кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



  Күныргак

Кадыржан Батыров Швецияда!
Шайлоо жыйынтыгы менен Кыргызстан удаалаш майрамдар алдында калды. Бир караган кишиге майкөл, сүткөл заман келип, эйфория башталгандай таасир этер. Утулган талапкерлердин дээрлиги "Кыргызстандын тынчтыгы үчүн" Атамбаевге моюн сунду. Жалгыз оппозиционер Адахан Мадумаровдон башкасы. 9-ноябрга белгиленген шайлоого нааразычылык митинги максатына канчалык жетет, бу дагы кызык. Оппоненттин митинг планын катар-катар жарыяланган даталар жана кар аралаш урган борошон суук бир топ эле алсыратты бейм. Анүстүнө митингге чыккан элдин курсагын тойгузуп, жылуу-жумшак кармоо керек дегендей. Митингдин да митингдей азабы бар да. Ал ал болду, башкы кызык быякта... Былтыркы июнь окуяларында сепаратисттик ураандары менен элди кайраштырган деп айыпталып, издөө жарыяланган экс-депутат Кадыржан Батыровдун "саясий баш паанек" жомогу болуп атат. Ал азыр "жылт-жулт" этип, буга чейин Украинада убактылуу баш калкалап жүргөнүн, Кыргызстандагы сот чечиминен соң Швеция тез арада башпаанек берүүгө макул болгонун саймедиреп отурат. Эскерте кетсек, жакында эле Жалал-Абад шаардык соту Батыровду өмүр бою эркинен ажыраткан өкүм чыгарган. Кыргызстандын башкы прокуратурасы болсо Батыровдун саясий баш паанек алган-албагандыгын билбейт экен. Ушунакай, келемиштердин кел-кели кете элек...

"Кереге-ПРЕСС"




Жакында...
Кандуу
жол
2
"Кандуу жол" аттуу китепти Эдил Кожошизи деген атка жамынган Эмилбек Каптагаев жазып чыкканы маалым. Анда белгилүү коомдук ишмер Медет Садыркуловдун өлүмү боюнча айтылган.
Жакында "Кереге kg" гезити окурмандары үчүн "Кандуу жол 2" китебин сандан-санга жарыяламакчы. Аталган "Кандуу жол 2" китебинде 7-апрель окуясынын келип чыгышы, түштүк коогалаңы, тымызын жоголгон инсандар, парламенттик шайлоо, борбордогу теракт, Садыркуловдун өлүмүнүн ачылышы жана президенттик шайлоо өңдүү негизги окуялардын коомчулукка кулпуланган анык сырлары ачылып, саясаттагы саткындык менен соодалашуулар туурасында ошол окуялардын дээрлигине катышкан инсандын айтып берүүсү чагылдырылат. Андыктан "Кереге kg" гезитинин келерки сандарын күтүңүз. Сиз жана биз билбеген бир топ окуялардын учугу табылат.














??.??