PRESSKG.COM



п»ї

Ташиев деги каяктан?
Ал дагы биздин саяктан!
Талапкерлер максатына жетүү үчүн баарына даяр. Атүгүл жердигин да бир паста өзгөртүп ийип атышат. Буга мисал, Камчыбек Ташиев мырзанын кадамы айтылууда. Кыдыршай атанын уулу өгүнү Жумгалга жолугушууга барганда: "Менин уруум саяк, өзүңөрдүн уулуңармын" дегендей ички сырын төгүптүр дейт. Ал жактан чыккан соң ондон ашуун адамын Талас дубанына жөнөтүп: "Ташиевдин уруусу саруу деген сөз тараткыла. Анан артыңардан барам..." маанисинде тапшырма бериптир. Ал эми өзү Жалал-Абад аймагын кыдырганда: "Мен силердин кулунуңармын. Мага добушуңарды бергиле" деп үгүт жүргүзгөнү элдин эсинде сакталуу. Анан бийлик үчүн ар кайсы урууга "тийип-чыга" бергени Камчыбек мырзага аброй алып келбейт го. Андыктан, албан талапкерибиз кичи мекенин чанганын токтотор... Баса, коомчулуктун бүйүрүн Камчыкеге Балыкчынын тургундары 12 канат боз үй белек кылганы кызытты. Муну тыкыр иликтеп, боз үй таржымалынын чыныгы сырын иликтеп ийгендер болду. Алардын айтымында Камчыкенин кишилери алдын ала Балыкчыга барып, жанагы 12 канат боз үйдү сатып алыптыр. Андан кийин жолугушуу маалында Ташиевге боз үйдү белекке бергендей маанайда сценарий түзүшүптүр. Муну Камчыбек мырза билбесе керек. Эгер билбесе, эми жан-жөкөрлөрүнүн ашыкча кошоматчылыгын тыяр. Антпесе, жасалма жол менен аброй чогултуу...


Кокон корозчо чукчуңдашып...
Кечээ Экономиканы жөнгө салуу министри Учкун Ташбаев менен каржы министиринин орун басары Арзыбек Кожошев жогорку кеңештин фискалдык жана акча кредити боюнча саясат комитетинин отурумунда чукчуңдаша кетишти. 2012-2014-жылдын бюджетин талкуулоо жана талдоодо Экономиканы жөнгө салуу министри өзүн "эшек эмесмин кайда болсо минип кете бергидей" десе, министрдин орун басары Арзыбек Кожошев "Мен доклад менен бул эмес, башка комитетке келгем" деп сөөм-сөөм бийигирээк турган министрдин оозун "аппак" кылды. Сыягы бул өкмөт мүчөлөрү депутаттардын астында Кокон короздорунча чукчуңдашып күчтөрүн көргөзүп коелу дешсе керек. Баракелде!


Алдаяр соттолду
Аты өзбекче, фамилясы кыргызча, бирок улуту корей, Казакстанда эле эмес Бишкекте да бир топ буйрутма өлүмдөргө тиешеси бар деп айыпталып жүргөн УКМКнын кызматкери Алдаяр Исманкулов апрель окуяларынан кийин издөөдө жүрүп Казакстандан кармалган. Жакында эле журналист Геннадий Повлюктун өлүмү боюнча Алматы шаарында район аралык соту өз бүтүмүн чыгарып шериктери Алмаз Игиликовго он, Уразалинге он бир , ал эми башкы күнөөкөр катары карап Алдаяр Исманкуловго он жети жыл мөөнөт берди. Кан узатпайт деген чын да…


"Современный" Шералы
"Кимдин кимдин заманы, Шералы хандын заманы" деп кадимки Курманжан датканын образын камтыган "Сынган кылыч" романында кенен сүрөттөлгөн Шералы деген хан сыяктуу бирөө болгон. Аны баарыңыздар жакшы билесиздер. Былтыркы парламенттик шайлоодо "Ата Журт" партиясы жеңип келгенден кийин эле кимдин кимдин заманы Ахматбек Келдибековдун заманы болду да калды ак чардак. Анын бир мисалы эле кечээ Датка энебиздин эки жүз жылдык тоюна арналган салтанатта Келдибеков мырза кекиртегинен чыкканча ак молдодон айдап алып тайраңдап бийледи, ар кимди жулкулдатты, сулуулар менен "сырдашты" айтор, Датка энебиздин эмес Келдибековдун тою болгондой эле кичи мекенинде каалагандай чартаңдаганын көпчүлүк бир айтып бир койбой эси ооп аткан чагы. Кыязы, парламенттик бийликтен деле кайтат окшойбуз.


Путин Кыргызстанга келеби?
Элита чөйрөсүндө дал ушундай сөз тарады. Айтылган кепке ишенсек, орус премьери Владимир Путин Бишкекке мейман катары келип, өзүнүн атынан коюлган чокуга саякат жасайт экен. Эске салсак, кыргыз өкмөтү 4446 метр бийиктикте жайгашкан чокуну "Владимир Путин атындагы чоку" деп атоо демилгесин көтөргөн. Муну парламент да колдоп, атайын мыйзам кабыл алышкан. Кыргыз бийлигинин мындай мамилеси Путин мырзага жаккан белем, эми өзүнүн атын алган чокуга саякат жасаганы туру. Орус башбаканы визит алкагында кимдерге жолугуп, алдыдагы ажо жарышта кимди ачык колдорун убакыт көрсөтөр...


Кыргыздын курсагын шайлоо тойгузат
БУУнун Азык-түлүк уюму 10-октябрда "2011-жылдагы азык-түлүк коопсуздугунун абалы" деп аталган жылдык баяндамасын жарыялады. Анда айтылгандай, азыркы кымбат жана өзгөрүлмө баа азык-түлүк коопсуздугуна глобалдык деңгээлде салым кошкон фактор жана эл аралык коомчулуктун олуттуу тынчсыздануусунун негизги булагы. Ал ортодо эл аралык абройлуу уюмдар жер чапчып "азык-түлүк коопсуздугун алдын ала чараларды кабыл алалы" деп коңгуроо кагып жатса, биздин билермандар шайлоо деген вирус менен ооруп элдин абалын эске албастан чилдирман чертип жүрүшөт.


Жапаров жашынам деди
Президенттик жарышка алгачкылардан болуп камданып, былтыркы жайдын ала шалбыртынан баштап эле команда, пикирлеш издей баштаган дагы бир талапкер аттан түшүп, тизгинин башкасына карматты. Көшөгө артындагы тизгин талашкан Атамбаев көз ымдаган имиш деген маалымат тараганын айтса, Акылбек Үсөнбекович болсо партия ичиндеги лидерликти талаш, Кулов менен болгон фракциядагы чыр-чатак жана Калматов дегендин ич ара оюндары себеп болгонун досторуна кыйытты. Эмне болсо да Жапаров эч бир шайлоодо жеңишкке жетишпеген "Ар-Намысты" алдыга чыгарып, азыркы талапкерлерден айырмаланып, биринчи болуп "Мобил" экономикалык программасын эл таразасына алып чыкты. "Маладес!" деп койбойлубу.


Калматовдун тили буруу ыкмасы
Акыркы кезде Орусияга сапар тартмай менен "күчтүү саясатчы болмой" өнөкөт болбодубу. Андайдын эпкини менен Анарбек Калматов да августтун аяк ченинде күтүүсүздөн Россияны көздөй сапар тарткан болчу. А кишинин бу сапарын Mekendeshter.kg сайты төмөндөгүчө чечмелеген: "Жакында президенттикке кандидат депутат Анарбек Калматов түшүнөн чочугансып эле Москвага учуптур. Жетип эле ар кайсы тааныштары менен пиво ичип, бир түнөп алып эле кайра артка, Бишкекке учкан экен. Анда жанында коштоп жүргөн жандоочтору "Эмнеге келдик да, эмнеге кеттик? Ушул итбай-чотбайлар менен пиво ичкени эле келдик беле?"-деп сурашса, "Азыр ушул мода болуп жатпайбы. Эгер Москвага келип кетсең "Ээ ушунун Москвада, Кремлде колдоочусу бар экен"-деп, сени саясатчы катары таанып, эсептеше баштайт экен. Антпесең сени кыргыздар маңка катары көрүшкөнүн байкап жатпаймбы? Бишкекке барганда шеф Москвадан чоң акча алып келди деп имиш тараткыла, ошондо көрөсүң, биздин короого элдер жайнап келе баштаганын" дептир. Эми Баратовичти кайсы "орус досу" колдоп атканы белгисиз.


  Өкмөт акенин "особый" кадамы

Көңүл чордонунда наркобизнес...
Өткөн жума соңунда өкмөт башчынын милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов Россиянын наркотикага каршы күрөшүү федералдык кызматынын директор орун басары жана мамлекеттик антинаркотикалык комитеттин жетекчиси Николай Цветков менен жолугушту. Анда мыйзамсыз наркобизнеске каршы күрөшүү жаатында кыргыз-орус кызматташтыгын чыңдоо, өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Өмүрбек Бабанов: "Кыргызстандын мыйзамсыз наркотикага каршы күрөшүү ишинде сиздин колдооңуз чоң мааниге ээ" деди. Бабановдун сөзүн колдогон Николай Цветков бул жаатта кызматташтыкты өнүктүрүү Россия үчүн приоритеттүү маселелелердин бири экендигине токтолуп, Кыргызстандын наркотиканы көзөмөлдөө кызматынын ишинде жылыштар байкалып жаткандыгын, натыйжалуулук 20 эсеге өскөндүгүн баса белгиледи. Ошондой эле тараптар Афганистан тараптан болуп келаткан наркотикалык агрессияга каршы туруу маселелерин карашты. Эл аралык коомчулук мыйзамсыз наркожүгүртүүгө каршы биргеликте күрөш жүргүзүп жаткандыгына карабастан Афганистандан болгон коркунуч негизгилерден болуп келаткандыгын эки тарап тең белгилешти. Ошондуктан бүгүнкү мезгил трансулуттук наркобизнеске каршы күрөшүүнү талап кылып жатат. Жолугушууда бул жааттагы кызматташтык конструктивдүү, динамикалуу түрдө өнүгүп жаткандыгы белгиленди. Муну биргеликте тез-тез өткөрүп жаткан иш-чаралар, ар кандай антинаркотикалык долбоорлордун ишке ашырылуусу айгинелейт.




кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??