Дабакана

Грибок -
бирден миңге тараган дарт
Статистика боюнча дүйнө жүзүндө бир жылдын ичинде грибок оорусу менен жабыркагандар 20%ды түзөт экен. Дарыгерлердин айтымында, грибок дарты тери ооруларынын ичинен эң эле көйгөйлүү маселеге айланууда. Бул дарт менен балдар да, чоңдор да көп оорушат. Акыркы мезгилдерде анын өзгөчө оор түрлөрү да кездешүүдө.

Бутуң муздабайбы?
Грибок оорусу эпидермофития жана руброфития болуп экиге бөлүнөт. Тырмактардагы грибоктун пайда болушунун себеби, туура эмес тандаган бут кийимден, варикоз менен жабыр тартканда, кан тамырлардын кичирейип кетишинен, буттун муздашынан, иммундук системанын начарлашынан жана стресске чалдыкканда пайда болот. Кератин - тырмактын курамындагы негизги элемент болуп эсептелинет. Ал грибоктун жайылышына ыңгайлуу жер болуп саналат. Тырмакта грибок акырындык менен өсө баштайт. Эгер мындай учурда профессионалдуу дарыгерге кайрылбаса инфекция бардык тырмактарга өтүп кетиши толук мүмкүн. Кээ бир адамдар элдик медицина менен дарылап, оорунун күчөп кетишине шарт берип алышат.

Байкалбай эле жугат
Бейтап да грибок оорусун таратуучу болуп эсептелет. Грибок жогорку температурада болгон коомдук жерлерде мисалы, бассейндерден, жалпы мончодон, чечинүүчү бөлүмдөн, саунадан, маникюр жасоочу бөлмөдөн, спорт залдан да жугат. Грибоктун алдын алуу үчүн башка адамдардын өздүк буюмдарын колдонбоо керек. Грибок көбүнчө манжалардын арасында жарака пайда болгондон башталат. Бир нече убакыттан кийин тери кызарып, ысып баштайт. Грибок андан тышкары манжалардын астына да өтөт жана таман дагы жабыр тартат. Мындай ооруну бат эле жугузуп алуу мүмкүн. Ал бут кийимден, нымдуу сүлгүдөн, бөлөк кийимдерден, мочалкадан жугат. Эгерде грибок адамдын баш бөлүгүндө болсо, ал өтө татаал өтөт. Ал адамга оорулуу жаныбарлардан жугат, ошондуктан, адамдар баарыдан мурда жаныбарларда жаралар жокпу, ошону байкаш керек. Адатта бир үй-бүлөдө бир адам гана жабыр тартса, анда үй-бүлө мүчөлөрүнүн бардыгын медициналык кароодон өткөрүү шарт. Анткени грибок бири-бирине байкалбай эле жугуп кетүү коркунучу бар.

Балээнин баары микозада
Грибок болгондо манжалардын арасында майда көбүкчөлөр пайда боло баштайт да тырмактардын өңү кара түскө айланып, күңүрт болуп калат. Эгер көбүкчөлөргө бактериялар түшүп калса анда ириңдеп кетиши ыктымал. Микоза менен жабыр тарткан кээ бир адамдардын бутунда жагымсыз жыттар да пайда боло баштайт. Тырмактын үстүнкү катмары жумшарат да көрүнүшү өзгөрүлөт. Мындай учурда тырмакты кыскартуу убагында кыйынчылыктар келип чыгат. Тырмактын алдындагы териге да терс таасирин тийгизет. Бут кийимди кийгенде да ыңгайсыз абалды жаратат. Манжаларда грибок пайда болгондо алгач кычыштырып, суу бөлүкчөлөрү да чыгып кетет.

Жоокер менен спортчуга илээшет
Микоза менен көбүнчө иммунитети абдан алсыз адамдар оорушат. Андыктан, ар дайым витаминдерди ичип организмди чыңдоо зарыл. Спирт ичимдиктеринен жана тамеки чегүүдөн алыс болуу керек. Дайыма эртең менен турганда 15 мүнөт дене тарбия көнүгүүлөрүн аткарып туруу шарт. Грибок оорусун элдик медицинаны колдонуп өз алдынча дарылоодон качуу керек. Андыктан, дароо дарыгерге кайрылуу зарыл. Бут кийимдерди дайыма таза кармап, бат-баттан алмаштырып жана желдетип туруу керек. Грибок оорусунан көпчүлүк учурда спортсмендер жана аскер кызматкерлери жабыр тартышат.

Дарылоо жолдору
Тырмакты дарылоо өтө чыдамдуулукту жана узак убакытты талап кылат. Аны дарылоодо оорулуу тырмакты алып таштоо менен кайрадан жаңы тырмак өсөт. Буга көбүнчө эркектердин чыдамы жетпей таштап салышат, ошону менен оору күчөп олтуруп, грибок урук таштай баштайт. Грибок ооруларынын күчөп турган учурунда жөнөкөй эле тазалыкты сактоо өтө маанилүү. Көпчүлүк эл келген мончо, бассейн же саунадагы шейшептердин жакшы жуулуп, дезинфекцияланышына азыр эч ким кепилдик бере албайт. Эгерде үй-бүлө мүчөлөрүнүн бирөөндө гана грибок оорусунун белгилери байкалса, сөзсүз дарыгерге кайрылып аны аягына чейин дарылоо зарыл.




Айзада Сатикеева, Бишкек шаарындагы №3 үй-бүлөлүк ооруканасынын дермотолог-дарыгери:
"Грибокту дарылоо узак убакытты талап кылат"
- Грибок дарты менен кайрылгандар көппү?
- Учурда бул дарттын өтө тереңдеп кеткен трихофития, микроспория сыяктуу инфлитративдик-ириңдүү түрлөрү кездешип жатат. Булар теринин үстүнкү бөлүгүнө гана эмес, анын астыңкы бөлүгүнө тереңдеп киргенде ириңдөө процесси күч алып, эгерде ал башта болсо чач түшө баштайт. Азыр ириңдүү суюктук түрүндөгү тырмактын грибоктору көп учуроодо. Бул азыр коомдук мончолордун, сауналардын көптүгү, жеке гигиенаны сактабагандан улам келип чыгып жатат.
- Бул оорудан сактануу үчүн кандай эрежелерди кармануу керек?
- Өзгөчө энелерге эскерте кетким келет. Көпчүлүк учурда кабат үйлөрдө жашагандар баланын коляскасын подъездге калтырышат. Ага болсо көчөдө жүргөн мышыктар келип жатышат, эгер алар оорулуу болсо ошол колясканын ичинде оору козгоочу микробдор калат. Мына ошол аркылуу да балдарга жугат. Эгерде сыртка калтыра турган болсо, аны жакшылап дезинфекциялап жуугандан кийин гана пайдаланышы керек. Баланы ооруканада тиешелүү дары-дармектер менен дарылап үйгө чыгаргандан кийин дагы ата-энелер бир айга чейин дарыгер жазып берген дарыларды ичүүсүн көзөмөлдөшү керек. Болбосо, көпчүлүк учурларда бир аз жакшы болуп калганда эле "эми айыктым" деп дары ичпей коюшат. Бул дарт аягына чейин таза айыкпай калып ошону менен ал бала кайрадан ооруп калат.
- Тырмактын грибогу эмнеден улам пайда болот?
- Тырмакты жана бутту жабыркатуучу грибок онихомикоз (тырмактын дерматофитиясы) деп аталат. Аны аялдар педикюрга баргандан кийин жуктуруп алып жатышат, бул инструменттердин жана ваннанын жакшы тазаланбагандыгынан улам болот. Андыктан педикюр кызматын пайдаланардын астында колдонула турган каражаттардын тазалануудан өткөрүлүшүн талап кылуу керек. Тырмакты дарылоо өтө чыдамдуулукту жана узак убакытты талап кылат. Ал үчүн 6 айдан 1 жылга чейинки убакыт керек. Эгер грибок өтүшүп кетсе ал тырмак пластинкасынан териге, колго, башка тырмактарга өтөт. Андыктан аны эрте дарылап калууга аракет кылуу керек.
- Окурмандарга кандай кеңеш бересиз?
- Эгерде баштын чачтуу бөлүгүндө, дененин терисинде шуудураган, сезгенген жумуру тактар байкалса сөзсүз түрдө бизге кайрылышы зарыл. Бул тактардан ириң чыга баштаганда ал уруктанып көбөйүп жаткан болот. Мындан соң ал өтө тездик менен көбөйүп, бир жуманын ичинде өтө кеңири тарап кетет. Анын себептерин лабораторияда гана изилдеп, так аныктама берүүгө болот. Канчалык эрте кайрылса, дартты жоюу ошончолук жеңил өтөт.


даярдаган Нургүл ИБРАЕВА