Ынтымакташабы же ыркырашабы?
Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков президенттикке экс-талапкерлер жана Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жолугушуп, шайлоонун жыйынтыгын ийри отуруп түз кеңешип талкуулашат. Максат шайлоонун жыйынтыгын таануу, өлкөнү дестабилдештирүүгө шыктанган күчтөрдү ооздуктап бардык талаш-тартышты мыйзам жолу жана сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечүү болуп саналат. Андан тышкары мыйзам бузулган шайлоо участкаларынын добуштарын кайра саноо же жокко чыгаруу маселеси да каралмакчы.


Бермет кыздын чайын эңсеп...
Бир айтабызбы, эки айтабызбы айтор, Темирбек Асанбеков маладес экен! Каратып туруп "катырганда" эски партиялаштарынын көзүнөн жаш тегеренип гана кетти го, чиркин. Шайлоодо төртүнчү орунга космостук ылдамдык менен чыкканын эмес, бирөөнүн аялын тартып алгандай башка адамдар маңдай тер төгүп түптөгөн партиясын алеки саатта менчиктештирип алганын айтабыз. Бишкекке келип алыстагы экс-ажо Акаевди жамандаса, тамагы кургап калып жатты эле, кайра кургаган тамагын Маскөөдөн ошол эле жамандаган кишиси майлап берип турганын "токто" десе да токтобогон Токтайым Үмөталиева бир нече ирет айткан. Бермет кызга барып анын чайын "табарсыгы жарылганча" ичкенин экс-досу Жамалбек бизге жалаяктай кылып жазып берди. Айтор каратып туруп катырат экен. Шайлоодо биринчи айлампада согуп чыгам деп мигранттар менен колунда бар четтеги мекендештерибиздин башына суусу жок чайнек кайнаткан экен, алар ишенип алып Орусиядан бери келип тамандары тешилгенче чуркашты. Алар үчүн болгону убактылуу гана ижарага офис алып берип, аты "кыргыз үйү", заты анын Маскөөдөгү шайлоо штабы кылып башпаана кылып койгону болбосо эч бир мигрантка жарыгы тийбегенин билдик. Кайран жигит каратып туруп кашайтат дегендердин да саны эсепсиз. Канткен менен саясатта аба-ырайын жасачу фигурага айланып барат. Анткени төртүнчү орун энеңдин оюну эмес.


"Артурдун акчасы" оппозицияга жетет!
Миң тогуз жүз токсон бешинчи жылдан берки алган айлыгын чогултуп, акыры ошо акчасына баасы жүз жыйырма миң долларлык ок өтпөс койондой окшош эки жол тандабас алып, анысы менен шайлоодо "бүтүн кыргызстанды" кыдырган кадимки чечен Адахан Мадумаровду мурдагы санаалашы "Мурда ал булбул болчу, азыр ал тоту куш" деп чалынбас жеринен чалып жатышат. Ал эми эч нерсе деле эмес деңизчи, бирок, Баткен жергесиндеги жолугушуусунда оозу бош бирөө "Шайлоого акчаны кайдан алдыңыз?"-деди эле Артур Медетбеков берип жатат маанисинде жооп узаткан. Артур мырзанын "акчасынын" күчү менен Адахан мырза Атамбаевге татыктуу атаандаш боло алды. Мунусу менен жаңы бийликтин шайын оодарчу оппозиционер болобу же Садыркулов санаасы менен саясий карьерасын тамамдап алабы, мезгил көрсөтөр. Азыркы бийликке "өтө жесткий" каш серпе аларын үгүт учурунда жакшы эле көргөзүп, рекламасы аркылуу оппозиционер болуп алды да...


Шайлиеванын кызыл китеби "кыйынбы"?
Бишкек шаарынын "Мессароша - Профсоюз" көчөлөрүнүн жергиликтүү жашоочулары 2009-жылдан бери жер-чатак маселеси боюнча алгач, Биринчи май, андан соң Ленин райондук сотуна кайрылышкан. Бирок, дагы да болсо жыйынтык чыкпай келет. "Биз "Мессароша-Профсоюз" көчөлөрүнүн жергиликтүү жашоочулары "Арис" компаниясынан уруксат алган соң, биригип акча чогултуп, өз алдынча балдар аянтчасын куруп жатканбыз. Бирок, 2009-жылдан баштап, ошол эле жерге жеке ишкерлер 2002-жылы Токон Шайлиева берген кызыл китепке таянуу менен "частный" үйлөрдү куруу иштерин башташкан. Жыйырма үй салынууга жете турган жерге азыр жеке үйлөр курулуп баштады. Буга биздин каршы болуп чыгып атканыбыздын себеби, биринчиден ал кызыл тилке (красная линия) жер деп аталат. Анткени, жердин алдынан суу каналдары өткөндүктөн, бул жерге үй курууга болбойт деген чечимди суу жана электр каналдарына тиешелүү органдар чыгарып беришкен. Бул документтердин баары далил катары биздин колубузда турат. Финполиция тарабынан изилдөө жүргүзүп, алардын документтерин жараксыз деп чыгарган"- деп билдиришүүдө жергиликтүү жашоочулар. Сот иштери улам жылып отуруп, бүгүн 2-ноябрда дагы болот. Ленин райсотунун судьясы С.И. Бранчаева сот иштерин улам кароого жиберүүдө. Негедир шыр, толук чечим чыгарышпайт. Ошондуктан бул иштердин баары коррупцияланышкан деген нааразычылыктар күч алууда. Деги биз элди эзген соттордон кутулган күн болобу?

Айсулуу Алымбек кызы, "Мен өлкөмдү бөлбөйм"
комитетинин лидери:
"Шайлоо жыйынтыгы
реалдуу"
Биз жаштар уюмдары биригип,18-сентябрда Жалал-Абад шаарында "Мен өлкөмдү бөлбөйм" деген аталыштагы форумду өткөргөнбүз. Ал форумдун негизги максаты, түндүк-түштүк деп бөлгөн саясатчыларды, элди улутка, динге, регионго карап бөлбөсүн дегенге багытталган. Биз элди бөлбөсүн деген бүтүм чыгарганбыз. Ал бүтүмдө БШКга, талапкерлерге кайрылуулар бар эле. Ал бүтүмдүн негизинде меморандум жазып чыктык. Меморандумду "Мен өлкөмдү бөлбөйм" деп атадык. Ал меморандумга А. Мадумаров, К.Ташиев, К.Байболов ж.б. кол коюп берген.
Кечээ күнү биз, демилгелүү жаштар Экзетпол өткөрдүк. 9150 дөн ашык кишиден сурамжылоо болду. Сурамжылоону 116 жаш балдар-кыздар жүргүзүштү. Ошол сурамжылоонун негизинде, жыйынтыктарды чыгардык. Мисалы, Атамбаевди колдогондор өтө эле көп болду. Ага суралгандардын 80%ы добуш бергенин ачыкташты. Бул сурамжылоо көз карандысыздыктын негизинде жүргүзүлдү. Башка талапкерлерди айтсак, Мадумаров Баткен областында көпчүлүктүн добушуна ээ болду. Ошто алдыңкы орунга Атамбаев чыгыптыр. Жыйынтыгында А. Атамбаев, А.Мадумаров, К. Ташиев эң көп добуш алды деп табылды.


  Эрлерди эл тааныбай

Жеңиштин жемишин тата албайбыз
Демократия
жана шайлоо...
Эң эле оңой мисал, бизде демократиянын скелети бар бирок, анда кан-тамыр жок, кан жүгүрбөйт. Бул болсо демократия деген курулай чакырык бар, бирок аны кандай ишке ашырыш керек тууралуу жолду таппаганыбыз деп түшүндүрсө болот. Демек, ал толук кандуу жан эмес, башкача айтканда жөн гана скелет. Ошентсе да, демократиянын караанын көрүүгө болот. Шайлоо башталганда баарыбыз сындадык эле "Койчусу деле, ашыкча бир машинасы же бир үйү бары деле чыгып жатат"-деп. А эгер бүтүндөй мамлекетти бир кезде талап-тоноп, мамлекеттин байлыгын итбекер бөлүшүп алып, анан ал акчаны кайра өзүн саясатта көрсөтүш үчүн жумшап, ал жетишпей жаткансып, чет жерлерге кыргыздын байлыгын долларга бартер кылып жүргөндөрдүн шайланууга укугу болуп анан, эч кимге зыяны жок дыйкан менен ишкер койсо аларга эмне үчүн болбосун! Тигилерге караганда алар мамлекетке зыян аз алып келишкен же зыяны деле жоктой. Дагы бир мисал, бизди өзүбүздөн башка коңшулар, алыс-жакындагы бир боорлорубуз сындады. Бирок, ошол эле сындаган орустардын арасында шайлоо деген түшүнүк кандай? Аларда бийлик агадан-иниге өтөт да. Россияда эч ким элестете албайт, премьер Путин менен Өзгөчө кырдаалдар министри, Ички иштер министри, же мурдагы шаардык прокурор, мурдагы генпрокурор, омбудсмен, спикер, министрлердин таймашып жатканын. Демек, алар суктанчу жолдобузбу? Жок. Жолубуз жакшы, жолдогу колдоочуларыбыз начар.
Кыргыздардын бир гана кемчилиги баарын жокко чыгарат. Жеңиштин жемишин тата албайбыз. Эрдикти жасаган эрлерди, эл тааныбайт. Ошон үчүн эл кургурдун дагы көкүрөгү көр болуп баратабы дейсиң?!
Элизат ТУРСУНОВА