PRESSKG.COM



п»ї

  Тарых тактасында

Абдыкерим СЫДЫКОВ
Кыргыз элинин эң чоң трагедиясы 20-кылымдын 30-40-жылдарындагы репрессия менен Ата-Мекендик согуш болуп саналат. Канчалаган кыргыздын кыраандары ушул эки апаатта жок болсо, көбү баш көтөргүс куралга айланды. Баш ийбегендери кандуу замандын каарына калып, жок болушту. Андай кыргыздын уулдарынын бири Абдыкерим Сыдыков.

Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы азыркы Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында солто уруусунан манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Сыдыковдун чоң аталары Чүй өрөөнүнүн белгилүү манаптарынан болуп, учурунда таасирдүү адамдардын катарына кирген. Чоң атасы Өзүбек Пишпек уездинин Талкан болуштугун көп жылдар башкарып, таасирдүү башчылардын бири болгон. Өз атасы Сыдык да Талкан болуштугун башкарып кийин Пригородный болуштугунда бий болуп шайланган. Аккан арыктан суу агат дегендей Абдыкерим дагы жаш чагынан билим алууга умтулуп, алгач өзүнүн чоң атасы салдырган мусулман мектебинде окуп ал жерден арабча кат тааныган. 1904-1911-жылдары ошол кездеги Орто Азиядагы билимий агартуу борборлорунун бири болгон Верный шаарындагы (азыркы Алмата) гимназияда билим алган. Мындай гимназия ошол мезгилде Орто Азияда эки жерде, Ташкентте жана Верныйда болгон. Ал жерде окутуу орус тилинде болуп, немец, француз, латын тилдери, математика, тарых, география сабактары окутулган. 1911-жылы Абдыкерим гимназияны аяктап, окуусун улантуу үчүн Казань университетинин ветеринария факультетине тапшырган. Бирок, ал жакта аба ырайы ден соолугуна тескери таасирин тийгизип, университетти бүтпөй калган. Абдыкерим Казандан келгенден кийин, ишмердүүлүгүн кыргыз балдарынын сабатсыздыгын жоюу үчүн, 1913-1916- жылдары Нарын жана Каракол уездерине мектеп ачкан жана ал мектептерде өзү мугалим болуп иштеген. Бир гана мугалимдик иш менен чектелип калбастан, ушул эле жылдары ал Пишпек уезддик башкармалыгында катчы жана тилмеч болуп иштеген. Анын коомдук иштерге активдүү катышканы ошол кездеги башкаруучулар тарабынан туура бааланып, 1914 - жылы декабрда Россияда Романовдор династиясынын 300 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган.
1917-жылы Россияда Февраль революциясы болуп, 2-мартта убактылуу өкмөт түзүлөт. Бул өкмөттүн штабтары Россиянын колонияларында түзүлүп, Кыргызстанда да убактылуу өкмөт орноп, А. Сыдыков Пишпек уезддинин комиссарынын орун басары болуп иштеген. 1917- жылы жай айларында Орто Азияда саясий жактан түшүнүгү терең, курч жергиликтүү жаштардын Пишпектеги "Алаш-Ордо" казак-кыргыздардын партиясынын бөлүмүн Пишпекте ачууга катышып, аны Мамлекеттик думанын мүчөсү, кадет А. Байтурсунов жетектеген. Бул партия элдин алдына эркиндик, теңчилдик, демократия, кыргыз жана казак элинин бир туугандыгы, алардын суверендүү өнүгүшү керек деген чакырыктарды көтөрүп чыккан. Партияны уюштурууда кыргыздын жаштары дагы четте калбай Абдыкерим Сыдыковго Ишенаалы Арабаев, Касым Тыныстанов, Н. Тулин өңдүү келечектеги мыкты инсандар жардам берген. Бирок, ал кездеги саясий конъюнктура башкача шартта түзүлүп, 1918- жылы "Алаш-Ордо" партиясынын Пишпектеги бөлүмү тарап, ушул эле жылы большевиктер партиясынын катарына өткөн. 1919-1920-жылдары Жети-Суу областынын мусулман бюросунун төрагасынын орун басары, андан кийин Туркестан Коммунисттик партиясынын Жети-Суу обкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болгон. 1921-жылы июлда Советтердин Жети-Суу областык аткаруу комитетинин төрагалыгынын орун басары болуп иштеп, кийин төрагасы болгон. 1922- жылы Туркестан АССРинин Ички иштер Эл коммиссарынын орун басары болуп иштеген. Ушул эле жылы Советтердин бүткүл союздук I съездинде кыргыз жеринен барган өкүлү болуп катышат.
20-кылымдын 20-30-жылдарындагы кыргыз саясий элитасынын алдындагы милдет кыргыздардын өз алдынча мамлекет катары союздун курамына кирсин жана жок казактар менен бир болсун деген эки ача пикир болгон. Абдыкерим Сыдыков баштаган топ 1922-жылы март айында Тоолуу кыргыз областын түзүү боюнча маселе көтөрүп чыккан. Себеби 1920 -жылы 25-августта Кыргыз (Казак) АССРин түзүү боюнча декрет кабыл алынып, Туркестан АССРинин курамындагы Жети-Суу жана Сыр-Дарыя областары Казак АССРине кошулуп калган. Башкача айтканда кыргыз эли Казак АССРинин курамына кирип калган. Бул болсо, иш жүзүндө кыргыз элинин мамлекет катары өз алдынчалыгы жоголду дегенди түшүндүргөн. Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча демилге алгач колдоого алынып, бирок, бийликтеги Р. Кудайкулов, А. Каменскийлер тараптан колдоого алынбай, бул чоң саясий карама-каршылыкка алып келген. Натыйжада И. В. Сталиндин көрсөтмөсү менен атайын чакырылган съезддин иши токтотулган. 1922-жылы 23-мартта Тоолуу Кыргыз областын түзүү боюнча уюштуруу комитетинин төрагасы А.Сыдыков Жети-Суу областык аткаруу комитетинин төрагалык кызматынан бошотулат. Бул ага жана анын жактоочуларына тийген катуу сокку болгон. Бирок,1922-жылы А.Сыдыковдун иши кайра каралып, анын партиялуулугу кайра калыбына келтирилген. Кара-Кыргыз автономиялуу областын түзүү боюнча уюштуруу иштерине активдүү кирише баштаган. Анын мындай активдүү иш аракеттери "бай манап тукуму, мурдагы полицей" деп катуу сынга кабылып, 1922-1924-жж үч жолу партиядан чыгарылып, кайра калыбына келтирилген. 1924-жылы Октябрь айында Кара-Кыргыз автономиялуу областы түзүлүп, А.Сыдыков баш болгон бир топ адамдар мамлекеттик жетекчилик кызматтарга атайын киргизилбей калган. Ушул жана партиялык кээ бир кызматкерлердин кетирип жаткан мүчүлүштүктөрү тууралуу "отузчулардын" каты деп тарыхта калган кайрылуу менен жогору жакка кайрылган. Каттын башында А.Сыдыков туруп, кат дароо эле "улутчулдук" мүнөздө деп бааланып, анын авторлору партиядан чыгарылып, кызматтарынан бошотулган.
Активдүү саясаттан четтетилген Абдыкерим Сыдыков 1926-1932-жж Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетинде (САГУ) мугалим, илимий кызматкер болуп иштеген. Кыргыздын туңгуч гезити Эркин-Тоону түзүп, уюштуруучуларынын бири болгон. Анын биринчи санында ( 7-ноябрь 1924-жылы) коомдук турмушту чагылдырган "Эл жана сарамжал" деген макаласы жарыкка чыккан. Андан сырткары кыргыз элинин тарыхына да кайрылып, "Кыргыз элинин уруулук бөлүнүшү" деген илимий макаласын чыгарган. Бул макаланы жазууда илимий адабияттарды, орус авторлорунун эмгектерине кайрылып, шилтеме жасаган жана бул эмгеги Ташкенттен 1927-жылы китеп болуп чыккан. 1932-жылы Кыргыз АССРинин жетекчилеринин сунушу менен кайрадан Кыргызстанга чакырылып, Кыргыз АССРинин мампланынын төрагасынын орун басары болуп иштейт. Бирок, көп узабай 1933-жылдын 9-майында камакка алынып, 1934-жылдын 28-февралында "улутчул контрреволюциялык уюмдун жетекчиси" деп күнөө тагылып, 10 жылга эркинен ажыратылган. 1938-жылы 10-февралда Кыргыз ССРинин НКВДсынын чечими менен Социал-Туран партиясынын уюштуруучуларынын бири катары күнөө коюлуп, өлүм жазасына тартылып, 18-февралда 49 жашында атылган. Отузунчу жылдардын саясий карлыгачтарынын бири Абдыкерим эң көп саясий куугунтукка алынып анан он жыл түрмөдө жатып, кийин жалган жалаа менен атылган.
Кыргыз элинин өз алдынчалыгы жана гүлдөп өнүгүшү үчүн күрөшкөн адамдардын катарында турган Абдыкерим Сыдыковдун тагдыры ушундайча аяктаган. А.Сыдыков бала кезинен эле элдик чыгармаларга кызыгып, өзгөчө "Манасты" абдан баалаган. Кийин эл арасына чыгып, өзүнүн саясий ишмердүүлүгүн баштаган мезгилде да "Манасты" көңүл сыртына калтырган эмес. Академик В.Плоскихдин жазган макаласында А.Сыдыковдун псевдоними Манас болчу деп жазат. Ал элдик чыгармачылыкты, өнөрдү баалап гана койбостон учуру келгенде чыгармачыл адамдарды да колдогон. Мисалы, 1911-жылы Уфа шаарында жазгыч акындардын бири Молдо Кылычтын Чүй өрөөнүндө өткөн кылымдын башында болуп өткөн катуу жер силкинүүнү баяндап жазган "Зилзала" деген чыгармасына өзү баш сөз жазып, басмадан чыгарууга көмөктөшкөн.
Элизат ТУРСУНОВА







кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??