Ай-ажар

Дүйнө сулуулугун багындыргысы келген кыргыз периси
Назира
"Кыргызстан сулуусу-2011" сынагынын жеңүүчүсү Назира Нуржанова эми Лондондо өтө турчу дүйнөлүк сулуулар сынагына жолдомо алып олтурат. Назира убакыт аз калгандыгына карабай демөөрчү издеп, буту-бутуна тийбей даярданып жүргөн убагы.

- Лондондо өтө турчу дүйнөлүк сулуулар сынагынын эрежелери менен тааныштыңбы?
- Албетте, бул сынак дүйнөлүк аренада өтүп жаткан соң, анын эрежелери да абдан татаал. Ар бир катышуучу өзүн туура жана так, маданияттуу алып жүрүшү керек. Сынак үч жума улангандыктан, калыстар тобу катышуучулардын баскан-турганына чейин кылдаттык менен көңүл бурушат. Ар бир катышуучу өз мамлекетинин атынан чыгып аткан соң, өлкөнүн жүзү, намысы болуп эсептелинет. Ошондуктан, бул чоң эмгекти талап кылган жоопкерчиликтүү сынак деп айтсак болот. Учурда убакыттын аз калганына карабай "Дильбар" мода үйүнө кайрылып, улуттук жана театралдык көйнөктөрдү тиктирип жатам. Буюрса, жакшы даярдыктар менен сынакка аттанам деп ойлойм.
- Дүйнөлүк деңгээлде өтө турчу сынакка мамлекет тарабынан кандай колдоо болууда?
- Менин билишимче мамлекет спорт чөйрөсүнө көбүрөөк көңүл буруп, спорт чеберлерибиздин дүйнөлүк чемпионаттарга катышып келүүсүнө кандайдыр бир деңгээлде жардам берип келишет. Анткени, спорт жаатындагы жагымдуу жыйынтыктар менен алар Кыргызстандын атын чыгарып, башка мамлекеттерге таанытып жатышат. Ал эми буга чейин мамлекет тарабынан эл аралык сулуулар конкурстарына катышкан кыздарга азыркыга чейин маани беришкен эмес. Ошентсе дагы эл арасында мода дүйнөсүнө кайдыгер карабаган, кыргыздын патриот инсандары бар экен. Кыргызстандын атын дүйнөгө таанытыш үчүн кичинекей болсо да аракетин жумшаган адамдар мага жардам берүүдө. Аларга мен ыраазычылык билдирет элем.
- "Кыргызстан сулуусу-2011" сынагынын жыйынтыгында жеңүүчү аталдың эле, алар кандай жардам беришүүдө?
- Ал сынактын уюштуруучусу "Интер Альянс KG" компаниясы Кудай жалгап лицензиясын төлөп беришти. Бирок, барып, келчү билеттер, сынакка кийип чыкчу кийимдеримдин баасы жана башка чыгымдар болуп, бир топ каражаттарды чапчыйт экен. Аларды өзүмдүн капчыгыман чыга турганын айтышкан.
- Кайсыл дизайнер, стилист, визажисттер менен иштешип жатасың?
- Учурда мага улуттук колориттеги кийимдерди заманбап стилде чыгарган дизайнер Дильбар Ашымбекова жардам берүүдө, ал эми стилист, визажисттерди издөөдөмүн.
- Кыргызстандын атынан чыгып аткан соң, кандай жыйынтыктарды күтүп атасың?
- Кыргызстан мындай чоң денгээлдеги сынакка биринчи жолу катышып жатат. Конкурстун берилген тапшырмаларын туура, так аткарууга аракет кылам. Албетте, менин атаандаштарым да күчтүү экенин айта кетиш керек. Анткени, башка мамлекеттен барган катышуучулар делегаттар менен барышат жана алар чоң колдоого ээ.
- Буга чейин бир нече сынактарга катышып жүргөнүңдү билебиз, дегеле, сулуулар сынагына эмне максат менен аттанасың?
- Биринчи жолу мындай конкурска 2009-жылы катышкан элем. Ар бир айым өзүн пери сезгиси келет эмеспи… Анда албетте, жөн гана кызыгуу менен өзүмдүн күчүмдү сынап көрүүгө аракет кылгам. Ал конкурстан да жагымдуу жыйынтыктарга ээ болгом. Андан кийинки сынактарга чоң жоопкерчилик менен катыша баштадым.
- Сулуулукту кандай түшүнөсүң жана сулуу айымдар жашоодо ийгиликке бат жетише алышат дегенге кандай карайсың?
- Негизи кыргыздын ар бир айымы сулуу. Мен үчүн сулуулук бул- өжөрлүк (упорство) жана акыл менен гармонияда болуу деп ойлойм. Бир гана сулуулук менен ийгиликтерге бат жетүүгө болот деп айткандан алысмын.
- Алдыда дагы кандай максаттарың бар?
- Буюрса, режиссер Темир Бирназаровдун жаңы тасмасына тартылып бүтүп калдым. Бул менин кино жаатындагы биринчи эмгегим. Бул тасмада терс каармандын образын жараттым. Келечекте дагы кинодо ар түрдүү образ жаратсам деп үмүттөнөм.
Нургүл ИБРАЕВА