүнө тиешеси жокпу? - деген суроо туулган. По ар дайым Нью-Йоркко жумуштап келгендиктен Андерсондун ишканасына барып ал жактан Мэри менен таанышып, ойнош болушу толук мүмкүн эле. Бирок, анын адам өлтүрүүгө барары күмөн болчу. Ал бул мезгилде аракечтикти балким баңгичиликти да жеңүү үчүн ийгиликсиз аракеттерди жасаган. Анын бул илдетке кабылгандагы абалы, кыйналган мүнөттөрү буга чейин жарык көргөн чыгармаларында да өзүнүн баш каармандарында сүрөттөлгөн болот.
Кылмшыкерлердин адам өлтүрүү фактыларын иликтеп чыгышкан психологдордун баары, мыкаачы адамдардын ар бири дайыма кылмыштан соң илинчектерди калтырарын, анткенинин себеби, колго түшүп, жаза тартуу жоопкерчилигин сезүүнү биринчи орунга коёрун далилдешкен. Балким По да так ушундай жолго баргандыр. Анын бет түзүлүшү да китепте сүрөттөлгөн кылмышкердин жүзүнө окшош болгон.
Понун кылмышка тиешелүү экендигин изилдешкен тергөөчүлөр да жазуучу чыгармасын чыныгы кылмышка айкалыштырып гана жазган деген бүтүмүн чыгарышкан. Детективдеги адам өлтүргүч, көмүскө аборт жасаган дарыгер экендиги аныкталган. Дал ушул кишиге 1838-жылы деңиз офицери Мэрини алпарып, аборт жасаткан. 1841-жылдын жай мезгилинде Мэри Роже экинчи ирет аборт жасатуудан улам каза тапкандыгы аныкталган. Арадан эки жыл өткөндөн кийин По чыгарманы китеп кылып басып чыгаруу алдында аңгемеге он бешке жакын өзгөртүүлөрдү киргизип, анын өлүмүн абортко байланыштырууга аракет жасаган. Кийинчерээк По досуна жазган катында: "Мэри Рожеде бир да нерсени калтырган жокмун, деңиз офицери жасаган иштерин моюнга алды. Эми бул окуя баарына түшүнүктүү болду окшойт. Бирок, жакын адамдар үчүн мен бул темага байланбашым керек болчу" деп айтылган.
Алмаз
Калназаров




  Тагдырдын таштак жолунда

Алиманын көздөрүн сактай алабызбы?
Тирүүлүктө адамзат, анын ичинде айрыкча кыргыздар бири-бирине жөлөк болуп, боорукерчиликке, тууганчылдыкка ыктап жашайт эмеспи. Ага жараша таруудай чачылган тагдырлар оголе арбын. Анын бир тамчысы болгон кичинекей Алима чүрпөбүз да мээримге муктаж. Кыргыздын тукуму үчүн "көл болуп, сел болуп" кетсек ээ...

Абдухалилова Алима азыр бир жарым жашта. Төрөлгөндөн тартып эки көзү тең көрбөйт. Көзү көрбөсө дагы Алиманын аракети күчтүү, үн чыккан жерге жөргөлөп барып байкелери менен ойногонго аракет кылат. Көзүнүн көрбөгөнүнө байланыштуу өз алдынча баскандан да коркот. Жакында эле Алиманы ата-энеси Алма-Атадан толук текшерүүдөн өткөрүп келишкен. Ага экинчи категориядагы "бельмо роговицы" деген диагноз коюлган. Дарыгерлердин айтымында Алимага мартка чейин опперация жасаш керек экен. Ага 8 миң доллар каражат талап кылынат. Мындай опперацияны мартка чейин жасабаса, андан кийин кеч болуп көзү көрбөй калышы мүмкүндүгү эскертилген. Операция үчүн мындай суммадагы акча жумшаларын уккан ата-эне элден жардам сураганга аргасыз болушууда.
Бул маалыматты уккан соң, биз Алиманын ата-энеси менен байланыштык. Апасы Гүлжан төмөндөгүлөрдү айтып берди.
-Биз өзүбүз Баткенден болобуз. Он эки жылдан бери Бишкекте жашайбыз. Жолдошум, Кудрат кесиби боюнча куруучу. Мен болсо буга чейин тигүүчү цехтерде иштечүмүн. Бирок акыркы убактарда балдар менен үйдө олтурам. Кудайым бизге эки уул биз кызды буюруптур. Улуу балам мектепке, кичүүсү балабакчага барат. Кичүү кызым Алима бир жарым жашта. Мен эртеден кечке балдар менен алпурушуп үйдө отурам. Кызымдын көзү сокур болуп төрөлгөнү мени абдан таң калтырат. Улуу балдарым ден соолуктары чың болуп төрөлүшкөн. Генетикалык оору дейин десем, туугандарыбыздын эч кимиси мындай оору менен жабыр тартышкан эмес. Алимага төрөлгөндөн тартып көзү көрбөйт деген диагноз коюшту. Мындай болушу мүмкүн эмес эле. Төрөт үйүндө бала жаңы төрөлгөндөн кийин толук текшерүүдөн өткөрүшөт да, башында Алиманын ден соолугу чың деп айтышкан. Төрөт үйүнөн чыгып келгенден кийин кызым 15 күндөн соң көзүн ачты. Ошондо көзүнүн үстүн ак чел басып турганын көрдүм. Башында көп деле билинчү эмес. Андан кийин санаам чыдабай, төртүнчү төрөт үйүнө алып барып көрсөтсөм, дарыгерлердин баары "Төрөлгөндө жакшы эле болчу"-деп айтышты. Айлам кетип, педиатр, окулисттерге да көрсөттүм. Алар көз дарылоочу борборго жөнөтүштү. Ал жерден Усенко деген дарыгер бизди Алма-Атадан текшерүүдөн өтүп келүүгө жиберди. Барып келишибизге эле 500 доллар керек эле. Жолдошум, күнү-түнү жалданып иштеп, барып келишибизге акча тапкан соң, Алма-Атага жөнөдүк.
Алардын дарыгерлери абдан жакшы кабыл алышты. Документтерин өздөрү чогултушуп, бейтаптарга аяр мамиле жасашат экен. Алар кызыма "бельмо роговицы" деген диагноз коюшту. Опперацияда көзүнүн сыртындагы ак чел кабыгы алынып, ичине моргдогу адамдын карегин салышат экен. Дарыгерлер операция акысы эки көзүнө биригип 8 миң доллар болорун айтышты. Бизде моргдогу адамдын органын алууга уруксат берилбегендиктен мындай операцияны бир гана Алма-Ата шаарында жасоого болот экен, Мартка чейин жасатпасак кийин кеч болуп, көзү толук көрбөй калышы мүмкүн деп айтышууда. Мындай каражатты өзүбүз табууга алыбыз жетпейт. Ошондуктан, кыргыз элиме жардам сурап кайрылуудабыз. Эл ичинде жардам берген адамдар табылып, кызыбыздын опперациясын ийгиликтүү жасатып алсак экен деп тилек кылуудабыз. Кудраттын да дайыма иштөөчү жумушу жок, куруучу болуп жалданып иштейт. Анын тапкан акчасы балдарыбыздын тамак ашына, кийим кечесине, батирге, свет газга төлөгөнгө эптеп жетет. Учурда, батирге төлөгөнгө акчабыздын жоктугуна байланыштуу досторубуздун үйүндө жашап жатабыз. Алар өздөрү жашаган үйдөн бизге бир бөлмөсүн бошотуп беришти. Аларга да ыраазычылыгымды билдирем.
Алимага жардам берүүнү каалагандар, атасы Кудрат Ташматов менен 0772 80 99 62, 0552 80 99 62 телефондору аркылуу байланышсаңар болот.
Нургүл ИБРАЕВА