PRESSKG.COM



п»ї

  Кендир кескен кен байлык

Еврей кетти, эми кимге шылтайбыз?
(Уландысы. Башы 2-бетте)
Булар азыркы күндө белгилүү гана алтын кендери, эгер геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлсө мындан да көп болушу мүмкүн. Бизге белгилүү алтын боюнча канадалыктар иштеткен Кум-Төр алтын кени жана анын айланасындагы ар кандай маселелер. Бирок чет элдик инвесторлор тарабынан иштетилип жаткан калган алтын кендеринин иши эмнегедир ачыкка чыкпай баары эле Кум-Төрдүн көлөкөсүндө калып жаткандай. Кымындай ишке деле комиссия түзө койчу Жогорку Кеңеш "Кыргызстанда инвесторлор кендерибизди кантип иштетип жатат" деп, өзгөчө ызы-чуу чыккан Иштамберди, Тереккан, Жер-Үй боюнча атайын комиссия түзүп, иликтеген жок. Ал гана эмес ар бир министрликке байкоочу кеңештер түзүлүп (кээлери дежурный), эмнегедир бул министрликте андай адамдардын тобу жок. Эгер Кыргызстанды кризистен чыгарчу ушул тармак болсо, анда эмне үчүн иши көзөмөлгө алынбайт?! -деген суроо жаралат.
Көптөн бери чекит коюлбаган кен казуу боюнча маселелер кайрадан шайлоо убагында козголду. Бул бир жагынан азыркы Атамбаев-Бабанов жетектеген өкмөттүн имиджине шек келтирүү болсо, экинчи жагынан элдин көкөйүнө көк таштай эле тийгендей болду. Эшектердин жоголгонунан баштап, экологиянын бузулушуна чейинки көйгөйлөр жана эң негизгиси бюджетке түшө турган каражаттардын эсебинин так эместиги, кендердин Кытай тарапка келечекте курула туруучу темир жолдун акысына берилет деген божомолу болуп жатат. Эске салсак, Жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенаманов портфель бөлүштүрүүдө "Республика" партиясынан келген адам. Быйылкы жылдын эсебинен эң көп сөгүш, эскертүү алган чиновник болуп саналат. Отставка тууралуу азырынча сөз жок. Үстүбүздөгү жылдын 14-февралында Эсенаманов Ош-Эркечтам жолунун курулушуна 50 миллион доллар жетишпей, Кыргызстан карыз болуп жатканын жана анын ордуна Жалал-Абад областындагы Иштамберди алтын кенин Кытайдын "Фул Голд Майнинг" компаниясына иштетүүгө берилгенин айткан. Андан көп узабай өкмөт жетекчилиги менен кошо министр Эсенаманов Кытайга иш сапары менен барып келгенден кийин кыргыз-кытай-өзбек темир жолунун курулушу үчүн дагы Кытай тарапка Терек-Сай, Сандык, Жетим-Тоо кендери берилет деген кептер чыккан. Ага кошумча Эсенамановдун Tazabek маалымат булагына мындай деген интервью бергени себеп болду: "Ни для кого не секрет, что было постановление правительства о том, что месторождения Жетим-Тоо [железнорудное], Сандык [алюминиевое] и Терек-Сай [золоторудное] будут переданы инвесторам для разработки и финансировании строительства железной дороги." Министр мырзанын бул айткандары элдин кыжырын келтирип, өкмөт башчы ага сөгүш берүүгө аргасыз болду. Эскперттердин жана депутат Карганбек Самаковдун айтымында Жетим темир кенинде 3 триллион доллар акча жатса, Сандык алюминий кенинде 150 миллиард долларлык байлык бар. Ал эми кыргыз-кытай-өзбек темир жолуна 2 миллиарддан 4 миллиардка чейин доллардын тегерегинде акча керектелерин өкмөт өзү жар салган. Өкмөт тарабынан такталбаган маалымат боюнча Кытай ушу кезге чейин эле жогорудагы кендерди 3,2 триллион долларга баалаган. Жергиликтүү элдердин жана адистердин пикирине таянсак, эгер Кытай тарап ишин уланта берсе анда Нарын дарыясына да кедергисин тийгизип, гидросистемабыз да бузулушу мүмкүн. Кытай капканды төрт тарабынан салат. Эгер Нарын дарыясындагы Россиянын колдоосу менен курулуп жаткан ГЭСтер токтотулуп, орус инвесторлору аргасыз артка кайтса, бир жагынан экономикада Россиянын таасири азаят, экинчи жагынан кыргыз тарап карызга батат. (Анан Кытайга барабыз кайра акча сурап). Таңгалыштуусу биздин министрликте отурган эксперттер эмнени анализдешет?! Азыркы техникалык коомдо дүйнө алтынга эмес, темирге муктаж болуп жатканын билишпейби. Ал эмес, дүйнөлүк коомчулук 30 жылда темир запасы бүтөт деп жатышпайбы! Ал эми биздин Жетим-Тоонун темири азыр эле 3 триллионго бааланып жатса, дагы беш-он жылда биз үчүн баш айланткан суммада бааланары анык.
Кыргызстанда кен байлыктарды иштетүүгө жана чалгындоого 900 лицензия берилген (абдан көп). Бул болсо Кум-Төр сыяктуу кендерден дагы 900 бар дегендикке жатат. Уруксат берилген 900 лицензиянын 500 гө жакыны кен иштетүүгө макул дегени, ал эми калган 400 чалгындоо иштерине карата берилген макулдук. Бирок, 500 кен өндүрүлгөн өндүрүштүн ичинен Кум-Төр гана көзгө көрүнөт. Калганын кимдер, качантан бери, канча убакытка алып иштетип жаткандыгы, бюджетке кирешеси канча экени, акциялары жана акция ээлери кимдер экендиги белгисиз. Эң кызыктуусу ошол кендерди казууга уруксатты кимдер берген? Лицензия алуу үчүн өтө көп процесстерден, комиссиядан өтүп анан макулдук берилет. Биздин коррупциялашкан мамлекетте анын пайдасын кимдер көрүп жатат? Баягы эле чиновниктер. Биздин инвесторлорду да кайра артка кетирип жаткандар ошолор. Анткени долларларды берип, (башкача жол менен өтүүгө жол жок) эптеп лицензия алып, келишим түзгөн инвесторлор жаңы эле иштеп баштаганда, аны эл билип калып каршы чыкканда, аргасыз ишин токтотот. Анан кантип инвестициялык климат түзүлөт! Бир жагынан коррупция, экинчи жагынан чоңдордун чөнтөгүн толтуруп жатса, салыкты мамлекетке же чиновникке төлөрүн билбей отказ беришет. Өткөн аптада Бабановдун Чаткал, Ала-Бука райондорунда болгон иш сапарында жергиликтүү элдин каршылыгы менен Иштамберди кени убактылуу токтотулган (себеби шайлоо). Ырас, акыркы убакта кен иштетүү тармагы коалициялык өкмөткө каршы куралга айланды. Бирок, кен иштетет десе элди уулуктурбай, чарбалык турмушуна шек келтирбей, экинчи жагынан бардык кен байлыктардын иштетилип жатканы ачыкка чыгышы керек. Башкасын айтпаганда да Кум-Төрдүн акцияларын ачыкка чыгарып, ачык сатууну Центеррадан талап кылуу керек. Анан таң калыштуусу Кытайдан башка инвесторлор жокпу!? Болсо алар биздин эмнебизден качат?
Бир кезде еврейлер келип бардыгын талкалап кетти дешти эле эми еврейлер деле кетти окшойт, кимге шылтоолойбуз? Жаратылыш ресурстар министри Эсенамановдун бир гезитке берген маегинде өлкөбүздүн жер астындагы байлыгынын баасы 500 миллиард доллар экендигин айткан. Анын кайсы эсепчиси эсептеп бергени белгисиз. Башка мамлекеттер кендерин триллион менен эсептесе, биз байкуш миллиондон башыбыз айланып, миллиардды кыялданып бүтө элекпиз.

Элизат ТУРСУНОВА




  Датканын тоюнда

250 боз үй тигилип, Бабанов темир тулпар белек кылды
Кыргыз элинин башкаруучусу, айтылуу аял датка, кыргыздардын 19-кылымдагы тарыхында өз орду бар, даңазалуу Курманжан датка энебиздин 200 жылдык торколуу мааракесин белгилөөгө даярдыктар көптөн бери көрүлүп, аны өткөрүү үчүн атайын дирекция түзүлгөн эле.

200 жылдыктын алкагында көптөгөн илимий, практикалык иш-чаралар, конференция, семинарлар өткөрүлдү. Курманжан датканын 200 жылдыгынын жыйынтыктоочу бөлүгү анын кичи мекени Алай жергесинин Гүлчө айылында өткөрүлгөн салтанаттуу концерттик, оюн-зооктук иш-чаралар болду.
Курманжан датканын 200 жылдыгына арналган Гүлчөдөгү мааракеде 250 боз үй тигилип, ондогон жылкы, 200дөн ашык кой союлуп, 5 миңден ашык адам катышып, ар түрдүү улуттук ат оюндарынын, кыргыз сахна жылдыздарынын ыр өнөрлөрүнө күбө болуп кайтышты. Боз үйлөрдүн сынагы өткөрүлүп, алдыңкы 3 орунду ээлегендер акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.
Өлкө жетекчилигинен Президент Роза Отунбаева, ЖК төрагасы Ахматбек Келдибеков, Өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов, вице-премьер Ибрагим Жунусов, мааракени өткөрүү дирекциясынын төрагасы Султан Раев, "Курманжан датка" фондунун төрайымы, депутат Жылдыз Жолдошева ж.б. көптөгөн, коомдук, саясий ишмерлер, депутаттар катышты. Алгач өлкө жетекчилери Алай районунун борборунда оңдолуп, түзөлүп кайрадан ачылган Курманжан датканын музейинде болушуп, андагы даңазалуу датканын колу тийип, өз колу менен жасаган буюм-тайымдарды көрүштү.
Мааракенин күндүзгү бөлүгүндө эл улуттук ат оюндардын кызыгына батышса, экинчи бөлүгүндө театрлаштырылган концерттик программаларга күбө болушту. Концерт соңунда көктү карай фейерверктер атылып, мааракенин даңазасын арттырды.
Роза Отунбаева баш болгон өлкө жетекчилери элди Курманжан датканын 200 жылдыгы менен куттуктап, анын кыргыз элинин тарыхындагы басып өткөн жолуна токтолуп жатышты. Ал эми өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов 200 жылдыкка менин белегим деп, өз жанынан кымбат баалуу автоунааны белекке берди. Өз сөзүндө өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов кезинде элдин башын бириктирип, кыргызды сырткы душмандардын кыргынынан даанышмандыгы, кайраттуулугу, чечкиндүүлүгү, эрктүүлүгү менен сактап калган Курманжан Датка бүгүн да элдин башын бириктирип жаткандыгын белгиледи. "Ал мамлекеттик ишмер, дипломатиянын тубаса адиси жана өз элинин патриоту болгон.
Курманжан датка өз доорунун илимдүү-билимдүү адамы болгону шексиз. Ал миңдеген сап ырларды жатка айткан. Анын кошкон кошогу алиге чейин аңыз болуп айтылып келет" деп эскерген Өмүрбек мырза кыргыздын башына мүшкүл иш түшүп турганда, элдин амандыгы үчүн өз баласын курмандыкка чалгандыгын кошумчалап, "Датка энебиздин басып өткөн жолу бүгүнкү биздин мамлекетибиз үчүн зор үлгү. Ардактуу алайлык туугандар! Аскасы асман тиреген айтылуу Алай жергеси ар дайым өз табияты менен суктандырып турат. Кудайдын мээри түшкөн бул касиеттүү жер азыр да элибизге чыгаан уул-кыздарды берип келет. Келечекте дагы бул жерден Курманжан энебиз сыяктуу мыкты инсандар чыгарына мен терең ишенем. Куттуу Алай жергесинин түптүү эли ар дайым аман болсун! Жергебизде тынчтык, элибизде ынтымак болсун! Баарыбызды Алымбек атабыз менен Курманжан энебиздин арбагы колдосун!"- деген каалоо, тилегин билдирди.
Акылбек Курманалиев





кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??