Ажо шайлоо алдында...

Иран менен АКШнын чатагы
Кезегинде жарым жылга чукул АКШ бийлиги ирандык фанаттардын барымтасында жаткан 53 жаранын куткара албай коюшкан. Качан гана Ак үйдөгү чиновниктер барымтадагыларды бошотуу үчүн сокку узатууга чечим чыгарганда, алардын куралдуу күчтөрү алдына коюлган тапшырманы аткарууга даяр эместигин көрсөткөн. Мунун себеби, жараткандын Ислам өлкөсүнүн түптөлүшүнө кошкон салымыбы же чындап эле жогорку державанын аскердик техникасы башынан эле жараксыз болгонбу?

1980-жылдын 25-апрели. Тегеран шаары. Мында жайгашкан Америка элчилигинин жанында катталган атышуудан улам Ирандын аскерлери курал-жарактарын асынып, автоунаалар менен элчиликке келишет. Дал ушул мезгилде, абада белгисиз жактан келген алты тик учак пайда болот. Алардын үчөөсү элчиликке конуп, туткундарды бошотууга киришсе, калган үчөө абада калкып, ирандык аскерлерди аткылап, алаксытышат. Жерге конгон тик учактардан токсон коммандос түшүп, туткундарды кайтарган фанаттарды жайлап, андагы кызматкерлерди бошотот. Экинчи топ Ирандын Тышкы иштер министрлигинде камакта жаткан үч америкалыкты чыгарып, тик учактар менен түн жамына Иран аймагында жайгашкан чөлдөргө сиңип кетишет. Чөлгө барып, алдын-ала даярдалган учактар менен океандын аркы жээгине өтүшөт да, балээден кутулат.
Туткундарды бошотууда так ушундай пландалган операция аркылуу АКШ эл аралык саясаттагы аброюн өстүрсө, ички саясатта президент Джимми Картер сокку узатууга уруксат бергендиги үчүн америка коомчулугунун колдоосун тапмак. Капитолийде отурган стратегтердин болжолу боюнча, 172-күн кармалган туткундарды аман-эсен бошотуу шефине да аброй алып келмек. Тилекке каршы ниет кылынган пландар, иш жүзүнө келгенде теңирден тескери чыккан.
"Шахка өлүм!"
Америка-Иран мамлекеттеринин ортосундагы мамилелердин чыңалууга жетишине себеп болгон иш, 15 ай мурдараак башталган. 1979-жылдын 16-январында ирандык революционерлер шах Мухаммед Реза Пехлевини бийликтен оодарат да, анын ордуна аятолла Рухолла Хомейнини отургузат. Тактыдан кулаган Мухаммед Реза үй-бүлөсү менен ар кайсы өлкөнүн босогосун сагалап, башпаанек издейт. Биринен экинчи мамлекетке качып жүргөн шах Мухаммеддин ракка чалдыкканы тууралуу кабар Америка президенти Джимми Картерге жеткенде, ал аны дарылоо үчүн өзүнө чакыртып алат. АКШнын мындай кадамына жинденген революционерлер: "АКШ жоголсун!", "Шахка өлүм!" - деп кыйкырып көчөгө чыгышат. Бул окуя 4-ноябрь күнү жаш фанаттар жогорку державанын Ирандагы элчилигин курчоого алып, андагыларды барыматалаганда апогейине жеткен. Алар качан гана Америка бийлиги шахты ирандыктарга өткөрүп бергенде, туткундарды бошоторун айтып, талап койгон.
Президент Картер ирандыктардын талабын аткарбай турганын айтып, дипломатиялык жолдор аркылуу Хомейнини басмырлоого өтөт. Хомейни ага чыдабай бандиттерди өзү жазалап, туткундагыларды куландан-соо бошотуп жиберет деген ишенич, Ак үйдөгү билермандардын тилегин таш каптырган. Басынмак түгүл, жооп кайтарууга камынган Рухолла Хомейни кырдаалдан пайдаланып, өз бийлигин күчөткөн. Ушинтип тирешип отуруп 1979-жыл да аяктайт.
Ириген ички саясат
Жарым жылдан ашык убакыт өтсө да мамлекеттер ортосундагы тиреш чечилген эмес. Ошондо Картер алдыда боло турган ажо шайлоону ойлоп, барымтадагыларды бошотуш үчүн атайын чараларды колдонуу зарылчылыгына токтолот. 1980-жылдын апрелинде АКШ Иран менен мамилесин үзүү үчүн кирип чыккан товарларга бөгөт коет. Президенттин мындай чечимин эл кандай кабыл алды деген сурамжылоодо, респонденттердин 65%ы мындай мыйзам барымтадагылардын ылдамыраак бошотулушуна эч кандай шарт түзбөйт дешсе, 51%ы ажо жеткиликтүү чечимдерди жасай албай жатат деген пикирин билдирген. Бул сурамжылоонун жыйынтыгы Джимми Картердин абройу күн сайын түшүп баратканынан кабар берет эле. А бул болсо өз кезегинде ажолук мөөнөткө экинчи ирет аттанып жаткан талапкер үчүн чоң "минус" экендиги талашсыз болчу. Мындан улам Картердин атаандаштарынын алдында шаштысы кетип, чый-пыйы чыккан. Буга кошумча сокку иретинде аятолла Хомейни да барымтадагыларды 1980-жылдын 4-ноябрына чейин бошотпой тургандыгын жар салган. А бул күнү АКШда президенттик шайлоо белгиленген болчу. Мындан улам президент Джимми Картер бул дарт анын тышкы саясатын гана алсыратпастан ички саясатын да будуң-чаң кылып, анын бийлигин күм-жам кыларын мыкты түшүнөт. Алтургай ага карата чабуулдар күчөп, анын негизги атаандашы болгон, республикачы Рональд Рейган Картерди сындоого өткөн. Бир ирет Рейган: "Башынан эле баары туура эмес башталган. Туткундагылар 6 ай эмес, 6 күн да ал жерде кармалбашы керек болчу" - деген пикирин билдирген.
Үзгүлтүккө учураган
операция
Окуя башталган күндөн эле Картер күч колдонуу жолдорун издеген. Ал 1979-жылдын 9-ноябрь күнү (элчиликти барымталагандан төрт күн өткөндөн кийин) жакын санаалаштарын чакырып, туткундагыларды бошотуш үчүн түрдүү операциялардын планын иштеп чыгуусун буюрат. Арадан он күн өтпөй ал буюрган тапшырмалар кагаз иретинде анын столунун үстүнө чогулуп калган. Пентагондун террорчулукка каршы "Көгүлтүр от" бөлүгү президенттин жарлыгы менен операцияга киришет. Джимми Картер 11-апрель күнү ишти баштоого кол койгон. Туткундарды бошотууга армиянын, аба жана деңиз күчтөрү менен деңиз пехоталарынан куралган аскерлер тартылат. С-130 үлгүсүндөгү алты учак Египеттеги авиабазадан чыгып, Тегерандын түштүк-чыгыш тарабынан 400 чакырым алыс жайгашкан чөлдөрдөгү "Чөл-1" деп белгиленген аймакка сапар тартат. Ал жактан RH - 53 Sea Stallion аталыштагы сегиз тик учак кошулат. Бул тик учактар токсон коммандосту Тегеранга жеткирип, ал жактан америкалыктарды колдогон ирандыктардын жардамы аркылуу чабуулга киришмек. Коммандостор барымтадагыларды тик учактарга салып, "Чөл-1ге" келип, мында калган учактар менен Египеттеги базага кетмек.
24-апрель күнү С-130 учактары план боюнча Египеттен Ирандын чегине кирет. Бирок, операция башталары менен эки учакта техникалык мүчүлүштүктөр чыгып, бирөөсү аба майданга кайтса, экинчиси токтоого мажбур болот. Анда отурган адамдар алты тик учакка бөлүнүүгө аргасыз болушкан. "Чөл-1" чөлкөмүнө сапар тартып бараткан тик учактардын арасынан бирөөсүнүн тетиги иштебей калып, жолун уланта албай калган. Мындан улам "Жашыл береттердин" 50 жаштагы полковниги жана операция жетекчиси Чарльз Беквит кыйынчылыкка кабылат. Анткени туткундарды бошотуу үчүн кеминде эле 6 тик учак керектелмек. Эгерде алардын бирөөсү гана иштен чыкса, анда бошотуу иши үзгүлтүккө учурамак. Так ушундай кырдаалга кабылган Беквит ишти улантуу-улантпашы жөнүндө буйрук алыш үчүн 13000 чакырым алыстыкта жайгашкан Вашингтонго кайрылуу жөнөткөн. Ал жактан "жоготуулар боло электе баарын токтотуп, артка чегин" деген тапшырма берилет.
Окуя бүтө элек жатып президент Картердин биринчидегидей эле экинчи ирет жаңылганы да дайын болот. Ал буйрук бергенден көп өтпөй күтүүсүздөн "Чөл-1" чөлкөмүндө 40 чакты ирандыктар отурган автобус пайда болот. Операциянын жашыруундугун сактагысы келген коммандостор аларды кармап, өздөрү менен алып кетүүгө камынат… Бирок иш оңунан чыккан эмес.
Учуп бараткан учактардын бири алдында бараткан RH-53 тик учагы менен кагылышып кетип, жүргүнчүлөр каза табат. Аман калгандарын калган тик учактарга салышып, каза болгондорунун денелерин чыгарууга убакыт жетпей калат. Анткени, алардын артынан ирандык аскерлер жетип келмек. Убакыттан уттурбоону көздөгөн коммандостордун калгандары АКШ-га сапар тарткан. Операциянын бүлгүнгө учураганын угушкан ирандык топтор АКШ бийлиги дагы план түзбөсүн деп, барымтадагыларды райондун ар кайсы бөлүктөрүнө бөлүп салышат. Джимми Картер жасаган аракети ашкереленгенден кийин сыналгыга чыгып, бардык жоопкерчиликти өзүнө аларын билдирген. Күтүлүп жаткан ажо шайлоодо ал туткундарды бошотууга жасаган кадамдарынын туура эмес жасалганынан улам ал ажолук тактысы менен кош айтышкан. 4-ноябрдагы президенттик шайлоодо атаандашы Рональд Рейган АКШнын президенти болуп шайланат. Ал 1981-жылдын 21-январында АКШ президентинин кызматына киришкенде Иран барымтадагыларды бошоткон.
Исламчыл
революционер
тууралуу…
1979-жылы Рухолла Хомейни Парижден сүргүндөн келгенден кийин, батышка каршы иштеген компаниялардын бирин жетектөөгө алат. Анын биринчи душманы Мухаммед Реза Пехлеви болсо, экинчиси Пехлевини колдогон АКШ бийлиги болгон. Хомейни үчүн туткундарды барымталоо душмандарды алсыратып, жеңишке алып баруучу мыйзамдуу жолдордун бири катары эсептелген.
1979-жылы кабыл алынган Башмыйзамда, мыйзам чыгаруучу органдар менен президентти тандоо үчүн шайлоолор уюштурулаары каралса да, Рухолла Хомейни түбөлүк башчы иретинде Иранды башкарууну моюнга алган. Ал биринчи ирет ислам революциясын жасап, Иран-Ислам Республикасын түптөгөн. 1989-жылы дүйнөдөн кайтканда жалпы эл аза күтүшкөн. Ушундай... ислам революциясы аркылуу ким кайсы мамлекетти кай мезгилде багындырса, ал түбөлүк ажолукка бекийт. Кеп анын мамлекетти өстүрүүсүндө эмес, исламды тутунуусунда...
Даярдаган Алмаз Калназаров