PRESSKG.COM



п»ї

  Жооп кайрык

Үлкөндөр калкка үн катты
ИИМдин жообу
Айып төлөө эрежелери

"Керегенин" №18 санында (28.09.11) Нургыз Кадырова аттуу окурманыбыз "Паспорт унуткандардын айыбы оорбу?" деген суроону ИИМ жетекчисине жолдогон. Суроодо паспорт унуткандардан 300 сомго чукул акча талап кылган милиция кызматкерлери тууралуу айтылып, айып төлөө кандай эрежеде жүргүзүлөрү тууралуу сураган. Бул суроого ИИМдин басма сөз кызматы аркылуу министрден жооп алууга аракет кылдык.
Урматтуу Нургыз сиздин суроонун негизинде иликтөө иштери башталмакчы. Ал үчүн күйөөңүздүн аты-жөнү, кайсы убакта кайсы айып менен ким кармап кеткенин тактоо керек. Буга сиздин жардамыңыз жана көрсөтмөңүз зарыл. Ал эми паспорт маселеси мыйзам чегинде төмөнкүдөй:
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 511-беренесине ылайык көрсөтүлгөн ыйгарым укуктардын чегинде Ички иштер органдарынын:
- башчылары жана орун басарлары:
көрсөтүлгөн кодекстин 384-бренесинин 2-бөлүгүндө (Катталбастан жашоо) каралган административдик укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларын көрөт.
- милициянын участкалык
инспекторлору:
көрсөтүлгөн кодекстин 384-бренесинин 1-бөлүгүндө (Катталбастан жашоо) каралган административдик укук бузуу жөнүндө иштерди карайт жана администрациялык жаза чараларын көрөт.
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 384-беренеси. (Катталбастан жашоо)
Жарандардын катталбастан жашашы- эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5 өлчөмүнө чейин айып салууга алып келет. Ушул берененин биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет администрациялык жаза-чарасы колдонулгандан кийин жыл ичинде кайталанылып жасалса эсептешүү көрсөткүчүнүн 0,5тен бир өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Эскертүү; Кыргыз Рспубликасында эсептешүү көрсөткүчүнүн бир өлчөмү 100 (жүз) сомго барабар.
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 614-беренеси. (Айып салуу жөнүндө токтомду аткаруу мөөнөтү жана тартиби)
1)Айып укук бузуучу тарабынан ага айып салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып бир айдан кечиктирилбестен, ал эми токтом даттанылган учурда, даттануу же көрсөтүү канаатандырылбастан калтырылгандыгы жөнүндө маалымдалган күндөн тартып, он беш күндөн кечиктирилбестен төлөнүүгө тийиш.
2)Администрациялык укук бузуу жасагандык үчүн салынган айып, укук бузуу жасалган жерде алынган айыпты албаганда, укук бузуучу тарабынан Кыргыз Республикасынын банк мекемелерине төгүлөт.
Кыргыз Республикасынын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 617-беренеси. (Администрациялык укук бузуу жасалган жерде өндүрүлүп алынуучу администрациялык айып салуу жөнүндөгү токтомду аткаруу).
1) жак тарабынан администрациялык укук бузуу жасалган жерде администрациялык айыпты өндүрүүдө, ага так финансылык отчеттуулуктун документи болуп саналган белгиленген үлгүдөгү дүмүрчөк берилет. Дүмүрчөктө ал берилген күн, жаза салган кызмат адамынын кызматы, аты-жөнү, администрациялык жоопкерчиликке тартылган адамдын инсандыгы жөнүндө маалыматтар, ушул Кодекстин бул укук бузуу үчүн жоопкерчиликти караган статьясы, администрациялык укук бузуунун убактысы жана жери, салынган администрациялык айыптын суммасы көрсөтүлөт.
2)администрациялык укук бузуу жасалган жерде администрациялык айып төлөнбөгөн учурда, иш боюнча өндүрүш ушул Кодекс тарабынан каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
Даярдаган
Анара ДЫЙКАНОВА




Билим берүү жана илим
министрлигинин жообу:
Жаңы мектепке чечим чыккан, качан
курулары белгисиз…
Гезитибиздин №18 санында (28.09.11) Мадияр Токтобаев Билим берүү министрлигине Баткен облусунун Кадамжай районунун Сырт айылындагы кулаганы калган мектепти качан жаңыртары тууралуу суроо жолдогон. Бул суроого аталган министрликтен төмөнкүдөй жооп алдык:
Урматтуу Мадияр, ал мектептин маселеси унутта калган эмес. Сиздин сурооңуздун негизинде аталган райондун райОНО башчысына чалып иш-чара кандай калыпта баратканын дагы бир жолу такташтырдык. Сырт айылындагы мектеп чын эле дубалдары жарака кеткен "аварийный" абалда экен. Мамкурулуштун өкүлдөрү барып текшерип "жаңы мектеп куруу" чечимине келишкен. Бирок бул жаңы мектеп качан курулары тууралуу азырынча так айта албайбыз. Билесиз, баары акчага такалат. Маселе чечилип, акча бөлүнөрү менен жаңы мектептин курулушу башталат. Бирок, окуучуларды ата-энелери жибербей койду деген маалымат азыр туура эмес. Окуучулар кадимкидей эле окуп жатышат.




  Үзүл-кесил кезеңде...

"Срок" менен ким жашайт?
Биздин саясий менталитетибизде аша чапкан компроматтар менен жеткире далилденбеген фактыларды бетке кармап сүйлөгөн учурлар абдан көп. Кайсы бир саясатчыга кине коюп бирок, анын күнөөлөрү сот тарабынан далилденбеген учурлардан баш адашат. Эч ким укпаса керек ушул кезге чейин элге кыянат кылган саясатчыны же чиновникти соттолуп жатканын. Башканы айтпаганда да мурдагы эки президенттин күнөөсүн мойнуна алдырып, соттотуунун ордуна, миллиондорго баалап туруп чет өлкөгө "экспортко" чыгардык. Азыркы кезде мурдагыларга салыштырмалуу бардык жагынан айырмаланган парламент президент Отунбаевага күнөө тагып, кызматтан кетирүүнү пландаштырып жатат. Анын аягы эмне менен бүтөрүн эч ким билбейт...


Өткөн аптада ата журтчу депутат Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында президент Отунбаевага карата импичмент жарыялоону эл өкүлдөрүнө сунуш кылды. Депутат мындай сунушуна негиз болуп бере алчу бир канча себептер дагы бар экенин билдирди. Ал - Отунбаеваны импичментке "татыктуу" кылып жаткан өткөн жылдагы Түштүктө болгон окуя дейт. Депутат мырзанын айтымында ошол кезде УКМКнын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев түштүктөгү абалдын курчуп бара жатканын күнүнө билдирип турса дагы, президент эч кандай чара көргөн эмес. Эл өкүлү импичмент жарыялоо бул бир гана себеп эместигин билдирип, деги эле Отунбаеванын президенттик тактыга отурууга таптакыр татыксыз экендигин жана анын көптөгөн кара иштери бар деп белгилеген. Бул бир жагынан караганда күлкүлүү жана кейиштүү. Эгерде Отунбаева бул орунга татыксыз болсо, анда эмне үчүн апрелдеги Алымбеков көтөргөн импичмент көйгөйүн эл өкүлдөрү колдогон жок. Экинчи жагынан алганда деги эле Отунбаеванын президенттик кызматка келиши анын дагы жана бүгүнкү президенттик аппараттын ишин тегеретип тургандардын да оюнда жок болчу. Ага эң чоң себеп 7-апрелдеги биздин саясатчы мырзалардын "тыңдыгы" менен "ынтымактуулугу" болду да. Чындык, эгерде кеңири саясий багытта алганда президенттик тактыга Отунбаева татыксыз болчу. Бирок, ошол кезде биздин саясаттагы "мужиктер" кайда эле? Ошол эле ата мекенчи Алымбеков, Садыр Жапаров ж.б. Отунбаеваны ак деп айткан киши жок, бирок, андан өзүн таза сезгендер эмнени кылып жатат. Кейиштүүсү элине жараша ханы дейт. Демек, калгандарыбыздын деле деңгээлибиз ошо да. Президентке күнөө тагуу менен кызматтан четтетсек, Кыргызстан тазаланып, оңолуп кетсе жакшы. Буга чейин күнөө такмак түгүл кубалап деле келбедикпи!? Кана гүлдөгөн Кыргызстан? Кеп президентти кетирүү менен проблемалар чечилип калбайт экен.
(Уландысы 8-бетте)







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??