Дабакана

Мите курт оорусу - баланын өсүү комплексин бузат
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча жер жүзүндө 6,5 миллиард калк болсо анын 4,5 миллиарды мите курт оорулары менен жабыркайт. Кыргызстанда акыркы статистикалык маалыматтарга таянсак, 110 миңден ашык адам мите оорулары менен жабыркагандар. Бул көрсөткүч мындан дагы жогору болушу мүмкүн. Анткени дарыгерге барып каттоодон өтпөгөн жарандар абдан көп. Ошондуктан ар бир адам өзүнүн ден соолугу үчүн денесин таза кармап, таза тамак-аштарды колдонуусу зарыл.

Мите курт -
жугуштуу оору
Паразитология - бул грек тилинен алганда мите курт жөнүндөгү илим - дегенди түшүндүрөт. Мите курттардын 350 миңге жакын түрү бар. Кыргызстанда анын 25ге жакын түрү кездешет. Ал өз ичинен жугуу жолдору, өнүгүү баскычы боюнча бир канча түргө бөлүнөт. Мите курт оорусуна көбүнчө балдар чалдыгат. Балдарда көп кездешкен жана адамдан адамга түздөн-түз жуккан мите курттардын түрлөрү - чүчөк курт, кодо курт оорусу. Булардын коркунучтуу жери бир класста окуган балдарга бири-бирине карандаш, калемсапты кармоо аркылуу эле жуга берет. Бул оору баладан-балага жугуп, көп жылдар бою баланын ичегисинде жашайт.
Кодо курттун кордугу
Чүчөк курт оорусунда эгерде бала дарыланып, тазаланбаса дагы бул процесс бир айда токтоп калышы ыктымал. Кодо курт оорусу болсо баланын ичинде көп жылдар бою жүрө берет. Анын "кодо" деп аталышы, өзүнүн кичинекейлиги менен түшүндүрүлөт. Мите курттардын экинчи түрү - аскарида оорусу абдан коркунучтуу, ал 25-30 см.ге жеткен жумуру курт жана адамдын ичегисинде жашайт. Ал ичегиде өз-өзүнчө чоң-чоң түйүлдүк түрүндө жайгашып, саны 50-60ка чейин жетет. Аябай көбөйүп кеткенде баланын заңы менен чогуу чыга баштайт. Ал бала жеген тамак-аштын бардыгын кошо сиңирип, анын курамындагы витамин, минералдарды өзүнө тартып алып, кайра уу бөлүп чыгарат. Ошол уулардын натыйжасында баланын бою өспөйт, эт албайт, чыргоолонот.
Малдан жуккан
мителер
Үчүнчү түрүнө малдан жуккан мите оорулары кирет. Ал малдын ичинде жашап, адамга жугуу деңгээлине жетип, жуга баштайт. Аны медицинада биогельминт деп аташат. Чынжыр курт бодо малдын ичинде болот. Малдын заңы аркылуу жерге түшөт. Курт адамдын организмине келип түшкөндөн кийин ал жеген тамак-аштын бардык минералдарын, пайдалуу заттарын тартып ала баштайт. Чочконун чынжыр курту кээ бир учурларда бөлүнүп-бөлүнүп, канга өтүп, мээге барып токтойт. Ал цистицеркоз деп аталат. Бул оору адамды сөзсүз майып кылат же болбосо өмүрүнө коркунуч туудурат.
Эхинококкоз
Эхинококкоз - бул өнөкөт түрдөгү, организмдин аллергия болушу жана боордун, өпкөнүн жана башка органдардын жабыркоосу менен мүнөздөлгөн оору. Бул оорунун таркалышы жалпы мүнөзгө ээ боло баштады. Себеби, эхинококкоз оорусунун айылдарда жана шаарларда жеке адамдар тарабынан эттер текшерилбестен жана ветеринардык ырастоосу жок сатылышынан улам орун алууда.
Белгилери
Баланын же чоң кишинин ичинде мите курт бар болсо, биринчиден, эт алуу же болбосо өсүүнүн комплекси эрежеге туура келбейт. Экинчиден, эгерде мектеп жашындагы балдар болсо, алар өздөрүнүн курбалдаштарына караганда бою кичине, арык болот. Тери оорулары, жара, чакалай сыяктуу белгилер байкалат. Үчүнчүсү баланын тамакка табити тартпайт, же болбосо тескерисинче тамакты абдан көп жейт, бирок, сиңүү процесси байкалбайт. Аллергиялык белгилер дагы байкалат, мисалы мурдунан суу агып, чүчкүрөт. Чаңга же кайсы бир жыттарга аллергия болуу мүнөздүү болот. Бронхит ооруларынын түрү кездешет. Ал гана эмес, аскарида оорусу бар балдарда астма оору деген диагноз коюлгандыгы байкалат. Алдын алуу жолдору ДСУнун көрсөтмөсү менен чүчөк жана тасма курттун алдын алуу үчүн балага жылына эки жолу бир таблеткадан "Альбендозол" же "Мебендазол" берип туруу керек. Муну анализден мите курт чыкса да, чыкпаса дагы берүү зарыл, себеби аны лаборатория дайыма эле аныктап бере албайт. Анткени, аскариданын адамдын ичинде өсүү стадиясы бир жылга жакын, анын ичинде эки-үч айда гана жумуртка бөлүп чыгарат. Калган учурларында өпкөдө, ичегиде отурат, ошентип айланып жүрө берет.





Назгүл Каркабатова, Бишкек шаарынын №3 үй-бүлөлүк оорукананын инфекциялык дарыгери:
"Тазалыктын жети
эрежесин чыгардык"
- Мите оорусунан сактануу үчүн кандай эрежелерди кармануу керек?
- Ал үчүн эң жөнөкөй тазалык эрежелерин сактап, колду тамактанардын алдында самындап жууп, даараткананы таза кармап, баланын горшогун огородго төкпөө керек. Муну айрымдар "ушул болбогон нерселерди айтпай эле койбойсуңарбы" дешет. Бирок, мына ушул жөнөкөй сезилген нерселер мите курт ооруларынын башаты болуп саналат. Азыр учурда Манастын жети осуяты деген сыяктуу эле, "Тазалыктын жети эрежесин" чыгардык. Ал китепчелер мектептерге таратылды. Ал: тамактын алдында колду жуу; дааратканадан кийин колдуу жуу; даараткананы таза кармоо; булганыч нерселерди колдонбоо; жер-жемиштерди жууп жеш керек деген эрежелер.
- Бул ооруга чалдыккандарды кандай жол менен дарылайсыңар?
- Азыр бизде өлкөдөгү жаңы ыкма менен кандан эле изилдейбиз деп анализ алып жатышат. Бирок, мунун бардыгы толук анализ чыгарбайт. 100 пайыз так далил чыгара турган бул заң. Ал эми токсакароз, трихоноллез ооруларын кан аркылуу изилдесе болот. Оору так далилденгенден кийин гана дарылоо башталат. Ар бир ооруну дарылоонун өзүнчө ыкмалары бар. Дүйнө жүзүндө кандай ыкмалар бар экендиги жана анын ичинен кайсынысы натыйжалуу экендигин изилдеп отуруп, эң туура, эң анык деген дарылоо ыкмалары жазылган документ чыгарылган. Ал былтыркы жылдан бери чыгарылып, дарыгерлерге таратылууда.
- Мите оорусунун жугуу жолдору кандай?
- Мите оорусу башка оорулардай, мисалы, кургак учук сыяктуу социалдык абалдан көз каранды эмес. Кандай абал, кайсы жер болбосун жугузуп алуу толук мүмкүн.
Биринчи кезекте жашылча жемиш, тамак-аш аркылуу жугат. Андыктан, тамак-аш менен күнүмдүк колдонулуучу суунун тазалыгына көңүл буруш керек. Себеби организмге азыктарды жеткирүүчү компоненттер өзү таза болуш керек. Адамдар бардык организмге керектүү нерселерди кол аркылуу жеткиребиз. Ошондуктан 70 пайыз мителер организмге кир кол аркылуу жугат. Акча жана капчык аркылуу да жугарын окумуштуулар белгилешкен. Анткени, акча купюралары эң коркунучтуу ооруларды козгоочу мителердин личинкаларын алып жүрөт. Андан тышкары жаныбарлар да мителерди жайылтуучу негизги булак болуп эсептелинет. Алардын ичинен ит адам үчүн өтө коркунучтуу мителерди алып жүрүүчү жаныбар. Ошондуктан ити бар адамдар итин жылына үч жолудан атайын текшерүүдөн өткөрүп туруу зарыл.

даярдаган Нургүл ИБРАЕВА