PRESSKG.COM



п»ї

  Чубактын чуусу чубалып...

Акыйкат кайда?
Акыркы учурларда акыйкаттык талашып, бири-биринин кемчиликтерин көзгө сайып көргөзүп, чындык издеп чыркырамай кадам сайын кезиге баштады. Бул өлкөбүздө чын эле коомду чыркыраткан адилетсиздик өкүм сүрүп жатканынан кабар береби, же мунун артында да бир саясаты барбы катардагы адамга айырмалоо көбүнесе кыйыныраак. Ошентсе да, "бетке айткандын заары жок" демекчи, кемчиликтерди бетке айтуу, ачык талап коюунун жамандыгы жок. Чын-төгүнүн эл өзү элеп алат. Бул ирет редакциябызга муфтийге нааразылыгын билдирген мусулман өкүлдөр баш бакты.

Алар Чубак Жалиловдун муфтийлигин мыйзамсыз эсептеп, анын иштерине нааразы экенин билдиришти. Алардын айтымында Муфтийликке Уламалар кеңеши көргөзгөн киши курултай аркылуу бекитилиши мыйзамдуу. Ал эми Чубак Жалиловду Уламалар Кеңеши көргөзгөн тейде муфтийликти аркалап, алиге чейин курултай чакырып, ордун легитимдештире элек экен. Муфтийликти мыйзамсыз аркалаганы аз келгенсип, өзүнүн иш-аракеттери менен мусулмандар арасында нааразылык жаратып жатыптыр. Албетте, айтылгандар редакциянын көз карашы эмес. Ошентсе да, бизге кайрылган элдин үнүн жеткирүүгө милдеттүүбүз. Төмөнкү мусулмандардын кайрылуусунан ким кандай жыйынтык чыгарарын өзү билер жана бул иштер акыйкаттык табабы же төгүнгө чыгабы аны да мезгил көргөзөт. Ошондой эле, экинчи тараптын көз карашын, жообун жарыялоого даярбыз. Анткени, гезит үчүн бардык окурмандары бирдей жана акыйкаттык табууга көмөктөшүүгө милдеттенет.
Маркум МУРАТАЛЫ АЖЫГА ДАТТАНУУ КАТ
(Мамлекет жетекчилерине кулак кагыш )
Саргайтып сарсанаага бөлөп кеттиң,
Сапаты жок системаны түзүп кеттиң.
Салафий Таблигке талатпастан,
Кайрылып муфтиятты оңдоп кеткин.
Бул ырды аргасыздан өзүңө арнап отурабыз урматтуу Мураталы ажы! Бир жыл болду чын дүйнөгө кеткениңе. Жаның жай алып, жаман сөздөрдөн, жаман көздөрдөн кутулуп, жыпар жыттуу бейишти аралап жүргөндүрсүң. Бизде болсо, Чубак ажың муфтий болгон. Каалаган ишин кылат, жалган фатваларды чыгарат, жалган сүйлөгөндөн тартынбайт. Ажылыкты быйыл алдырбады, бирок чыры катуу башталды. Казыларды каалагандай айдады, улуулардын сөзүн укпай калды. Аксакалдар кеңешине жазсак алты ай болду жооп жок. Көрсө, Чубак ажы төрагасын баш кылып ооздорун акча менен бекемдеп койгон экен. Муфтияттын акчасын каалагандай таратат. Ишенген кишилери салафийлер болуп калды. Уставды талаптагыдай жаза албай, анысы өтпөй калды. Ажылык Умра борборун түзүштү. Анысы да чыр менен коштолду. Чубак Ажы Алладан жардам сураганча Ак үй менен көк үйдөн сураганды артык көрөт. Кыскасы, кылыктарын санай берсек түгөнбөйт. Маселен, 2010-жылдын 29-ноябрында Ош шаарындагы Мажүрүм-Тал көчөсүндө мечиттеги Өзбекстан Ислам кыймылынын мүчөлөрү менен күч органдарынын ортосунда атышуу болгон. Мечиттин имамы Нурматов Фархат Чубак Жалилов менен чогуу Арабияда окуган. Аны бул мечитке имамдыкка Жалилов өзү дайындаган. Бул окуяга ошондо ким күнөөлүү? Албетте, муфтийдин убактылуу милдетин аткаруучу Жалилов Чубак. Убагында жергиликтүү калк менен мечиттердин имамдары менен түшүндүрмө иштери болгон эмес.
АЖЫЛЫК ИШТЕРИ
БОЮНЧА
26-июлда Ч. Жалилов муфтийдин убактылуу милдетин аткаруучу болду. Президент Ажылык-сапар буйругуна 9-августта 2010-жылы кол койгон. Негедир Чубак Жалилов ажылык иштерин уюштурууну өз мойнуна албай Өкмөткө берип койду. Негизи, ажылык сапарды уюштуруу - муфтияттын милдети.
Быйылкы 2011-жылдагы ажылык уюштуруу иштеринде Уламалар Кеңешинин чечимисиз жана Кыргызстан мусулмандарынын Курултайысыз эле өзү билемдик менен дин иштеринен кабарсыз инсандардан комиссия түзүп, Ажылык Умра борборун юстициядан өткөрүп алды. Бул мусулмандардын нааразылыктарын ого бетер күчөттү. Ал комиссияга кирген инсандар Бакыт Нурдинов, Базарбай Темишов, Акин Токталиев ж.б. дин илиминен кабарсыз инсандар экени жалпы журтка маалым. Азыркы Муфтийдин кеңешчиси Жээнбеков Нэматулла ажы, экс-муфтий. 2005-жылкы ажылык сапарын уюштурганда чоң чыр болгон. Муфтиятка тиешелүү 6000 доллар акчаны алып алган жана ушул убакытка чейин ал акчаны муфтиятка кайтарып бере элек. 2006-жылдагы Комиссиянын чечими менен Жээнбеков Нематулла жана Лугмар ажы Гуиахунов иштен алынган жана Уламалар Кеңешинен чыгарылган. Ислам университетинин ректорлугунан, Уламалар Кеңешинин мүчөсүнүн жана муфтийдин орун басарлыгынан алынган адамды кантип кайра өзүнө кеңешчи кылып алган? Көрсө өзүнүн жездеси экен. Ошондой эле кудасы Асан ажы, азыр Хадж жана Умра бөлүмүнүн менеджери жана Чубактын жардамчысы. Борбордук мечитке караштуу эки дүкөн Асан ажынын ээлигинде. Азыркы Жалал-Абад казысы да муфтийдин туугандары. Баткен облусунун кээ бир имамдарынын сакалы жок экен деп жумуштан айдаган Жалилов Чубак, өз жакындарын, "Мундуз" урууларын өзүнүн чөйрөсүнө чогултуп жатат.
Андан тышкары, Ош облусунун мурунку казысы Калыков Сүйүн 2009-жылы марафондон түшкөн 360 миң сомду жеп койгон. Бул негизде Ч. Жалилов ноябрь айында 2010-жылы өзүнүн буйругу менен Калыков Сүйүндү жумуштан айдаган. Бирок 3 күн өтпөй Калыковдон кечирим сурап, өз ордуна кайрадан калтырган. Муну кантип түшүнүүгө болот? Ал арыз каттын негизинде июнь айында гана алынды. Токтомушев Максатбек бир эле убакта Бишкек шаарынын казысы жана Бишкек борбордук мечитинин имамы болуп иштейт. Аллахтын кызматын жигердүү аткарайын деген адамга эки кызмат эмес, бир эле кызматты аткаруу чоң кыйынчылыкка турат. Бирок, казыяттагы жана мечиттеги бийликти Мухтар деген колго алган. Кличкасы "Максим" экен. Мухтардын буйругу менен ар бир соода камогуна 3 жылга келишим түзүп койгон. Негизи алар ай сайын ижара төлөп туруу керек. Мисалы Мухтардын жакындары Бакыт жана Укулуйдун өз алдынча дүкөндөрү бар. Кудасы МирАбдуллага кафени алып берген. Чоң кафенин арендасына ай сайын болгону 4 миң сомдон төлөйт. Мурдагы иштеткендер ай сайын 10 миң сомдон төлөшчү экен. МирАбдулла уруксатсыз эле кафеге дагы бир бөлмө кошту. Ал эми кичинекей камоктор негедир андан көп 5000 сомдон акча төгүшөт. Ошондой эле, август айында гезитке жарыяланган Акин Токталиевдин макаласында и.о. муфтий Чубак Жалиловдун каталары мойнуна коюлган.
1)"Аял киши президент болсо, элге Аллахтын каары келет" деген маани чагылдырылат.
2)"Аял кишинин колун кармоого болбойт" деген. Бирок өзү төрө-айымдардын колун кармалаган учурлары бар.
Чубак ажынын бул кылыгына таң калган адамдар "Кармоого болбойт деп коюп, кайра өзүң кармап жүрөсүң" деген суроосуна "Мен эне катары кармап койдум" деп жооп бериптир. Мусулман эркек мусулман аялды эне катары кармап койсо мейли эле. Бирок, Ислам шарияты менен жашабаган, намаз окубаган аялды бул орунга койгону кызык экен. Орозонун акыркы жумасында телевизордон элдин "оозун ачырган" сөз сүйлөгөн. Анын айтымында "Эшек туздун үстүндө өлүп жатып калса, ага реакция жүрүп эшек тузга айланып адал болот" имиш. Бул багытта чындыкты билүү үчүн эки киши кабинетине кирген. Аларга да "Химиялык реакция жүрүп эшектин денеси тузга айланып калат. Кулагынан баштап кесип жей берсе болот" деп түшүндүрүптүр. "Айтылган сөз-атылган ок" эмеспи. Мухаммед (С.А.В) "Кээде адам тилинен эмне сөздөр чыгып жатканына көңүл бурбай эле сүйлөй берет. Бирок, ошол сөздөрү үчүн тозокко ыргытылат" - деп айткан. Орозо айт намазында Чубак Жалилов Аллахты мактоо ордуна президент Р.Отунбаеваны ыр менен мактады. Даарат менен жүрүп, намаз окуган Курманжан даткага теңеди. Чубак Жалилов Куран сүрөөлөрүн, пайгамбардын хадистерин көп жаттагандыгы үчүн гана өзүн билимдүүмүн деп эсептейт. Бирок, мааниси боюнча тайыз түшүнүктө болгондуктан көп кемчиликтерди кетирип жүрөт. И.о.Муфтий Чубак Жалиловдун Ислам радикалдарына жана экстремисттерге каршы чара көрүү жана күрөшүү тууралуу иш программасы жок. Реформа жүргүзгөндү билбейт. КМДБнын уставын өзү жазбай Темишов Базарбайга жаздырды. Бирок бул уставды мусулман аалымдар нааразы болуп кабыл албай коюшту. 2010-жылдын Ажылык сапардан түшкөн 350 000 доллардын 116 000 доллары белгисиз жакка жумшалып кеткен. Чубак Жалиловдун орун басары Толубаев, казылар чогулушунда уставды талкуулап жатып муфтийдин кемчиликтерин катыра сындаган үчүн аны жумуштан алып салды. Батыштын үлгүсүндө даярдалган реформа өзөгүн түзгөн КМБДнын Уставынын долбоорун колдоп 1-январдан тартып муфтият кызматкерлерин, имам казыларын бүт баарын мыйзамсыз (Уламалар Кеңешинин чечимисиз) аттестациядан өткөрөм деп иштен бошотуп салган. ММК аркылуу бүт Республикага жарыя кылып да жиберди. Эми эч кандай аттестация өткөзбөй эле "күбөлүк алгыла" деп жатат. Бул кандай? Эми күбөлүк берүүдө канча сурар экен?
2010-жылдын декабрында Ислам Маданияты гезитине жарыяланып жалпы мусулмандардын талкуусуна коюлган салттуу Исламга туура келбеген, көмүскөдөгү топтордун батыш үлгүсүндө түзгөн КМДБнын уставынын долбоорун "колдоп бергиле" деп январь айында Ысык-Көл мейманканасында чогулуш өткөрдү. Анда облустун казыларын, Уламалар Кеңешинин кээ бир мүчөлөрүн, КМДБнын кызматкерлерин каршы болгонуна карабай кысымга алган жана Чүй имам хатибдери реформага каршы болуп, буга жол берген Чубак ажынын жумуштан кетүүсүн талап кылышкан. Анда Ч. Жалилов имам хатибдерди экиге бөлүп, Чүй казысын кызматтан кетирип, илимсиз адамдарды Казы, орун басары кылып дайындаган. Анысы аз келгенсип бир суроону таза окуй албаган кишини өзүнүн орун басары кылып алганы акылга сыйбайт. Салафийлер Ислам саясий партия түзүүгө даярданып жатат. Аларды Чубак Жалилов сөзсүз колдойт. Ошон үчүн Салафийлер түзгөн уставды кабыл алууга аракет кылууда. Ч. Жалиловдун ислам динин бузуудагы тикеден-тике аракеттери, кылыктары далилдер менен тастыкталган.
Мындан ары Чубак Жалиловго ишенич болбой калды, бир жылдан бери Уставды жаза албай жатат жана Курултай өткөрө элек. КМБДга салым кошо элек, андыктан муфтийлик орунду өткөрүп берсин!
Азыркы саясий, экономикалык жана диний кырдаал татаалдашып турган учурда Кыргыз мамлекетин коркунучтуу абалдан чыгарып кетүүгө али да кеч эмес. Муфтийликке Жумагулов Руслан ажыны сунуштайбыз. Аны Кыргызстандын келечегине чоң салым кошот деп кепилдик бере алабыз.

Кыргызстандагы
мусулмандардын атынан
С.Окенбаев, Т.Исаков,
Кошокбеков, Дөөлөтбаев, Н.Жусупов, Н.Бирназаров, Р.Кыдырбаев, Ж.Ырсалиев,
Жыргалбек уулу А, Ж.Көбөйбаева, Т.Кадыров, Г.Суранова, Г.Шаршеева, У.Абдыраимов , А.Туманов, Б.Казыков, Т.Осмонкожоев, Т.Ашкеев, Б.Кадыракунов, К.Усупбеков, Асакул уулу Р, С.Ашырбеков ж.б.
800 адамдын колу коюлат.










кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"









??.??