PRESSKG.COM



п»ї

  Үзүл-кесил кезеңде...

"Срок" менен ким жашайт?
(Уландысы. Башы 6-бетте)
Кеп анын курчаган чөйрөсү экен. Бир кездеги "дворянский гнездо" Россияны кандай талкаласа азыр да Кыргызстанды ошол "гнездо" талкалап жатат.
Жапаров Бакиевдер кеткенден кийин актанып чыкты. "Мен тазамын, ал убакта мен чиновник эмес болчумун" деп. Бирок, Бакиевдердин убагында коррупцияга каршы комиссиянын башында турчу эмес беле. Эгер ал мыкты болсо эң чоң ыплас иштердин алдын алчу кызматта туруп деле жеп-ичкендерге, коррупцияга каршы эч чара көрбөптүр да. Жапаров өз пикиринде Конституциянын 67-беренеси президенттик кызматтан кетирүү жана ага күнөө тагуу боюнча негиз болуп бере аларын айтты. Эске салсак, буга чейин дагы президентке импичмент жарыялоо демилгеси "ата мекенчи" депутат Эркинбек Алымбеков тарабынан 6-апрелде туура алты ай мурун көтөрүлүп чыккан. Анда негизги себеп мурдагы башпрокурор Байболов менен "Альфа Телекомдун" ортосундагы маселе болгон. Бирок, депутат Алымбековдун күнөө тагуу демилгеси парламент тарабынан толук колдоого алынган эмес жана ага каршы бир канча пикирлер дагы айтылган. Мисалы, "республикачы" Мирлан Бакиров Алымбековдун пикирин парламенттики эмес анын "личное мнениеси" деген. Ал эми "социал-демократ" Исмаил Исаков: "Алымбеков бардыгын далилдеп туруп анан айтышы керек" деген. "Ар-намысчы" Турсунбай Бакир уулу алардын фракциясында импичмент жөнүндө сөз да болбогонун айткан.
Эми быйылкы парламенттин сессиясында кайрадан көтөрүлдү. Чынында эле Отунбаева ошого татыктуубу? Эгер татыктуу болсо анда эмнеге аны кетирүүгө болбосун. Күнөөсүн сот далилдеп берсин, анан Жогорку Кеңеш чечим кабыл алып жарыяласын. Элдин көзүнчө күнөөсү далилденсин. А бизде эгер президенттин иши сотто каралса анда азырынча Отунбаеванын ишин карачу соттор дагы толук кызматта эмес да. А сот иштери, мыйзамдуулук боюнча ЖКнын комитетинин башында ким турат? Соттор кеңешин ким даярдады... Жок. Андай болушу мүмкүн эмес. Ооба, Отунбаеванын 7-апрелден берки кетирген кемчиликтери көп. Ош окуясына дагы өзгөчө чара колдонбогону анык. Бирок, бул жерде негизги жебе Отунбаевага атылчудай эмес. Карагайдын түбүнө балта чабыш үчүн анын чегедектерин жок кылыш керек. Жалпыга белгилүү Отунбаеванын мөөнөтү 2011-жыл менен бүтөт. Бирок, анын командасынын мөөнөтү андан узакка созулуп кетиши мүмкүн. Азыркы парламентарийлердин да кызыкчылыгы ушунда жатат. Экинчи жагынан бийликтеги коалицияда Отунбаеванын мурдагы партиялаштары Атамбаев менен Бабанов турат. (7-апрелге чейин Бабановдун ордунда Отунбаева депутаттык статуска ээ болгон). Президенттикке чыккан күчтүү өкмөттүк талапкердин штабын (Атамбаевдикин) дагы Отунбаеванын иниси жетектеп жатат. Мунун өзү эле шайлоодо кандай ресурс болуп бере аларын көрсөтүп турат. Ал эми президентке импичмент жарыялоо команданы кетирүүнүн дагы бир ыкмасы. Президент Отунбаева болгону менен анын аппараты, жан-жөкөрлөрү парламент менен тил табыша албай келет. Бул бийлик бутактарынын ортосундагы табигый күрөш десе да болот. Бирок, күрөштүн формасы ички таасир этүү чөйрөсү менен акчага байланыштуу. Башкача айтканда парламенттеги партиялар койгон талапкерлер сотто жана башка орундарга президенттик аппараттын талапкерлери менен тең тайлаша албай оюндан чыгып кеткен учурлар көп. Бул жагынан алганда Отунбаевага тагылган күнөө жалпы эл үчүн деп айтылганы менен ич-ара келишпестиктин жыйынтыгы катары санаса болот.
Садыр Жапаров айткандай анын билдирүүсүнөн он күн мурда президенттик аппараттын башчысы Каптагаевди кызмат ордунан кетирүү боюнча чечимди парламент кабыл алган. Бирок, президент азыркыга чейин ал ишти карай элек. Ушул дагы Отунбаевага тескери имидж көрсөтүп турат. Дагы бир маселе Отунбаевага күнөө тагуу менен Жапаров Каптагаевден өч алууну көздөп жатабы? Жапаров Каптагаев менен Отунбаева былтыркы апрелден бери жакшы эле жыргашты дегени менен "лично" Каптагаевге карата кыр көрсөтүүдөй сезилет. Окуянын аягы кандай бүтөт азырынча белгисиз. Бирок, Жапаров бул демилгени жалпы эл үчүн көтөрүп жатканын, президенттин таза иштешинен шеги бар экенин билдирсе дагы саясаттагы боло берчү окуя катары эле караган оң. Ансыз деле мөөнөтү бүтүп бара жаткан президенттик кызматты ого бетер кыскартпай. Анүстүнө биздин башчыларда "срок" деген түшүнүк жок. Кыргызстанда "ыңкылаптан ыңкылапка чейинки башчы" деген гана түшүнүк жашап калган. Анткени 21-кылымдагы бир эмес, эки эл душманын кууп чыккан кыргыздар үчүнчүсүн деле импичментсиз кетирип саларына шек жок. Болгону адам катары бирөөлөр үчүн бирөөнү курмандыкка чалууга моралдык жактан жол бербеш керек.
Элизат ТУРСУНОВА






кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??