Украина ургаачысын урдуруп...

400 миллион доллар үчүн Тимошенко түрмөгө түштү
Учурда дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн буруп жаткан окуялардын бири Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун сот жообуна тартылып, 7 жыл мөөнөт менен абакка камалышы болуп жатат. Юлия Тимошенко дегенде бир кездеги "оранжевая революциянын" каарманы эске түшөт. Дүйнөдөгү аял саясатчылардын ичинен анча-мынча эркектерге салыштырмалуу эрктүүлүгү менен айырмаланган бул айымдын кыскача таржымакалына сереп салсак.

"Кандай гана күчтүү эркек болбосун анын артында күчтүү аялзаты турат" деген бир акылмандын сөзү бар. Анда, "күчтүү аялзатынын артында эмне турат?" деген суроо жаралат. Албетте, аялзаттын коомдук турмушка активдүү катышып, саясатта жүргөнү бул анын биринчи кезекте бардык коркунучтарды басып өтүп, үй-бүлөсүнүн, жакындарынын өмүрүн толук өзүнүн жоопкерчилигине алуу дегенди билдирет. Андан сырткары, аны эл кабыл алып, колдоого алганы дагы чоң роль ойнойт. Украин кызы Юлия дагы бирде саясаттын тоосуна чыкса, бирде сазына баткан, коомдо позициясы бар аялдардын бири.
Юлия Владимировна Тимошенко 1960-жылы 27-ноябрда Украинанын Днепропетровск шаарында төрөлгөн. Юлиянын туулгандагы фамилиясы Григян болсо, мектепти аяктап жатканда энесинин фамилиясын алып Телегина болгон. Кийинчерээк күйөөсүнүн фамилиясына өтүп азыркы Тимошенко деген фамилияга ээ болгон. Энеси Людмила Николаевна Телегина Днепропетровск шаарында туулган, улуту украин, ал эми атасы Владимир Абрамович Григян экинчи дүйнөлүк согушта Латвиядан көчүп келген, улуту латыш. Юлиянын теги боюнча алганда өзү айткандай - аталык "линиясы" онунчу атасына чейин латыштар, энелик жагдайы жалаң украиндер. Бирок, айрым такталбаган маалыматтарга караганда анын ата-энесин еврейлер дегендер бар. Юлияны "еврей" улутуна таандык кылган бул израилдик журналисттердин чыгарган жыйынтыгы. Алар анын атасы менен энесинин жана чоң ата, чоң энесинин фамилияларына анализ жүргүзүп, Тимошенко еврей болушу мүмкүн деген ойду айтышкан. Ага кошумча, Юлия өзүнүн ата-энеси тууралуу жана алардын иштеген жерлери, фамилияларынын эмне үчүн өзгөргөнү жөнүндө эч качан маалымат берген эмес. Көпчүлүк саясаттагы аялдар сыяктуу күйөөсү менен ажырашып, үй-бүлөсүн таштабаганга бала кезиндеги жашоосу түрткү берген. Себеби Юлия 3 жашка караганда анын атасы таштап кеткен жана мектепти аяктап жатканда энесинин фамилиясына өткөн. 1978-жылы өзү туулуп өскөн Днепропетровск шаарындагы Тоокен институтунун тоокен факультетине тапшырып, бирок, кыялындагы экономист болуу тилегин орундатуу үчүн ошол эле шаардагы мамлекеттик университеттин экономика факультетине которулуп, 1984-жылы инженер-экономист адистигин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Тимошенко алган билимин андан ары илимде сынап, 1999-жылы Киев улуттук экономикалык университетинде экономика боюнча "Салык системасындагы мамлекеттик көзөмөл" деген темада кандидаттык диссертациясын жактаган. Ал экономика илимдеринин кандидаты болгонго чейин, инженер-экономист, директорлук кызматтарда иштеген. Юлиянын саясатка аралашып калганына анын күйөөсүнүн таасири чоң. Анткени СССР мезгилинде эле областтык комсомол комитетинин базасында "Терминал" жаштар уюмун түзүшкөн. Кийин күйөөсү менен 1991-жылы Украинадагы эң чоң Бирдиктүү энергетика системасы болгон "Украинский бензин" корпорациясын түзүшүп, ал 1995-жылы товар обороту 11 миллиардка жеткен өндүрүш-финансы корпорациясына айланган. Бул корпорация өз кезегинде ошол кездеги Украинанын премьер-министри, "Громада" партиясынын лидери Павел Лазаренконун колдоосуна алынып, Россиянын газын Украинада сатып өткөрүү боюнча монополиялык компанияга айланган. "Газ принцессасы" деген атка конгон Юлия дал ушул "Украинанын Бирдиктүү Энергетика системасы" корпорациясы аркылуу чоң саясатка аралашкан. Бул корпорацияга 20 өнөр жай ишканасы, авиакомпания жана эки банк караган. Корпорацияга байланышкан ызы-чуулар аны саясатка баруусуна көпүрө болгон. 1997-жылы Павел Лазаренко премьерлик кызматтан кеткен соң Юлия корпорациянын директорлук кызматынан бошогон дагы, "Громада" партиясынын көмүскөдөгү жетекчиси болуп, саясий жактан күч топтоону баштаган. 1999-жылы Павел Лазаренко АКШда камакка алынганда, Юлия Тимошенко 1999-жылдын 12-декабрында "Баткивьщина" аттуу саясий бирикмесин түзүп аны жетектеген. Саясатта 1997-2000- жылдары Украинанын Жогорку Радасында экинчи жана үчүнчү чакырылышынын депутаты болуп, 1999-жылы өкмөттүн курамында да иштеген. Бирок, 2001-жылы январда вице-премьерлик кызматтан бошотулуп, "Россиянын газын контрабандалык жол менен Украинага алып өткөн жана мамлекетке салык төлөгөн эмес" деген айып менен камалып, 42 күн СИЗОдо кармалып, 27-мартта 2001-жылы күнөөсү акталган. 2002-2005-жылдары Жогорку Раданын төртүнчү чакырылышынын депутаты болуп, социалисттик жана коммунисттик партиялар менен бирге Леонид Кучманын режимине каршы акцияны жетектеген. Ушул жылдары ага жана күйөөсүнө кылмыш иши дагы козголуп, бирок сот тарабынан акталышкан.
Путиндин суктануусу Януковичке кеп эмес
2004-жылы 2-июлда Юлия өзүнүн блогунун атынан Виктор Ющенко менен "Элдин күчү" аттуу коалицияны түзүү тууралуу кол коюшкан. Бул алдыдагы президенттик шайлоого карата уюшулган иш болгон. Анткени, Ющенко менен Тимошенконун ортосундагы сүйлөшүүлөр боюнча президент Ющенко болсо, премьер-министр Тимошенко болмок. Шайлоо алдында экөөнүн биригиши жеңишке жеткирсе дагы, коалиция узакка созулган эмес. Шайлоодогу үгүт мезгилинде Ющенко патриотизм багытында сүйлөсө, Тимошенко "Орто жана чакан бизнести өнүктүрүү жана карапайым элдин жашоосу үчүн олигархтар менен күрөшүү керек" деген сөздөрдү айткан. Кийин Ющенко президент болуп, Тимошенко премьерликке отурат бирок, жыл айланбай 8-сентябрь 2005-жылы Юлия жетектеген өкмөттү президент отставкага кетирет. Тимошенконун отставкага кетишин олигархтарга, өзгөчө Березовскийдин таасири менен дагы байланыштырышат. Тимошенко өкмөттү жетектеген мезгилде Украинада айлык акы, стипендия, пенсия бир жарым, эки эсеге, балдарга төлөнүүчү жөлөкпул улам жыл сайын 2 эседен жогорулаганга токтом чыккан жана бүгүнкү күнгө чейин күчүндө калган.
2006-жылы парламенттик шайлоого Тимошенконун (БЮТ) блогу катышып 22,27 пайыз добушка ээ болуп, ага премьерлик кызмат тийген, бирок коалиция менен президенттин ортосундагы ар кандай бийлик талашуу күрөшүнөн улам оппозицияга кеткен. Анын саясаттагы ээлеген позициясы эл тарабынан колдоого ээ болуп, өткөн жылдагы президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүнө чейин жеткирген. 2010-жылдын 17-январындагы шайлоодо атаандашы Виктор Янукович 35,32 пайыз добуш алса, ал 25,03 пайызга ээ болгон жана президенттик шайлоо экинчи турга калтырылган. 7-февралдагы экинчи турда Тимошенко 45,47 пайызга ал эми Янукович 48,95 пайызга ээ болгон. Мунун өзү эле Тимошенконун Украинада президент болууга кандай шансы бар экенин көрсөткөн. Ушундан улам азыркы президент Янукович ага атаандаша турган күч бул Тимошенко экенин түшүнүп, аны кайрадан сот жообуна тартып, Россия менен түзүлгөн келишимде Тимошенко Украинанын бюджетине 400 миллион доллардан ашык чыгаша алып келген деген айып менен 11-октябрда 7 жылга эркинен ажыратылды. Бирок, бул акыркы чечим эмес, анткени алдыда кайрадан аппеляциялык даттануулар жана таасирдүү украин чөйрөсүнүн бийликке карата дагы кайрылуусу бар. Дүйнөлүк украиндердин конгресси дагы аны эркиндикке чыгаруу боюнча тергөө иштерин кайрадан кароо, демократиянын шарттарын бузбоо тууралуу чакырыктар менен өкмөткө кайрылып жатат. Мүмкүн буга чейин үч жолу акталган Тимошенкону дагы акталуу процесси күтүп жаткандыр.
Кандай гана бийлик болбосун, өзүнө коркунучтуу атаандаштарын же акчага сатып алат, же портфель берип, чогуу иштөөгө сунуштайт. Ал эми Украинанын картинасында Юлия Тимошенко эч качан экөөнө тең барбасы белгилүү. Анүстүнө Тимошенко биринчи жолу соттолуп жаткан жери жок. Ал буга чейин үч жолу соттолуп, кайра акталган. Көпчүлүк серепчилердин билдирүүсүнө караганда азыр аны соттоп саясий жактан жолуна бөгөт коёбуз деген менен тескерисинче кадыр-баркы жогорулоодо. Таң калыштуусу буга чейин Юлиянын жанында жүргөндөрдүн, саясатта чогуу иштешкендеринин жана оппоненттеринин баарынын саясий жактан аброю түшүү гана жолунда болсо, аныкы тескерисинче ташы өйдөгө кулап жатат. Жаратылышынан алып караганда кимди гана болбосун өзүнүн ою менен эсептешкенге мажбур кылган Тимошенко батыш (Европа) менен дагы, чыгыш (Россия) менен дагы тил табыша алат жана кадыр баркы жогору. Мисалы, Путиндин "Аны менен иштешүү-жагымдуу, конструктивдүү жана комфорттуу"-деп айтканы эле канчалык. Ал ошондой эле дүйнөлүк деңгээлдеги Ангела Меркель, Николя Саркози, Муамар Каддафи сыяктуу саясатчылар менен тең ата болуп сүйлөшкөнү, кандай саясатчы экенин көрсөтүп турат. 2005-жылы дүйнөлүк Форбс журналынын аныктоосу боюнча дүйнөдөгү эң таасирдүү жүз аялдын үчүнчүсү Юлия Тимошенко деп табылган. Өзгөчө чач жасалгасы, сулуулугу жана саясаттагы айлакердиги менен айырмаланган Юлия Тимошенко Украинанын гана эмес, славян аялдарын 21-кылымдагы мыкты, эрктүү символу боло алды десек деле аша чаппайбыз.
Эми Тимошенконун эпкини менен өзүбүздү бир серпе кетсек, биздеги саясий бороон-чапкын менен Украинанын жалпыжондуу окшоштугу бар. Кыргызстан дагы Украина менен тең жарыша революциялык жол аркылуу бийлик алмаштырышкан. Аларда да эки тарапка бөлүнгөн элдин тиреши күч алып келсе, бизде да бөлүнүү бар. Көп эзилбей, бир логикалык окшоштукту эби келип турганда салыштыра кетели. Эгер, бизде А.Мадумаров президент болуп калды дейли (мисалы), ошондо жаңы мыйзамдык система орното салып оппоненти, мурунку премьер-министр А.Атамбаевди Тимошенконукундай тагдырга тушуктуруп коюшу мүмкүнбү? Кепилдик жок. Ал эми кылдан кыйкым табуу кыргызга кыйын эмес. Саясат ошонусу менен саясат да. Бирок бизде андай болбошу толук мүмкүн. Себеби, бизде бардык маселе "соода" жолу менен чечилет эмеспи.
Элизат ТУРСУНОВА