PRESSKG.COM



п»ї

  Ак жоолугун булгалап…

Асель МАМБЕТОВА, журналист, медиа-эксперт, философия илимдеринин кандидаты:
"Шайлоочулар адилетсиздикке каршы, акыркы мүнөттө тандоосун өзгөртөт"
- Учурдагы өтүп жаткан президенттик шайлоодо кара пиардын ролу кандай?
- Президенттик шайлоо кампаниясында гезит басылмалары, теле жана радио өтө чоң салым кошот. Ошондуктан бул ирет дагы бир топ пиар, жөнөкөйлөтүп айтканда мактоо түрүндөгү маалымат көп болот. Ошону менен бирге каралоо, мазактоо түрүндөгү дагы маалыматтар коштолот. Ансыз эч бир шайлоо жүрбөйт го. Бирок ошол кара-пиар деген (мазактоо-каралоо маалыматтар) канчалык дэңгээлде чындыкка дал келет? Мына ушул маселе өтө орчундуу. Албетте, ар бир адамдын кемчилиги болот. Иштеген адамда ар дайым кемчилик дагы, жетишкендик дагы болуп турат. Бирок ушул учурда, шыйрактан бөйрөк чыгарып, жок нерсени бар кылып, калпты-чындык кылып каралап жалган жаап коюу абдан оңой иш болуп калды. Далилсиз сөздөр менен талапкерге көө сыйпап чыккан маалыматтар далай эле болот, болуп жатат. Мына ушул учурда ар бир шайлоого катыша турган Кыргызстандын жараны туура чечим жасоого аракеттенүүсү абзел. Кайсыл маалымат булактар кандай багытта экенин, кимге таандык экени жалпы элге өтө деле белгилүү эмес. Ошондуктан эл эң негизгиси талапкердин айтып жаткан иш максатын, анын шайлоо программасын терең талдоосу менимче эң туура жол болмок. Бирок кара-пиар албетте өзүнүн чоң таасирин берет. Байкашымча шайлоо расмий түрдө жарыя боло электе эле өтө чоң кара-пиар процесси башталган, бул көрүнүш ошол каралоо иштерди буйрук берип жаткан тарапка кесепетин тийгизүүсү да мүмкүн. Аны өткөн шайлоодо байкоого мүмкүнчүлүк болду. Айрым шайлоочулар ошондо, адилетсиздикке каршы, бут тосууга каршы тескери чечимди кабыл алышты жана акыркы мүнөттө өзүлөрүнүн тандоосун өзгөртүштү. Ошол сымал кара-пиардын жыйынтыгын так аныктоо оор.
- Үгүт иштеринде жарнамалык материалдар талапкерлердин жеңишин камсыздай алабы?
- Үгүт иштери шайлоо процессинин бир чоң бөлүмү. Бул бизде гана эмес, дүйнөлүк тажрыйбада колдонулат. Ошондуктан жарнамалык маалыматтар талапкердин эл арасында таанымал болушу үчүн чоң таасир берет. Ал эми жеңишти камсыздай турган дагы көп жолдору бар, алардын ичинде эл менен жолугушуусу, шайлоо платформасы, талапкердин командасы, анын ичинде өзгөчө Кыргызстанда, аттуу-баштуу адамдардын, уруу башчыларынын, жана капчыгы чоң адамдардын колдоосу. Аталган шарттар жеңишке жетүүдө чоң таасир берет. Ошол эле учурда административдик таасир дагы болот. Бирок аны тек гана шайлоо учурунда иштейт деген жаңылыш. Ага чейин эле өзүнүн салымы кошулат. Бирок эң негизгиси жеңишке жете турган күч бул элдин ишеними. Эл үчүн кооз сөздөр мааниге ээ болбойт. Билесиздерби, өзүнүн экинчи мөөнөтүндө Владимир Путин административдик ресурс деле колдонгон эмес. А бирок эл ага ишенип тандады. Ал эми ишеним жолу бул өтө жөнөкөй. Эл арасында көп болуу. Эсиңерде болсо В. Путин эл менен кошо чиркөөгө барып, же болбосо балдар үйүндө болуп, ошондой эле бир топ буюмдар Путиндин сүрөтү менен чыгып, дүкөндөрдө сатылган. Эл арасында бул жөнөкөй адам, бул биз менен, Путин ар бир үй-бүлөдө, эл арасында деген маалымат кеңири таркаган. Ошону менен жеңишке жетүү оңой болгон. Демек, бүгүнкү учурда шайлоонун жыйынтыгында ишеним фактору чоң ролду ойнойт.
- Чет элдик теле каналдар үгүт иштерине катышпасын деген шайлоо кодексинде берене бар. Бирок 21-кылымда аларды катышпа деп айтуу б.а. маалыматты буу акылга сыйбас көрүнүш болсо керек?
- Бул маселени эмоцияга берилбей талдоо шарт. Мен антип айта албайм. Бул кабыл алынган чечим. Бирок ар бир мыйзам долбоору кабыл алынарда бир топ тепкичтерди өтөт эмеспи. Мына ошол учурда коңгуроо кагуу зарыл эле. Анан эми бар нерсеге сын тагып, ага каршы чыгууну коомчулукка бир аз кечирээк жасалгандай сезилет. Менин оюмча ар бир мамлекетте өзүнүн маалыматтык коопсуздук концепциясы болушу керек. Кыргызстанда дагы бул нерсени расмий түрдө кабыл алууга учур жетти. 2009-жылы биринчиден болуп биз мамлекеттик маалыматтык радиону түптөп жатып мына ушундай максатты көздөгөн элек. Кай мамлекет болбосун өзүнүн маалымат саясатын көз карандысыз жүргүзүүсү абзел. А бирок бул үчүн кандай кадамдар жасалууда - ал башка маселе. Ар бир учурдун талабына жараша кемчиликтер-каталар болот. Бул ирет дагы бийликтеги чечим кабыл алган аткаминерлер, жарандык коом жана эл өзү туура тыянак чыгарат. Келечекте бул маселеге кесипкөйлүк менен мамиле жасап, туура кадамдар жасаларына ишенем. Аша чаап сынга алыш ар дайым оңой. Тажрыйбама жараша, эгерде бул маселеге кандай сунуш бар деген багытта суроо болсо сунуш берүүгө даярмын. Чындыкты айтуу керек, бүгүнкү учурда Кыргызстан көбүнчө Россиянын расмий маалыматтык мейкининде жашап келе жатат жана алардын таасири бизге өтө чоң. Ошол эле учурда биз башка маалыматтык булактарга чыгуу шартыбыз жок. Буга көптөгөн себептер тоскоол болууда. Бирок, өзүбүз эгемен мамлекет болгондон кийин - мамлекеттик деңгээлде көз карандысыз маалыматтык саясатты жүргүзүүгө тийишпиз. Бул жакта туруп биз дүйнөдөгү көптөгөн окуялардан артта калуудабыз же чала гана билебиз. Мисалы Россия өзүнүн стратегиялык кызыкчылыгына туура келбеген маалыматты расмий ММКлар аркылуу бербейт. Мисалы ошол эле "Араб жазынын" келип чыккан себептерин жана кесепетин бербейт. Себеби бүгүнкү күндө Россияда бийликтеги монополияга каршы бир топ күчтөр ачык-айкын сын айтып жатышат. Мындай мисалдар көп. Ал эми биздин аткаминерлер тыюу салуу боюнча мыйзамды кабыл алып жаткан учурда деги эле мамлекеттик масштабда ойлонду бекен? Айтыш кыйын, бирок маалыматка болгон муктаждыкты жаратты. Ал анык нерсе. Менимче чет элдик ММКларга тыюу салуудан мурун мамлекеттик маалыматтык коопсуздук стратегиясын кабыл алганда бир топ маселе, бүгүнкү болуп жаткан көрүнүштөр алдын ала туура чечилмек.
- Шайлоо бүткөндөн кийин кайра эле ММК аркылуу кайым айтышуу, бири-биринин жеңишин тааныбоо деген маселелер чыкпайбы?
- Бул бизде гана эмес башка мамлекетте дагы болуучу көрүнүш. Албетте пресс-жыйындар өтүп, шайлоо бурмаланды деген кадамдар - бул шайлоо технологиясынын акыркы этабындагы бөлүгү. Андан чоочулоонун кереги жок. Эң негизгиси, ошондой маселе жаралган учурда ММКлар өтө жоопкерчиликтүү мамиле жасап, шайлоо боюнча мыйзамга таянып, БШКнын, көз карандысыз уюмдардын көзөмөлдөө боюнча жыйынтыктоочу маалыматтын, жана ошондой эле, өтпөй калган талапкерлердин позицияларын тең жана салмактуу чыгарса, профессионалдуу болмок. Тилекке каршы, айрым ММКлар андай жолго түшпөй кайра тирешүүнү күчөтүү багытын тандап алышы божомол. Бирок ал кадамдар кайра тескери таасир берет, элди бөлүнүүгө алып келчү шарт түзөт. Бирок бүгүнкү учурда, тескерисинче ММКлар бир багыт - бул элдин биримдиктүү гана жол менен өнүгүү идеясын чагылдырса маанилүү болмок. Албетте, Кыргызстандын саясий системасы тарыхый багытта дуалдык принципке таянат. Дайыма чечим кабыл алууда, саясий чоң иштерди аткарууда эки чоң борбор болот. Тарыхыбызда деле географиялык себептен жана жашоо-шартка байланыштуу "оң канат - сол канат" деп, мамлекеттүүлүктүн пайдубалы курулган. Бүгүнкү күндө саясий элита бул маселени орчундаштырып алгандай көрүнөт. Жашоо-турмушта, күнүмдүк шартта дагы өтө бат сиңирип келатат. Мына ошондуктан дуалдык принциптин эң туура гана багытын алып, ал эми бөлүнүүдөн баш тартуу мезгили келип жетти. Ошол нерседен арылууга албетте ММКлар чоң салым кошууга тийиш.
- Ушу шайлоодо КТРК нын ордун аныктап берсеңиз?
- КТРКнын дагы, башка телекомпаниялардын дагы орду шайлоо процессинде өтө чоң. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда эң бир кеңири тараган маалымат каражаты телевидение жана радио. Мисалы 2010-жылдагы парламенттик шайлоону алсак. Анда КТРКнын бир бөлүгү болгон "Кабарлар" маалыматтык радио аркылуу жаңы түзүлгөн "Республика" партиясы жөнүндө маалымат эң көп болгон. СДПК, ошону менен бирге бул маалыматтык каражатты "Ата-Мекен", "Ак-Шумкар", "Ар-Намыс" партиясы көп колдонгон. Ал эми "Ата- Журт", "Бүтүн Кыргызстан" жана "Замандаш" партиялары радиону анча көп колдонгон эмес. Ошол кездеги божомолдор боюнча алдыңкы фаворитте эч бир жерде "Республика" менен "Ар-Намыс" партиясы айтылган эмес, а бирок шайлоонун жыйынтыгында дал ушул партиялар Жогорку Кеңешке өттү. Демек КТРКнын, анын ичинде "Кабарлар" маалыматтык радионун орду өтө чоң болгон. Ошол эле учурда басма сөз беттеринде эң көп позитивдүү же нейтралдуу материалдар СДПК жана "Ата-Мекен" партиясы боюнча чыккан. Ал эми "Ата-Журт" партиясы боюнча негативдүү маалыматтар көбөйгөн. Ошол эле учурда КТРКнын бир чоң бөлүгү болгон маалыматтык радио аркылуу кеткен жарнама тезирээк жеттүүгө мүмкүнчүлүк болду. Демек бул мисал, албетте КТРКнын орду шайлоо процессинде зор экенин айгинелейт. Коомдук болгон соң КТРК өзүнүн милдетинин алкагында элге так жана көз карандысыз маалымат берүүгө тийиш. Бул шайлоо учурунда дагы талапкерлер өзүлөрүнө бекер берилген убакыттан сырткары дагы мөөнөт алууга кызыкдар. Былтыркы шайлоодо кеңири колдонулган жаңы жарнак түрүндөгү маалыматтык жанрды кеңири колдонуусу бул жолу да күтүлүүдө. Анын себеби биздин эл көбүнесе жаңылыктарга ишенет, жана негизги окуялар жөнүндө маалыматтык көрсөтүүлөрдөн, уктуруулардан билет. Ошондуктан бул дагы алдыда боло турган иш. Ошол эле учурда кара-пиардын көрүнүшү КТРКда да болуусу мүмкүн. Бул маселеге жетекчиликтин объективдүүлүктүгү чоң таасир берет. КТРК бул өзүнчө бир уюм, ал жакта ички жана тышкы кызыкчылыктар орун алат. Ошондуктан толук кандуу объективдүүлүктү сактоо оор жумуш, бирок буга аракет кылуу өтө зарыл. Деги эле ММКлардын арасында ички жоопкерчилик, жана автордук жоопкерчилик бүгүнкү күндө оор маселе. Бирок бул мамлекеттин өнүгүү жолундагы терс көрүнүштөр бара-бара жоюлчу иштер деп ойлойм. Кыргызстандын жарык келечеги албетте ар бирибиздин колубузда. Аракет кылсак гана баары оң болот.
маектешкен
Гүлзат ТЫНАЛИЕВА





кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??