PRESSKG.COM



п»ї

  Кендир кескен кен байлык

Еврей кетти, эми кимге шылтайбыз?
Кыргызстанда акыркы кездери кен казуу ишине байланышкан бир канча маселелер калк арасында кызуу талкууну жаратты. Шайлоонун шарапаты менен айрым иштетүүгө уруксат берилген жана иштеп жаткан кендер дагы жабылды. Ал гана эмес жаратылыш ресурстары министри З.Эсенаманов кайра-кайра сөгүш алганга да жетишти. Кыргызстанда тоо-кендери жана алардагы запастар, гидроресурстардан кийинки эле орунда турат. Бирок, эмнегедир мурун союздук масштабда тоо-кен өнөр жайы боюнча алдыңкы орунда турган Кыргызстан азыр бул тармакта анчалык көп ийгиликке жетише элек, жедирип эле келет.

Кыргызстан эгемендүүлүк алган 20 жыл ичинде экономиканы көтөрүү, киреше алып келүү үчүн эмне менен гана алектенген жок. Андай ур-токмокко алынып, пайдасы жеп-ичерлердин кекиртегине кеткен тармактын бири тоо кендерин иштетүү - кен казуу тармагы. Экинчи дүйнөлүк согушта Кыргыз ССРи Советтер Союзунда өндүрүлгөн свинецтин 15-18 пайызын, ошондой эле сымап, сурьма өндүрүү боюнча дагы алдыңкы орунда туруп, адистердин айтымында согуш маалында ар бир үчүнчү окто (пистондо) Кыргызстандын сурьмасы колдонулган. Ага улай эле бир канча жаратылыш газы жана нефти чыгуучу жерлер, эң сейрек кездешүүчү молибден химиялык элементи табылган. 1980-жылдардын аягында Баткен областынын аймагындагы Кадамжай сурьма комбинаты жана Хайдаркен сымап комбинаты дүйнөдө үчүнчү орунда турган. Ошондой эле Кыргызстан көмүр казуу боюнча алдыңкы орунга чыгып, анын эң жеткен чеги 1979-жылы катталып, бир жылдык өндүрүмдүүлүгү 5 миллион тонна көмүргө жеткен. Эгемендик алгандан тартып тоо-кен өнөр жайларынын иши токтоп, айрымдары таланып тонолуп кеткен. Бирок, Кыргызстан өзүнүн кен байлыгын өзү иштете албаса да, чет элдиктердин кызыгуусун жаратып, алар ар кандай жол менен иштетүүгө лицензия алып, теңсиз келишимдердин негизинде биздин жаратылыш ресурстарды өндүрүп, өздөрүнө оңбогондой керешелерди алып жатышат.
Кыргызстандын аймагындагы кен байлыктардын ичинен эң эле дүйнөгө белгилүүсү бул алтын кендери болуп саналат. Акыркы убактагы дүйнөлүк кризистерде ансыз деле экономикасы чөгүп турган Кыргызстанды таптакыр жокко чыгарбай кармап турган нерсе бул - дүйнөлүк рынокто алтындын баасынын туруктуу сакталып калганы болду. Аналитиктердин баамында өлкөбүздүн алтын ресурсу 2,5-3 миң тоннага жетет. Алардын ичинен 23 алтын кендери алтын өндүрүүгө болот деп катталып, ал кендерде 1 миң тоннага жакын алтын запасы аныкталган. Андан сырткары дагы 20дан ашык алтын кени эксплуатацияга жана эксплуатациялык чалгындоо иштерине даяр. Алар төмөнкүлөр: (алтын кендери жана андагы запастар)
Жер-Үй - 74.6 т. 1 тоннада - 6,3 гр алтын
Талды-Булак Левобер - 125 т. 1 тоннада-
6 гр. алтын
Иштамберди - 35.6 т. 1 тоннада 7,4 гр. алтын
Үңкүр-Таш - 45 т. 1 тоннада 3 гр. алтын
Куру-Тегерек - 7.5 т. 1 тоннада 2,67 гр. алтын
Бозымчак - 43 т. 1 тоннада 2 гр. алтын
Ничке-Суу - 11.6 т. тоннада 5,38 гр. алтын
Чал-Куйрук - 13.9 т. тоннада 4,2 гр. алтын
Талды-Булак - 30 т. 1тоннада 1,8 гр. алтын
Андаш - 32 т. 1 тоннада 1,2 гр. алтын
Кичи-Сандык - 27 т. 1 тоннада 6,6 гр. алтын
Тохтозан - 27.3 т. 1тоннада 2,8 гр. алтын
Жамгыр - 12.8 т. 1 тоннада 9,5 гр. алтын
Шыраалжын - 15 т. 1 тоннада 4,68 гр. алтын
Тоголок - 27 т. 1 тоннада 4,7 гр. алтын
Алтын-Жылга - 34 т. 1 тоннада 6,4 гр. алтын
Кара-Казык - 9 т. 1 тоннада 14 гр. алтын
Кум-Төр - 6.5 т. 1 тоннада 7,5 гр. алтын
Куран-Жайлоо - 8 т. 1 тоннада 10 гр. алтын
Перевальное - 7.5 т. 1тоннада 7,5 гр. алтын
Тереккан - 40 т.1 тоннада 4,3 гр. алтын
Солтонсары - 6.3 т. 1 тоннада 6 гр. алтын
Савоярды - 8 т. 1тоннада 6,5 гр. алтын
(Уландысы 4-бетте)




  Соболтөр

Кыргызстандын кен байлыктарын инвесторлорго бериш керекпи же
мамлекеттин балансында калышы керекпи?
Бегалы Норгозуев,
экс-депутат:
- Менин оюмча бардык кен байлыктардын 70 пайызы бизге, 30 пайызы инвесторлорго берилиш керек. Бирок, биздин президенттер бул шартты өздөрү бузуп, долбоорлорду коррупцияга айлантып жиберип жатышат. Туугандары миллиардер болгусу келет. Бала-чакасы, неберелерине жеткидей Рокфеллер сыяктуу таасирдүү финансылык-саясий кландарды түзүүнү кыялданышат. Элдик көзөмөл болбосо биздин бийликтегилер оңолбойт экен. Эгер 70:30 шарты сакталса мен инвесторлорго бериш керек деп ойлойм. Ал 70 пайыздын 50 пайызы республикалык бюджетке, 20 пайызы кен турган жердин жергиликтүү бюджетине берилиши керек.


Манас Саматов,
Айылдык
өндүрүшчүлөр
ассоциациясынын
аткаруучу
директору:
- Кыргыз элине таандык болгон кен байлыктардын баардыгы мамлекеттин балансында болгону дурус. Инвесторлор менен түзүлгөн келишимдерде ошол байлыктардан кыргыз элине тие турган үлүшүнүн көлөмү так жана даана көрсөтүлүшү керек. Антпесе бардык байлыктарыбыз инвесторлордун жана алар менен тымызын тил табышып кеткен чиновниктердин гана кызыкчылыгы үчүн кызмат кылып, эл четте калып келе жатат.


Улан Карыпов,
журналист:
- Кыргызстандын кен-байлыктарын инвесторлорго толугу менен бериш керек дегенге кошула албайм. Бирок Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алган шарттарда гана келишим түзүп, инвесторлорду тартса жаман болбойт деп ойлойм. Кандай гана инвесторлор келбесин, эң алгач Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алуу зарыл


Мирсулжан
Намазалиев,
саясат таануучу:
- Тилекке каршы кен байлыктар атка минерлер тарабынан ар-тарапка чачылып, уурдалып, жыйынтыксыз иштетилип жатат. Минералдык ресурстарыбыз бар деп коёбуз да, анан аларды иштете албай, инвесторлорго бир лицензия берип, аны кайра тартып алып, айтор инвестициялык баркыбыз дагы төмөн түшүп кетти. Андыктан, алардын жеке менчикке өтүп, анан мамлекет менен жеке инвестордун ортосундагы келишим ишке ашырылышы керек. Ошондо гана биздин элибиз көбүрөөк акча таап баштайт, азыр жалаң гана чиновниктер акча таап, байкуш эл же жумушу жок, же кен байлыгы жок ачка калууда.


Акылбек
Мамадалиев,
журналист, акын:
- Албетте, мамлекетте болушу кажет да, чет элдик инвесторлор деген кимдер? Алар бүгүн бар, эртең жок болгон адамдар да. Ал эми мамлекет өз кен байлыктарына ээ болуу саясатын жүргүзүп, чет элдик инвесторлордун аракетин өлкө кызыкчылыгы үчүн гана пайдаланышы керек деген ойдомун. Тилекке каршы мамлекеттин чамасы чарк болуп жатканы кейитет.

Даярдаган
Нургүл ИБРАЕВА









кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??