Орус эл жомогу

Бүркүт болгусу келген бака
Москванын Дубровка деген сазында бир көлчүктө жалгыз бака жашаптыр. Өзүн көлчүктүн кожоюнундай сезип ары сүзүп, бери сүзүп чардап жатчу экен. Бир күнү эки куш алыстан учуп барып көлчүккө конот. Чарчап-чаалыгып, тердеп-кургап учуп келе жаткан куштарды көргөн бака "Эй достор! Силер кайдан?!" деп, бакылдайт.


Куштар: "Нечендеген тоо ашып жол басып, көл деңизден өтүп, далай суу кечип келе жатабыз" дешет. Ва-ха-ха көл дейсиңерби? Меникинен да чоң бекен? Тоо дейсиңер, меникинен да бийик бекен? Меникинен чоң көл жок. Мени силер билбейсиңер, мен кожоюн болом" дейт. Дейт да, сандыгында катылган кытай өндүрүшүнөн чыккан чачпактарын алып чыгып мактана баштайт. Булар эң кымбат, мындай кымбат буюмдар менде гана бар деп кайта-кайта мактана берет. Куштардын мекенине сапар тартар мезгили келет. Ошондо мактанчаак бака "Мен да силер менен барам" деп ээрчийт. Беркилер "Сен бакасың, уча албайсың" дешсе болбой көшөрөт. Айласы кеткен эки куш кеңешет да "Мекен Ынтымагы" деген желек жасашат. Ага тиги баканы тырбалаңдатып атып чыгарышат. Ошентип бака желектин үстүнө чыгып алып "учуп" жөнөйт. Бирок, баканын мекени Россия болгон үчүн Кыргызстан кабыл албасын түшүндүрүп, анын үстүнө экөөбүз Бишкекке сени алып барыш үчүн документиңди жасайлы. "Кыргыз бака" кылалы деп кеңешишет. Кыргызстанга келип куштардын жыйынын өткөрүшөт. Москвада "кыргыз бака" бизге кошулуп учкусу келет. Бүркүттөр чогулуп барып учуруп көрөлүчү деп кеңешишет. Бүркүттүн башын эн тамга кылып жасашат.
Бакага "бүркүт" деген, "кыргыз бүркүтү" деген пастпорт жасап беришет.
Баарылап "Мекен Ынтымагы" деген желеке салып учуруп көрөлүчү дешет. Жети дубандан 28 куш чогулуп Москвага барат. Куштар барганча кайран бака бал тилге салып көлчүгүнө конгон казак куштарын алдайт. Силер мага акча берсеңер кыргыз куштарына кошулуп учуп барып силердин чөлгө суу буруп берем. Силер ГЭС куруп жарыгыңар бекер болот. Тоолорду берем алтыны бар. Кыскасы, акча берсеңер баарын сатам дейт. Казак куштар алданат да 3 миллион доллар берет. Кайран бака бул жактан барган бүркүттөрдү силер шумкарсыңар бийик жерге чогулалы деп "Свис отель"-деген жерге чогултат да өз тилинде чардай баштайт. Баканын тилин түшүнбөй көпкө убара тартышат. Сенин чардаганыңды тоолуктар түшүнбөйт. Сен шаңшы дешет. Мени эптеп учурсаңар шаңшыганды тез эле үйрөнөм деп баштайт. Убада берет, үйрөнөм дейт да "Мекен Ынтымагы" деген желекке отуруп алат. 28 бүркүт тез эле баканы алып учуп келишет. Жетип-жетпей шайлоого туш болот. Мына кызык, Бака - баатырга айланат. Өзү бака... куштай сайрайт. Эл таң калат. Бака баарына кызык көрүнөт. Бүркүттөр менен кошо элдин арасын кыдыра баштайт. "Мен бүркүтмүн" дейт. Жанындагы бүркүттөр Баканын абийирин төкпөй "Ооба, бул бүркүт" дейт. Бир күнү бакага жин тиет. "Бүркүттөрдүн кереги жок. Мен… Мен… Мен" дей берет. Тажаган бүркүттөр: "Сен бакасың, бирок бүркүт болом дедиң эми биз кеттик. Сен эмне болсоң ошо бол, баары бир балчыктан келгендик кылат экенсиң..." деп баары учуп кетишет. Бака болсо айлакерчилигине салып кайрадан айланасына келгендин баарын алдайт. Мен жакында президент болом. Москва мени жиберген. Мени билбейсиңер менин 4 миллиард доллар акчам бар. Өзүм бака болгон менен Кремлде жашап, Кызыл аянтта гана жүрөм. Мен силерге бака көрүнгөнүм менен, мен бүркүтмүн. Мени президент кылсаңар кой үстүнө торгой жумурткалап жыргал заман болот. Менин байлыгым бар деп мактана берет. Бирок жакындан билгендер "Мунун жамбашынын богун кара да, дымагынын чоңун кара" деп күлүшөт. Өздөрү учат, кайран куштар. Учкандары менен "бул бака эмес" деп айтып алган соң аргалары жок, кайта анын бака экенин айта албай жүдөшөт. Акыры, кыргыз элине бүт билдиришет тиги "геройдун" жөн гана саясатчы... тойус... саякатчы бака, мактанчаак бака экенин, колунда сокур тыйыны жок экенин.
Айтор, "үйүндө кашык айраны жок, уулунун аты Жууратбек", "айдаганы беш эчки ышкырыгы зоо жарат" деген жорук анык болду. Аттиң ай, байкуш баканы кайрадан көлчүгүнө жеткире турган куштар болсо, баканын көлчүгү да соолуй баштаптыр. Эртелебесе кур бака болуп калса. Кызыл колтук бака экен, рак оорусуна дары болот деп кайнак сууга салып боркулдата кайнатып салбайт бекен? Боорум ооруйт. Арга жок. Аттиң мактанчаак бака! Орозо айында Куштар чакырып "Кеңешели, сенин бака экениң чындык, бул жак куштардын мекени"-деп айталы десе келбей койдуң эле. Эми кеч болуп калды…
Жамалбек ЫРСАЛИЕВ




  Өкмөт эскертет!

Бюджет - татыктуу корголот
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабанов журналисттер менен болгон жолугушууда бүгүнкү күндө республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу дээрлик 100 пайызга жүрүүдө деп билдирди.

Анын айтымында бажы кызматы боюнча жыйымдар 2010-жылга караганда 53пайызга б.а. 5млрд. 400млн. сомго ашыкча жыйналган. Салык кызматы боюнча жыйымдар 2010-жылга салыштырмалуу 16 пайызга көбөйүп, бюджетке 3 млрд. 100 млн. сом каражат чогулган. Мамлекеттик мүлк министрлиги боюнча алганда дивиденддердин түшүүсү 2 млрд. 891 млн. сомду түздү, ал эми эгемендиктин 20 жылынын ичинде дивиденддер болгону 2,5 млрд. сомду түзгөн. 2011-жылдын бюджетинин алкагында Өкмөт социалдык милдеттенмелерди (социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгек акыларын, пенсияларды, пособиелерди жана башкаларды) үзгүлтүксүз төлөп берет. Өкмөт 2011-жылдын бюджетинин алкагында каралган капиталдык салымдардын долбоорлорун каржылоону улантат. Мындан тышкары Өкмөт 2011-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүн түзүү боюнча белгиленген бардык иш-чараларды жүзөгө ашырууга жана бул бюджеттерди 2012-жылга карата профицит менен аткарууга өзгөчө көңүл бурат.
Ал эми республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн 3,3 млрд сомго көбөйтүү жана республикалык бюджеттин дефицитин 2,8 млрд сомдон 18 млрд. сомго чейин кыскартуу каралган. 2011-жылда бекитилген бюджетке жаңы толуктоо киргизип, бажы кирешесинин салымын 8,5 пайызга чейин көтөрүү долбоору каралууда. Мындан 4,07 млрд. сом каражат бюджетке келип түшөт.
Ошондой эле бюджеттин долбоорунда мамлекеттик аппаратты кармоого кеткен чыгымдарды кыскартуу, социалдык чөйрөгө чыгымдарды көтөрүү жана коргонууга, коопсуздукка чыгымдарды көбөйтүү каралганын Ө.Бабанов баса белгиледи.
Айдар Акималиев