Микрофон үйлөп...

Гүлнур Сатылганова, Кыргыз эл артисти:
"Элдин пейили оңолмоюнча, жашоо оңолбойт"
Айтылуу ырчы Гүлнур айым, маданияттын күнгөй-тескейинен кеп куруп, жан дүйнө жаңырыгын биз менен бөлүштү. Анда анын
көңүл парасатына назар салалы.

- Акыркы мезгилдерде философиялык маанайдагы ырларга басым кылып атасыз, бул жашоого болгон көз карашыңыздын өзгөргөнүбү же башка себеби да барбы?
- Акыркы убакта сүйүү темасына арналган ырлар көбөйүп кетпедиби. Мен ырдап чыккан философиялык ырларымдын тарбиялык маани-маңызы бар, терең ойлуу чыгарма деп ойлойм. Негизи эле чыгармачылык жан дүйнөңдү бир орунга койбойт экен да. Дайыма жаңыланууну издеп турат. Мен айтайын деген сөзүмдү, көкүрөгүмдөгү ой-толгоомду элге ыр аркылуу жеткирүүгө аракет кылам. Философиялык ыр болгондон кийин албетте ага жашоо темасы да камтылган. Акыркы ырларыма былтыркы болуп өткөн окуялар да таасирин тийгизди деп ойлойм. Мисалы, апрель окуясы, Ош, Жалал-Абад кайгысы биздин элге оор тийбедиби. Мындай окуялар жөндөн-жөн эле боло бербейт да. Элдин пейили оңолмоюнча, жашоо да оңолбойт. Андыктан, кандайдыр бир кыйынчылыктар, көйгөйлөр болгондо бирөөнү күнөөлөгөндү коюп, өзүбүздүн пейилибизди оңдогонубуз оң. Мына эми элдин пейилине жараша журт башчы келет. Биздин өлкөдө болуп жаткан окуяларга маданият жаатында эмгектенген адамдар да кайдыгер карабайт. Элдин жашоосу оңолуп, татыктуу, жетиштүү жашасак экен деп тилек кылабыз. Биздин мамлекетибиз өнүгүп өссө, маданият да ошончолук көтөрүлөт эле. Азыркы учурда маданият тармагында дагы бир топ көйгөйлүү маселелер бар.
- Маданият тармагындагы көйгөйлөрдү чечип, аны өнүктүрүү үчүн маданият министрлигине кандай адамдар келиш керек деп ойлойсуз?
- Эми, маданият министрлигине келген адамдарга иштегенге убакыт, мүмкүнчүлүк да бербей жатышпайбы. Министр болуп келери менен эле бийлик алмашып, ордуна башка адамдар келип атышат. Өткөн жылдары бул кызматка Садык-Шер Нияз келгенде сүйүндүм эле. Анткени ал маданият тармагына аралашып аны көйгөйлөрүн ичинен билген адам. Негизи, ким болсо дагы бардык жагынан билимдүү, бул чөйрөнү жакшы билген адам болуш керек деп ойлойм. Акыркы убакта маданият министрлиги уюштуруп жаткан эл аралык конкурстарыбыз жогорку деңгээлде өткөрүлбөй жатканы мени абдан өкүндүрөт. Мисалы, "Ысык-Көлдө кадыр түн-2011" фестивалын мыкты өткөрсөк болбойт беле! "Колдо бар алтындын баркы жок" дегендей, эң кооз жерибиз Ысык-Көлдө өткөргөн фестиваль өзүн актабагандай таасир калтырды. Же аларды өткөрүүгө жумшалган акча каражаттары ортодо коррупцияланышып кетип жатабы, айтор, конкурстун деңгээли көңүл жибитпейт. Мындай фестивалдарды өткөрүү менен биз туристтерди дагы өзүбүзгө тартат элек. Бул иштерди негизинен маданият тармагында иштегендер көзөмөлдөшү керек эле.
- Жакында эле фонограмманы тыюу боюнча мыйзамды көтөрүп чыгышты, буга сиздин көз карашыңыз кандай?
- Бир четинен бул маселенин көтөрүлүшү жакшы, анткени эстрада жаатында чыныгы таланттар суурулуп чыкмак. Бирок, мындай мыйзамды кабыл алган соң, ага жараша ырчыларга шарт түзүп бериш керек эле да. Биздин концерт берүүчү жерлерибизде аппаратурабыз начар, жада калса микрофондорубуз эң жөнөкөй талаптарга жооп бербейт. Жандуу үн менен ырдоо үчүн эстрада-симфониялык оркестр да түзүлүшү керек. Эч кандай шарты жок туруп, мындай мыйзамды кабыл алабыз дегени да бир топ карама-каршы ой-пикирди туудурат.
- Эстрада-симфониялык оркестрди түзүш үчүн эмне кылуу керек?
- Мындай иштерди маданият министрлиги кароосу шарт. Көптөгөн аспаптарда эркин ойногон биздин мыкты музыканттарыбыз азыр Казакстан, Россия же башка өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Мына ошолорду чакырып, айлык акыларын төлөп, шарт түзүп берип эстрада-симфониялык оркестр түзсө жакшы болмок. Эстрада-симфониялык оркестри ырчыларыбыздын жандуу ырдашына өбөлгө түзмөк. Опера-балет театрын, спорт ордосун, филармонияны арендага алып концерт берип атышат. Ал жерде аппаратурасы начар болсо, алар кантип бул мыйзамды аткарышат? Ал үчүн мыкты үн режиссерлорубуз да эмгектениши керек. Мен негизи эле ырчыларды "жылаңач баатырлар" деп айтат элем. Эч кимдин колдоосу жок эле ар бири өз алдынча эмгектенип атышат. Ырларын жаздырып, клип тарттырышып, улуттук колориттеги кийимдерди да тиктирип атышат. Мунун баарына эмгек кетет да. Мына мен сахнада 25 жылдан бери эмгектенип келе жатам. Мамлекет тарабынан уюштурулган концерттерде акча төлөп беришкендерин көрө элекмин. Биз ырчылар патриот келебиз да. Ырдап бергиле деп чакырышса, мамлекет үчүн деп ырдайбыз.
- Акыркы убакта чыгып аткан жаш ырчылардын аракетине, ырдап чыккан ырларына, билимине дегеле алардын деңгээлине кандай баа берет элеңиз?
- Биздин жаш ырчыларыбыз ырдаганга каалоосу күч болуп, бирок таланты жетиштүү болбогондон улам эптеп компьютердин жардамы менен ырдап чыккандар көп болуп жатпайбы. Мен аларды билим алууга үндөйт элем. Биз руханий байлык, чыгармачылык менен коомчулукту тарбиялап жатабыз да. Музыканы уккан адам өзүнө сөзсүз түрдө бир нерсе калтырат. Өнөр адамдарынын чыгармаларын өстүрүш үчүн профессионал адамдар менен кеңешип, иш-чаралар уюштурулса же улуттук саясат болсо деп ойлойм. Жаш ырчылар чынында эле өтө көбөйүп кетти. Бирок, кандай заман болбосун, кайсы мезгилде болбосун азыркыдай көрүнүш биздин убакта деле көп болчу. Бирок кимдин кандай деңгээлдеги чыгармачылык инсан болорун, бир гана эл таразалайт. Андыктан ар бир чыгармачыл инсан, өзүнүн искусствого болгон көз карашына, алган билимине, коомчулуктагы жүрүш-турушуна чоң маани бериши керек. Кандай деңгээлде болсо дагы мен ар бир ырчынын эмгегин, аракетин сыйлайм. Алардын арасында албетте, таланттуулары жок эмес. Ошолорго да колдоо көрсөтүп, чет мамлекеттерде өтүп жаткан сынактарга жолдомо берип, аларга катышууга шарт түзүп бериши керек деп ойлойм.
- Чыгармачылыгыңыздагы акыркы жаңылыктар менен бөлүшө кетсеңиз?
- Чыгармачыл адамдар дайыма изденүүнүн үстүндө болушу керек. Мен да ыр жаздырып, дагы да болсо элге жакшы ыр тартуулоо максатында аракет кылып жүрөм. Жакында эле "Асман" аттуу ырыма клип тарттырдым, учурда монтаждоо иштери жүрүп, көрсөтүүгө даярдалып жатат. Клиптин негизги бөлүгү Ысык-Көлдөн тартылды. Башынан аягына чейин белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаров эмгектенди. Буюрса, жакында 4-ноябрдан 13-ноябрга чейин, Россияга барып, ал жакта жашаган мекендештерибизге концерт тартуулап келсем деген оюм бар. Россияда мигранттардан түзүлгөн атайын жаштар уюму бар экен. Ошол уюм атайын чакырып атышат.
Нургүл
ИБРАЕВА