Эркайрат

Нурлан Мотуев:
"Кыргыз элинин намысы үчүн чыгып атам"
- Нурлан мырза, "Үркүн" окуясы боюнча Орусия бизге 100 млрд. доллар төлөп берсин деп чыктыңыз. Бул бүтүмгө эмнеден улам келдиңиз?
- Мен бул ойго келгенимдин себеби, эң биринчиден намысым күйүп кетти, анткени мындан беш жыл мурун Yркүндүн 90, андан мурун 85 жылдыгы өттү. 90 жылдыгында "Бедел" ашуусунда кыргыздардын сөөгүн жыйнаганы барган бир кыргыздын буркурап ыйлап атканын кайра-кайра көрсөтүшүп орустар моокумун кандырышкан. Кыргыздарды муңдуу, зардуу кылып көрсөтүп, бизди шылдыңдаганы эсимде... Ошондон улам менде ушул идея жаралды. Биз качандыр бир убакта бейкүнөө кыргын болгон эли-журтубуз үчүн сурак жүргүзүшүбүз керек. Антпесек, "Кыргызды кырып кете берсе болот. Буларды эч ким сурап алалбайт" деген ой калыптанат. Экинчиден улуттук патриоттук сезимди көтөрүү болуп эсептелинет.
- Буга Орусия тарап эмне деди?
- Бул боюнча Орусиянын сайттарына көп эле чыкты. Алар да бир топ пиар кылышпадыбы. Ошол эле орус комментаторлор айтып атышат, "жөнөкөй кыргыз эмес да, бир эмес эки жолу президенттикке талапкер болгон адам" деп жазышканын окудум. Демек булар кадимкидей чочулап калышты.
- Сизди ушул маселе боюнча биздин күч органдарыбыз да суракка алып жатыптыр го?
- Суракка алышкан жок. Суракка алабыз деп чакырышыптыр. УКМКнын тергөөчүсү чалды. Келип кетиңиз деп. Мен бир эле диалог менен эле бүтүрүп койдум. Мен ага, "Эй, 1916-жылы бир гана менин чоң атамды өлтүрүп коюптурбу? Ал жерде кары-картаң, жаш бала, аял-эркек дебей малча кырган. Бул жерде бардык кыргыз элинин намысы үчүн чыгып атам. Орустар дагы эле унчукпаган кыргыздарды басмырлап атышат. Орус тили бизде расмий тил бойдон турат" деп айттым. "Же эмне, былтыркы 7-апрелде УКМКнын имаратын талкалап, БТРлериңерди айдап кеткени аз көрүнүп атабы?" десем эле эчтеке дей албай калды.
- Айтмакчы, "24kg" сайтында сизди "психикасын текшертиш керек" деп жазып чыгышпадыбы?
- Бул жанагы орустардын кылгандары, өздөрүн адамдан жогору койгонунун кесепети. Чындап келгенде ислам боюнча бул эң ыплас иш болуп эсептелинет. Ошол ыпластык иштерге кийлигишпей Власовдун өзүнө чалып айттым.
- Эмне деп айттыңыз?
- "Эй сен ар кимди айдактабай, сүйлөшсөң өзүң сүйлөш. Сүйлөшө албасаң, психикаңды сен текшерт" дедим. Себеби, Власов чечендерге колго түшкөндө жети ай жатып, 5млн. доллар берип атып араң кутулган. Ошондо мунун мээсине доо кеткен болуш керек. Болбосо "нормальный" адам ар кимге асылбайт да.
- Алдыда президенттик шайлоо. Кимисин колдойсуз?
- Эч кимисин колдобойм. Мен башында айткам, дагы деле айтам, бизге ислам дини менен тарбияланган, исламий негиздерге сугарылган адам керек. Казынадан бир да сом албаган адилеттүү адам болуш керек. Мисалы, ислам султандары, халифтери эч качан элдин акысын жеген эмес, бир сом алгандан да коркушкан. Биздикилер болсо тескерисинче тыйын алайын деп барышат. Ушундай ой менен алдыга умтулган адамдан жакшылык күтүүгө болобу?
Маектешкен Кадырбек ТЕМИР




  Аз калды...

Шайлоо жаңжалы кимге кызык?
(Уландысы. Башы 2-бетте)
Коопсуздук кеңешинин катчысы маалымат тараткан эле күнү президент Отунбаева дагы Кыргыз республикасынын Коргоо Кеңешинин чечимине кол койду. Бир жылдан бери "президенттик шайлоону өткөрүү менин милдетим" деп какшап келе жаткан президент шайлоого бир ай калганда гана иштелип бүткөн чечимге кол койду. Ажолук шайлоону өткөрүүгө атайын чечимди кабыл алууга аргасыз кылган ошол эле өлкө аймагындагы туруксуздукка шек келтирүүчү ар кандай протесттик акциялар болуп саналат. ИИМдин билдиргенине караганда өткөн сегиз ай ичинде эле өлкө боюнча санкцияланбаган (мыйзамдуу түрдө эскертилбеген) 1007 акция катталса, анын 509у саясий мүнөздө болгон.
Эң кызыгы биздин депутаттардан тартып министрлерге чейин кримдерге, саясий жана уюшкан кылмышкерлерге эрте согуш жарыялап алышкандыгы. Эгерде ИИМдин билдирген фактысына таянсак өткөн сегиз ай ичинде былтыркы жылга салыштырмалуу кылмыштуулук 5,7 пайызга өсүп, кылмышкерлердин саны 8842 же пайыздык эквивалент менен алганда 33,8 пайызга өскөн. Бул фактылар ошол эле "этап-этап менен кылмышкер менен күрөшүп жатабыз" деген министрликтин маалыматы. Эгерде күрөшүп жаткандагы көрсөткүч ушундай болсо, анда "күрөшүү" дагы беш-алты жылга созулушу мүмкүн. Мамлекет бир жагынан кылмышкерлерди таап жазалап салалы деп аракет кылса, экинчи жагынан бийликте отурган айрым депутаттар менен министрлер, ал гана эмес президенттикке кандидаттар дагы "совершенно секретно" жүргөн кылмышкерлер менен түздөн-түз байланышта болгондугу.
Адатта мамлекетте "кош бийлик" деген термин чоң саясий кырдаалдарда, революцияларда колдонулса, бизде акыркы кездери кош бийлик дайыма эле болуп калды окшойт. Мыйзамдуу, легитимдүү деген бийлик өкүм сүрүп келгени менен, жалпы көпчүлүк тарабынан "признавать" этилген легалдуу "черный мирдин" дагы мыйзамы иштейт. Биз бул эки бийликтин тең өкүм сүрүп жатканын соода-сатык, жеке бизнес менен жүргөндөрдүн эки тарапка салык төлөгөнү жана рэкетчиликтин башаты мектеп болуп, тамыры кылмышкерлерди жазалаган түрмөдө жаткандыгынан билсек болот. Алдыдагы шайлоодо ушул чөйрөнү колдонуп (кээ бирлери кошо иштешип) дагы жеңишке жетүүнү каалагандар бар экенин каңкуулаганып келет. ИИМ тарабынан 223 уюшкан кылмыштуу топтун өкүлдөрү кармалганы менен дагы деле болсо алардын таасири күчтүү жана алардын саны дагы 220 адамга көбөйгөнүн министрлик билдирген. Биз апрель төңкөрүшүнөн кийин саясий аренада коңшулардан алдыга кеткенибиз менен, мамлекет катары коргонуу жана коопсуздук жагынан улам-улам артка кетип жатканыбыз жогорудагы фактылардан көрүнөт.
Шайлоонун артында жакшылыкты эмес, жаңжал чыгарууну максат кылган топтордун дагы бир куралы бул улут аралык чатак менен регионализм. Өткөн жылдагы Ош окуясы бир канча карапайым кыргыз-өзбектердин өмүрүн кыйып, алардын жашоосун бузганы менен, ошол сепаратизмге үндөгөн күчтөр элди, бир улутту курал катары колдонуп, өздөрү эч кандай мыйзам алдында, эл алдында жооп бербей жүрүшөт. Бул нерсени Кыргызстанда жашаган ар бир улуттун өкүлдөрү эске алуусу зарыл. Анын үстүнө улуттар аралык чатактын башаты деле бийлик талашуудан келип чыккан ылаң болуп саналат. Биздин кыргыз коомунда лидерге, улуттук лидерге баа берүүгө жана аны тандоого эркибиз жетпей жаткандай. Шайлоодо башка улуттук азчылыктарга өрнөк болчу титулдук улут - кыргыздар өзүбүз регионализмге жол берип жатсак анан башкаларга не дейбиз. Алар кааласа "пророссиялыкмын" деген кандидатка, кааласа "западникмин" деген кандидатка добушун салат. Эң чоң кемчилик шайлоого кыргыз эли барып добуш бергенден дагы эринет, ал эми улуттук азчылыктын өкүлдөрү эртелеп эле шайлоо участогунда жүргөнүн көп эле көрөбүз.
Өткөн жылдагы парламенттик шайлоодон өздөрү каалаган добушту ала-албаган саясий партиялардын имиджине шек келтирген чет элдик маалымат булактары болду. Быйыл мындай иштерге жол бербейбиз деп аларга чектөө тууралуу дагы атайын токтом кабыл алынды. Муну медиа эксперттер сөз эркиндигин чектөө жана демократиянын принциптерине каршы деп айтып чыгышты. Эгерде Кыргызстандын территориясындагы көрсөтүлгөн телерадиолордогу Кыргызстандын бүтүндүгүнө шек келтирүүчү маалыматтарды мамлекеттин бүтүндүгү үчүн текшерүүдөн өткөрсө эмне болмок эле?! Ансыз деле 31-августагы аскердик парадды айрым чет элдик маалымат агенттиктери сепараттарга, улуттук азчылыктарга карата көрсөтүлгөн "куралдуу көрсөтмө программа" деп, 2008-жылдагы Россия менен Грузиянын ортосундагы тиреште Украина тарабынан эгемендүүлүк күнүндө көрсөтүлгөн парадка окшоштурушту. "Өзүнүн эгемендик тарыхында складда жаткан курал-жарактарын Кыргызстан улуттук азчылыктардын кыймылын ооздуктоо үчүн демонстрациялады" деди.
"Шайлоонун шайтан оюну" демекчи, бийликтин дагы, элдин дагы аң-сезиминде Кыргызстандын коопсуздугу биринчи орунда турушу зарыл. Антпесе, ар бир кишинин жанына автомат карматып сакчы коё албайбыз. "Бектер кетет эл калат, бетеге кетет бел калат" демекчи, өтөр-кетер дүйнөдө биз шайлоо менен гана жашабайбыз. Бул кыргыз үчүн жогорку жактан берилген сыноо катары дагы кабыл алсак болот. Эл арасында "деги тынчылык эле болсо болду" деген сөздөрдү угуп, карапайым калктын тилегени тынчтык экенин жана ар кандай саясий шоулардан тажап, коопсуздукду каалап жатканын сезесиң. Ал эми бийликте жана ага кызыккан адамдардын аң-сезиминде эмне болду экен!?
Элизат ТУРСУНОВА