PRESSKG.COM



п»ї

  Күч берен

Тактаров жана дөө-шаалар
Дүйнөдө ар бир кесиптин "генийлери" бар. Алардын таланттарына күбө болгон адамдар, "азамат, бали!" деп гана макташып, ошол адам тууралуу маалыматтарды алгысы келет. А таланттуулар болсо, бардык тармактан кезигет. Бүгүнкү саныбызда эрежесиз мушташта атаандаштарын муунта калып, кайрый салып, уктата чаап чемпион болгон Олег Тактаровтун Орусиянын маалымдоочу каражаттарынын бирине берген маегин берели деп чечтик. Себеби, кыргыздын мушкер спортчулары да дүйнөлүк чемпиондордун кыймыл-аракетине баам салып, аларга карай спорттук карьераларын көтөрүүгө шыктанышат.

- Сиздин Александр Поветкиндин карьерасына баам салып келе жатканыңызды билем. Ушундан улам биздин супер оор салмактагы мушкерибиздин чемпиондук таймашта, Руслан Чагаевди жеңиши туураалуу сиздин пикириңизди сурабасам болбос.
-Мен Сашанын Чагаев менен боксташып, анын үстүнөн жеңишке жетишкенине абдан кубанычтамын. Ал тайбастыгын көрсөтө алды. Алтынчы раундга келгенде кыйынчылыкка кабылды, бирок, кырдаалды жөнгө салып кетти. Мындай нерсени анын машыктыруучусу Тедди Атлас эмес, дал өзү жасады. Бурчтагы кармаштан оңой чыкты. Машыктыруучусун түшүнө билип, керектүү аракеттерди колдонду. Менин оюмча мындай кармаштар Сашанын мыктылыгын көрсөтүүдө. Эгерде ал машыгууну улантып, бутун туура койсо, биз такыр башка Поветкинди көрө алабыз. Анын таланттары толугу менен ачыла элек. Отуз жаш бул колдо барын гана кармап калуу эмес. Менин оюмча спорттун бул түрүндө эң аз эле дегенде 38 жашка чейин өссө болот.
-Поветкиндин кийинки беттеши америкалык Эвандер Холифилд менен боло турган болуп калды. Бир нече жумадан кийин ал 49га чыгат.
-Ооба Холифилд 49га келди. Бирок, ал канчалаган таймашты өткөргөн. Эгерде анын беттештерин баардык боксчуларга бөлүштүрсөң деле ашып калчудай. Маанилүүсү жаш эмес.
-Олег Маскаев тууралуу да ушундай пикирди айта аласызбы, ал деле 42 жашка келгенде карьерасын улантам деп чыкты?
-Олег менин эски досум. Мен анын Канкунда Семуэль Питерге чемпиондук курун уттуруп ийгенде жанында болгом. Ал жеңилүүдө өзүнүн жашыруун сырлары бар болчу. Ошол беттештен алдында Олег экөөбүз спарринг өткөргөнбүз. Эмнегедир мага көз алдымда энергиясы жок боксчу тургандай сезилген эле. А азыр болсо анын күч-кубаты ашып турат. Аны рингге кайт деп мен айттым. Анан да ал кездерде Олегтин тегерегинде анын ачыктыгын пайдаланып, күч-кубатын, мүмкүнчүлүктөрүн жутуп турган адамдар бар болчу. Эгерде ал кандайдыр бир тыянактарды чыгарып, жолун тапса бир жылда аз эле дегенде алдыңкы ондукта турган үч мушкер менен а баарын жеңсе рейтингдин биринчи сабында тургандар менен деле күч сынаша алат.
-Cиз мыкты боксчу катары дүйнөнүн төрт салмак чени боюнча мурунку чемпиону Джеймс Тонини атадыңыз эле. 4-ноябрь күнү дүйнөлүк бокстун ардагери биздин Денис Лебедев менен таймашат. Кубанычтасызбы?
- Аябай. Денис Лебедев менен Александр Поветкиндин атаандаштарын тандоодо алардын менеджерлери тууралуу кандай гана сөздөр айтылбасын, алар баарын туура кылып жатат. Холифилд менен Тони аябай белгилүү адамдардан. Алардын орус боксчулары менен болгон беттештери биздин бокс үчүн пайда гана алып келет. Анткени кең аудитория бокска ыктап, өзүнүн спортчуларын тааныйт. А Тони мага жагат. Эгерде бир отуруштан сегиз бигмакты жебегенде азыркыдай "чанач" болмок эмес. Мурда деле жечү бирок, машыгууну унутчу эмес. Джеймс Тони -профессионалдык бокстун - Могикандан чыккан акыркысы. Ал бокстун мурдагы улуу муундарынан. Немис боксчусу Макс Шмеллинг сымал жүздөгөн таймаштарды өткөрүп, жүзгө чейин жашагандардан. Ал боксчулардын баары жакшы акча таап, балдарды чоңойтуп, өздөрүн мыкты алып жүргөн. Беттеш тууралуу айтсам Лебедевдин жеңишине көз жетет. Бирок, нокаут менен эмес. Анткени америкалык коргонууда жакшы иштейт, азыркы тапта бокс дүйнөсүндө мындайды бири да жасабайт.
-Өзүңүз Джеймс менен кармаштыңыз беле?
-Ооба Фредди Роучтун залында Тони экөөбүз төрт раунддук беттеш өткөргөнбүз. Мен баары бир профессионал балбанмын да. Кармашып жатып анын бутун тосуп, жамбашка алдым. Ага анын жини келип кетип эки ирет ногдаунга жиберди. Бирок, ал анын баарын ушунчалык чеберчилик менен жасады. Мен өзүмдү жоготкон жокмун. Ошол кезде ал Василий Жиров менен боксташууга даярданып жүргөндүктөн, орустарга байланышкан бардык нерсени жаман көрчү. Анда каршылашына карата ушундай сапаты бар. Мен ушунчалык анын артынан барып башы менен полго сайып салгым келчү. Беттешүүбүздүн ар бир секундунда менде мындай мүмкүнчүлүк бар эле. Бирок Фредди Роучто чогуу машыккандыгыбыздан улам андайга жол берчү эмесмин. А спарингде ал мени эки жолу түшүргөн. Мында анын колдору кайдан келгенин байкачу эмесмин, техникасы мыкты болчу. Джеймс Тони мушташта чыныгы маймыл сымал кыймылдайт, бир ирет да таамай сокку узата албайсың. Колдору да түшүнүксүз кайдан келип кадалганы. Мындай чеберчилик Мухаммед Алиде бар эле. Анын деле соккулары кайдан-жайдан келип, атаандаштарын бөк түшүрчү. Эми мындай аткаруучулук чеберчиликти көрбөйүз го.





Павел Карелин каза болду
9-октябрь күнү эртең менен Орусиянын лыжа менен трамплинден секирүүчү курама командасынын лидери Павел Карелин автокырсыктан улам каза тапты. Окуя Нижегородск облусунда болгон. Автоунаада бараткан Карелин рулду башкара албай, алдынан чыккан фурага кадалган. Коопсуздук жаздыкчалары иштебегендиктен жыйырма бир жаштагы спортчу ошол замат өмүрү менен кош айтышса, анын жанындагы эки досу оор абалда оорууканага жеткирилди. Окуя Москва-Уфа автожолунун 472-чакырымында катталган. Эскерте кетсек, Павел Карелин Дүйнө Кубогу менен жайкы Гран-При жарыштарынын жеңүүчүсү болгон.


Кличко Мормеке менен беттешет
Атаандаштарын чекеден терип келе жаткан ага-ини Кличколордун кенжеси ушул жылдын декабр айында француз Жане-Марке Мормеке менен беттеше турган болду. Владимир азыркы тапта машыгууларды улантып, атаандашы тууралуу маек бергенге да үлгүрдү. Ал Мормекенин өткөнкү атаандаштарына салыштырмалуу бир топ тажрыйбалуу экендигин белгилеп, мушташтын кызыктуу болоорун эскертти. Ошондой эле Кличко Дюссельдорфдо Эдди Чемберс менен болгон беттешин эске салып, бул таймашы да андан кем калышпасын билдирди. Мормеке тууралуу сөз кылсак, бул боксчу 39 жашка келип 36 беттеш өткөргөн. Анын ичинен төрт ирет жеңилсе, жыйырма экисин нокаут менен уткан. Ал бир нече жылдан бери биринчи оор салмакта чемпиондук курду тагынып, 2009-жылы супер оор салмакка өткөн болчу. Азыркы тапта бул салмак категориясында үч ирет жеңишти камсыздаган.


Жапондор кыргыз дзюдочуларына акча берет!
Дзюдо боюнча өспүрүмдөр ортосунда Ливанда өткөн Азия биринчилигинде Кыргызстандан барган дзюдочулар 13 медаль тагынып кайтты. Алардын арасында 1 алтын, 5 күмүш жана 7 коло байгелер бар. Мындай көрсөткүч менен Кыргызстан курамасы жалпы командалык упайлар боюнча үчүнчү орунду камсыздашкан. Ошондой эле жапон өкмөтү дзюдо менен машыгыш үчүн спорттук жабдыктарды көбөйтүү максатында Кыргыз Республикасынын дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 69 200 000 жапон йендерин бере турган болду. Бул сумманы долларга которгондо 850 миң АКШ пулун түзөт. Азыркы тапта эки тарап керектүү документтерди толтуруп жаткан чагы. Бул жардам жапон мамлекетинин маданий гранты катары берилүүдө.

Алмаз Калназаров






кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??