Тойдун эртеси…

"Дүжүр" дүүлдөк
Дүйнө коомчулугу Ливиянын жолбашчысы Муаммар Каддафинин тагдырын кызуу талкууга алды. Эл аралык саясаттын алчы-таасын таамай калчап, сергек талдагандар "Ливия мыкты, патриот уулунан ажырады, өз элин полковник Каддафидей сүйө албаган ливиялыктар батыштын акчасына сатылышты" деп чыгышты. Калетсиз аныктама. Өлкөнү жолдон чыгарыш үчүн өлкө башчысын чүлүктөш керек. А чүлүккө моюн сунбагандар Каддафинин кейпин кийет.

Ливия сыяпатында Кыргызстан дагы небак эле батыш саясатына белчесинен батып алган. Атүгүл "Ганси" деген казыгын суурулгус кылып ныгыра кагып койгон. Жашырганда не, биздеги удаалаш өткөн ынкылаптарга да алардын түз таасири бар экенин саясатчыларыбыз өздөрү саймедиреп жүрүшөт. Качкан эки президентибиз деле бул боюнча пикирлерин үстүрт билдиришкен. Бирок, алардын чыркыраган көкүрөктөгү чындыгын угууга шарт бербедик. Ал экөөнү кубаладык, качырдык. Керек болсо, "качырылып жиберилгендердин" ажолук атын биротоло өчүрүп, тунгуч президент катары Роза Отунбаеваны таануу демилгеси шартталып келет.
Мына, "Ааламдагы биринчи таза шайлоону өткөрдүк" деп төш кагып жатып калдык. Ага батыштан баланча миң байкоочу келип катышканына кубандык. "Административдик ресурс колдонгон жокпуз" деп актанып атып, "айрылып" кете жаздашты. Бул шайлоо мурдакы шайлоолордон эмнеси менен айырмаланды? Бир гана айырмачылык - элдин активдүү катышып бергени болду. Калганы ба-аягы эле таз кейпин кийген шайлоо. Боло келген карапайым элдин нааразычылыгы күчүндө калды. Демек, "шайланып алган" жаңы ажобуз кепилдиксиз шайланды.
"20-октябрга чейин шайлоо участогуна барып, өзүңдү тизмеде бар-жогуңду тактап ал" деген жарыянын өзү нени каңкуулайт? Эмне үчүн туруктуу үй-дареги боюнча каттоодо турган катардагы жашоочу жаран (мурдакы шайлоо, референдумдарга катышып келаткан) өзүн тизмеден издөөсү керек? Эмне үчүн ага милдеттүү түрдө чакырык кагазы (извещение) барбайт? (Баса, чакырык кагазында шайлоо участогу саат 17.00гө чейин деп жазылганы менен 19.00гө дейре иштеди, бул дагы "ыкмага" киреби?) Ал жаран ошол каттоосу менен эле мамлекетке салык төлөйт, свет, газ, суу акыларын төлөйт. Андайда тизмеден "жоюлуп" калбайт. Шайлоочулар шайлоого барып алып, өздөрүнүн аты-жөнүн тизмеден таппай, паспортторун көтөрө чуркап ала-шала болуп атып бюллетень алгандарына өзүм күбө болдум. Бул көрүнүш массалык түрдө бардык шайлоо участокторунда кайталанды. Шайлоодо мындай мүчүлүштүктөр кете берерин, дүйнөнүн өнүккөн өлкөлөрүндө деле так ушундай шайлоо кемчиликтери болорун айтышып, далы таптагандар жарыша сооротмойго өтүштү. Эгер тизме калпыстыгына 5-10 шайлоочу кабылып калса, макул десек болот. А жүздөп-сандап кымгуут болгон абалга деле кол шилтеп "дүйнөлүк практикага" шылтай берүү керекпи?
Ыгы ысып турганда айталы, шылтоо - бул алдоо деген эле сөз. Өлкө тагдыры чечилип жаткандагы алдоо-өтө оор кылмышка барабар. Бир ачуу чындыкты моюнга алууга аргасызбыз. Бизде эч качан таза шайлоо өтпөйт! Себеби, биздин өлкө - коррупция алдындагы өлкө! Биздин өлкө - криминалдык күчкө баш ийген өлкө! Ал эми коррупция менен криминалга жык толгон коомдон сүттөй ак лидер чыгышы күмөн. Өтө күмөн. Мындай ыпылас коомду ашынган шылуун гана башкарат.
Президент - элдин гаранты катары мамлекеттин тагдырын колуна алган адам. Анын мээсинин иштешине жараша миллиондогон адам өмүрлөрү кыскарат же узарат. Президент - Кудайдын сыноосу менен жазасына ыктыярдуу моюн сунган пенде. Ажо элинин алкышынан өнөт, каргышынан өлөт. Демек ал ичкилик ичип "алкаш" атка консо, "тележылдыз" уулап суюлуп кетсе, кылмышкер менен табакташ болсо, "ЖОЖ, чоку, мөңгү, кенди" гектарлап жери менен казак, түрккө сатса, "антпе" дегенди атса - "саясий өлүккө" айланат.
Кызык. Кыргызстанда бир калың катмар бар. Кандай ажо болбосун аны "саясий өлүккө" алеки саатта айлантып турган. Ал катмар - президент шайлагыч катмар! Өңчөй кошоматчылардан куралган аркачаңкы шайлоолорго шайма-шай турган бул катмардын башы мамкызматчы чиндүүлөрдөн башталып, бизнесмендер, казиночулар, банкирлер, мэр, губернатор, аким болуп отуруп этеги айыл өкмөтү, мугалим, доктур менен бүтөт. Дал ушул катмар Акаев менен Бакиевди шайлаттырган жумушсуз элге. Ошол эле үгүт үчүн үзүлүп түшө чуркаган "дүжүр" катмар эми Атамбаевди шайлаттырышты. Албетте, адаттагыдай өздөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн. Кокус, Атамбаев эртең эл үмүтүн сындырып тетири "агып" кетсе, сөз кылып аткан "дүжүр" катмарыбыз кийинки шайлоону да ыкчам колго алып, жаңы ажо болчунун этегин күбүйт. Буларда моралдык укук деген түшүнүк жашабайт. Ал эми ажого теңата чыкчу улуттук интеллигенциябыздын дарманы нөл. Академик аксакалдарыбыз Бакай эмес. Эмки кеп, Улуттун күрөө тамырын карматып, келечегибизди кемерине кыстарып берген ханыбызда…
Азамат КЫЯЗОВ





  Соболтөр

Президенттик шайлоо кандай өттү?
Исхак Масалиев, коомдук ишмер:
- Шайлоо таптаза өттү дегенден алысмын. Албетте, ар кандай мүчүлүштүктөр, кемчиликтер толтура болду. Уюштуруу жагы абдан начар даярдалган. Жадагалса шайлоочулардын тизмесин түзүктөп так түзө алышпаптыр. Өзүн тизмеден таба албай бозала болуп кайткан жарандар көп болду. Бирок жыйынтык туура эле чыккансыды. Административдик ресурстар колдонулду, жыйынтык бурамаланды деп жатышат. Менин оюмча кандай болгон күндө деле жыйынтык көпчүлүк күткөндөй, болжогондой эле чыкты. Атамбаевдин эң көп добуш алганы реалдуу эле болуш керек деп ойлойм. Ал эми шайлоону уюштуруу жагы өтө начар. Керек болсо Акаев, Бакиев доорундагы шайлоолордон төмөн болду.


Мукар
Чолпонбаев,
экс-спикер:
- Бул шайлоодо административдик ресурстар катуу пайдаланылды. Шайлоо күнүнө чейин эле пайданыла баштаган. Бюджеттик мекемеде иштегендердин, ЖОЖдордо окуган студенттердин дареги, аты-жөнү, ОМСнин номеринен бери жазып алып добуш берүүгө алып барышты. Аларды кимге добуш берүү керектигине шайлоого чейин эле даярдап коюшкан. Мисалы 15-20 жыл ичинде эч ким Бишкек боюнча 45% добуш алган эмес. Ал эми 60% деген көрсөткүч таптакыр чындыкка коошпойт. Мындай бурмалоолор Бишкек шаары гана эмес, республика боюнча пайдаланылды. Ал эми уюштуруу жагы абдан баш аламан. Тизмеде үйүбүздөн менин гана атым бар, калган үчөөнүн аты жок. Буга чейинки шайлоолордо добуш берип эле жүргөн жарандар тизмеде жок болуп чыкты.


Нурболот
Кожобергенов, райкеңеш
депутаты:
- Шайлоо жыйынтыгы элди канааттандырган жок. Шайлоого чейин эле үгүт маалында "Атамбаев келет" дегенде жергиликтүү өкмөт, акимдер 60 чакырым алыста жашаган мугалимдерден бери райборборго жыйнап жатышты. Токтогул районундагы электр ишканасынын бүт техникасы Атамбаевдин штабына кызмат кылды. Ооруканадагы дарыгерлерден бери жаны сыздап ооруп жаткан оорулууларга "Атамбаевди шайла" деп, анан дарылагандарынан кабардар болдук. Ал эми шайлоочулардын тизмеси да көп нааразылык жаратты. Бир жаранды "Ташиевдин колдоочусу болгон үчүн" фамилиясынын бир тамгасы тизмеде туура эмес болуп калган деген шылтоо менен катыштырбоого аракет жасашты. Кыскасы жыйынтык эл күткөндөй болбоду.


Карыбек
Байбосунов,
философ:
- Шайлоо негизинен жакшы өттү. Мындан да мыкты өтмөк. Бирок, "бөрк ал десе баш алгандар" өтө ашырып жиберишти. Шайлоочулардын тизмеси баш аламан. Ушул күнгө чейин канча шайлоого катышып келген жеримен өз фамилиямды таппай калдым. Үй-бүлөбүздүн баары тизмеде бар, меники гана жок болуп калды. Буга чейин тизмеде бар экениме ишенчүмүн. Бирок, кандайдыр кызык себептер менен шайлоого аз калганда чыгарып салышыптыр. "20-октябрга чейин текшерүү керек эле"-деп кутулушту. Мына ошентип, мен конституциялык укугумду бул шайлоодо пайдалана албадым. Ал эми жыйынтыгы туура эле чыкты. Тизмени бурмалап, аракет кылышпаса деле Атамбаев өтмөк. 64% болбосо 54% алмак. Ашкере күйүккөндөр болбогондо, жыйынтык дагы да ынанымдуу болмок.


Кыяс
Молдокасымов, коомдук ишмер:
- Мурдакы шайлоолор көрсөткөндөй "келме кезек, терме тезек" деген принцип бул ирет да кайталанды. Административдик ресурстарды пайдалануу, добуштарды бурмалоо боюнча Акаев, Бакиев доорунан да ашып түштү. Кайра эле элдин каалаганындай эмес, бийликтин каалаганындай жыйынтык чыгарылды. Мындан улам дале таза шайлоо өткөрүүгө даяр эмес экенбиз деп жыйынтыктоого болот. Качан бийлик тазаланып, жаңы система орномоюн бул көйгөйдөн арылбайт окшойбуз. Ал эми шайлоону бурмалап, шылуундук менен бийликке келген адам элге ак кызмат кылары күмөн. Бул ирет да элдин таза шайлоо, таза жол менен президент тандоо үмүтү таш капты десек жаңылбайбыз.

Даярдаган Анара ДЫЙКАНОВА