PRESSKG.COM



п»ї

смсте эл үнү
Урматтуу окурмандар ар кандай маанайдагы пикир, куттуктоо, сунуш, сын-пикир ж.б. билдирүүлөрдү 0773 34 07 62 номуруна жиберсеңиз болот. Оригиналдуу ойлор менен айырмаланган СМС ээлери "Керегенин" атайын сыйлыгына арзыйт.

Кыргыздар, эсиңерге келсеңер боло. Интернет сайттарда бөлүнүп согушуп баштадыңар эмитен эле. "Түштүктүн баары - бакиевчилер, бийликке татыксыз, ал эми татыктуулар, бакиев м-н дегеле иштешпегендер, булардын баары - түндүк" деп жатасыңар. Уялбайсыңарбы ушинтип бөлүнгөндөн. Деги качан токтойт ушу түндүк-түштүк, акаев-бакиев…
Патриот 0777 98 19 ХХ

Аймира, жаңы кызмат ордуң кут болсун! Аброюң аша берсин, акчаң арта берсин. Бирок, көкөлөп кетпей бизди да эске ала жүрсөң.
Курбуларың Айзат, Мира 0555 72 51 ХХ

Адамды эки нерсе картайтпайт. Биринчиси - жакшы мүнөз, экинчиси- жакшы сөз. Ак пейил болсок, бири-бирибизге жалаң жакшы сүйлөп, жылуу мамиле кылсак кандай сонун болор эле.
Аселя 0773 67 23 ХХ

Садыр Жапаров эмне эле президентке асылып калды. Керек болсо Садырдай 120сы бүтүрө албаган ишти аял башы менен Роза эжеке аткарды. Отунбаеванын изинен айлансаңар го… Койкое туруп алып кыйкыра бергенди короз деле билет. Президентке асылбай өзүңөрдү жөндөп алгылачы.
Мирлан 0778 99 36 ХХ

Бекбай менен Зейнеп! Бешик бооңор бек болсун. Кызыңар кыргыздын ыймандуу, сулуу кыздарынан болуп чоңойсун.
Жамиля Токмоктон 0555 87 34 ХХ
Аламүдүн базарында жашылча саткан Нурбек, мен сени такыр унуталбай жатам. Мээримди (таластык) жана анын уялчаак курбусун эстесең… Ошондо тартынып сага сүйлөй албаганым үчүн азыркыга чейин өзүмдү кечире албайм.
Айка, 0770 63 51 ХХ

Калматов дегендин сүрөтүн караган адам аны президент шайлагысы келбейт экен. Президент дегенде "видуха" болуш керек да.
Кайнар 0553 4742 ХХ

Президенттикке талапкер Исаев үгүт тактасына бадырайта "Мен кош жарандуулукту колдойм" деп жазып алыптыр. Мунусу "Мен үчүн мекеним да, башка өлкө да бир эле" дегендей туюлду. Мисалы, мен Кыргызстандын гана жараны болгум келет. Мекенимди сатып башка өлкөгө жагалданып жаран болгум келбейт. Кыязы, Исаев чет жерде документтен кыйналып жүргөн мекендештерибиздин добушу үчүн эле жазып алган го.
Патриот 0777 98 19 ХХ

Ажо шайлоо...сот шайлоо... пок шайлоо...
Шайлообек 0771 59 88 ХХ

Ташиев, президенттикке али быша элек. Ошентсе да, болбой жулунуп жатат. Анын президент болуусу үчүн дагы 5-10 жыл керек.
Айнура, 0555 34 77 ХХ

Наргиза 14-октябрь туулган күнүң менен куттуктайбыз! Окууларыңа ийгилик, ден соолук, бакыт каалайбыз. Эл керегине жараган жаштардан бол. Ата-энең сенин убайыңды көрүп, сени менен сыймыктангандай болсун.
Эжең Гулнур,
жездең Мыктыбек
0777 81 66 ХХ

Кубанычбек Исаевдин көчөгө илдирген рекламасында "Коррупциянын өпкөсүн үзөм!" деп жазыптыр. Анча болду, өтүн алсын, жүрөгүн жарсын. Анте албаса, абийирин сактап тынч жүрсүн. А баса, мурда кайда жүрдү эле?
Таке, 0770 56 87 ХХ

Кыргыздар! "Курманжан датка-200" майрамыңар менен! Духту бийик көтөргүлө!
Замир 0550 16 06 ХХ

Шайлоону тынч өткөрөлү мекендештер! Биз бөлүнүп-жарылып, уруучулук, жердешчиликке карап добуш берсек өзүбүздүн гана эмес жалпы өлкөбүздүн тагдырына балта чапкан болобуз!
Айба, 0772 71 89 ХХ





Нуржигит КАДЫРБЕКОВ
Япон кереметинин сыры
Бүт жакшыны батырган
керемет сөз
Бала кезде айылда той-топурларда аксакалдардын колуна суу куюп калсак, айрымдары: "Кудай өмүрүңө, ырыскыңа береке берсин!" -деп бата берчү. "Береке" эмне экенин даана түшүнбөсөм да, чын ыкластан чыккан бүт жакшы каалоолорду ичине батырган керемет сөз сыяктуу кабылдачумун.
Кийинчерээк ырыскыбыздын бешенебизге жазылганын, ал эми ошол ырыскыбыздын канчалык берекелүү болору өз ниет пейилибизге, адеп-ахлагыбызга жана жасаган жакшы амалдарыбызга жараша экендигин дагы бир акылман, алым кишиден уккам. Ал берекени көбөйтчү бир нече сапаттарды санап берген, тилекке каршы, көбүн эсимден чыгарып жибериптирмин. Жадымда калгандары төмөндөгү насааттар эле: "Дайыма барга шүгүр кыл. Ан үчүн өзүңдөн байлык даражасы бийиктерди карабай, төмөндөрдү кара. Ошолорду көрүп өзүңө буюрган ырыскы-насипке топук кыласың". "Башкалардын байлык даражасына эмес, адамдык асыл касиеттерине, жасаган мыкты иштерине суктан. Адамдарга ошол жагынан атаандаш". "Ата-энеңди гана эмес, ата-энеңдин жакын туугандарын жана досторун да сыйла, кадырына жеткенге аракет кыл. Тууган-туушкан, кошуна-колоңдорго кайрымдуу бол. Ошондо берекең артат". "Билим алууга ынтызар, дээринде бар, бирок каражаты жоктордун билим алуусун каржылаган киши эзели кем болбойт". "Пендебиз, билип да, билбей да адашабыз, күнөө кетиребиз. Ошого такай тобо кыла жүргөн кишиде береке болот". "Жакшы иш жасасаң, чын ыклас менен кыл. Ыклас -деген-сен менен Жараткандын ортосундагы сыр. Эл көзү үчүн жасаган иште ыклас жок, демек, береке да болбойт". Ал аалым өз оюнан чыгарбастан, окуп билген берекени улуулантчу дагы бир катар ушундай амал-аракеттерди айткан. Жазып албаганыма өкүнүп жүрөм.
Япондордо болсо "береке", "ырыскы" деген түшүнүк жок. Ар бир нерсени так эсеп менен жасашат. Бизде, кыргыздарда, алган маяналары, тапкан кирешелери аз болсо да, "берекесин берсин" деп кубанып турушат. Эртеңки күнү бүдөмүк болгон күндөрү да, "буюрганын көрөбүз, кудайдын берери бардыр" дегендер көп. Ал эми берекени билбеген япондордо азыркыдай дүйнөдө болуп жаткан экономикалык кыйын-кезеңдерде жумушунан кол жууп, же бизнеси мукурай түшүп, эртеңкиден үмүтүн үзүп койгондор канча. Өзүн-өзү өлтүргөндөрдүн бул өлкөдө көп болгондугунун (жылына 30 миң адамдын тегерегинде) бир себеби ушул дегендер да бар. "Баланы ырыскы-берекеси менен берет",- деп кыргыздардай ойлонбогондуктан, Японияда наристелердин төрөлүшү ушунчалык азайып, улут картайып бараткандыгы тууралуу да мурунку макалалардын биринде жаздык эле.
Деген менен, япондор адеп- ахлагы жакшы, чынчыл, жоопкерчиликтүү, кичи пейил, жардамгөй, эмгекчил, ынтымактуу жана бирин-бири сыйлаган эл келет дебедимби. Түбү келип, Японияны Япония кылган - япондордун ошол сапаттары. Демек, "береке" менен "жакшы амал-сапаттардын" байланышы тууралуу аалымдын айткандары тегин жерден эмес го дейм.
Береке тууралуу талкуулап отурса, мааниси оголе терең. Андыктан анын маңызын толук ачып берүүнү максат кылганым жок. (Эл билгенден көбүрөөк билсем, балким, ошентүүгө батынып аракет кылмакмын). Бул макалада эски уламыштын негизинде жазылган береке тууралуу жаңы поэманы окурмандарга сунуштагым келет.
Береке
Калыптыр өткөн ата-бабадан кеп,
Береке адал менен тазадан деп.
Качандыр бул дүйнөнүн бир жеринде
Кембагал, чынчыл киши жашаган дейт.
Ишеним алып тууган, карындаштан,
Ар кимдин аманатка малын баккан.
Ак ниет, медеси ток бир жан экен,
Ак эмгек менен адал нанын тапкан.
өзүнүн менчигиндей тегиз карап,
малдарды дилин коюп семиз багат.
А бирок акысына адамдардан
Айына жетип-жетпес маяна алат.
Аялы кейийт:
- "Соо эмес, кеселдейсиң,
Алдыга жылбай, мынча кечеңдейсиң?!
Адамдын баары сага малын берет,
Акыңды айтып неге көтөрбөйсүң?"
Киши айтат:
- "Тим болбостон сындап гана,
Баарына акыл менен кылдат кара.
Ичи ооруп берген алтын-жакутунан
Чын дилден берген жези кымбат мага".
Жазылган тагдыр дайым башта делет,
Жыл өтүп киши бир топ жашка келет.
Барына шүгүр, жокто сабыр кылган
Пейили Жаратканга жакса керек.
Бир күнү түш чендерде малын байкап,
Туз берип, жемин чачып, кайра кайтат.
Ошондо кайдан-жайдан пайда болуп,
Аксакал бир жолоочу салам айтат.
"Балам, - дейт,
- Кимдигиңди жакшы билем.
Баам салып күндүр-түндүр байкап жүрөм.
Аллага жаккан асыл пейилиң бар,
Ал пейил - түшүмдү мол берер үрөн".
- Сиз кимсиз?
- Кимдигимди сурабагын.
Ниетим ак карап турат Кудай баарын.
Кабарын бериш үчүн жиберилдим
Катылган бир сен үчүн шыбаганын.
Ырыскың сенин, балам, кереметте,
Ыраакта эмес, ушул тегеректе.
Алтындан миң динар бар сага делген,
Алсаң ал, көрсөтөйүн калбай кечке.
Аны угуп киши акчаны алмай болот,
А бирок дили такыр барбай коет.
Ой келет:
- "Бекер келген дүнүйөнүн
Аягы, акыбети кандай болот?"
Жүрөгү жок деген сайын кыйыктана:
"Адалы ырыскынын ыйык мага,
Береке болсо алам, а болбосо,
Албаймын, ырахмат",- дейт сылык гана.
"Бергенди албас жаман жайың болот,
Береке жок", - деп тигил кайым болот.
Ойгонуп ошол жерден, көргөндөрү
өң эмес, түш экени дайын болот.







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??