"Тарт" тартып атат

Төлгөбек Койчуманов, сүрөтчү:
"Айтиев тарткан тоолордо биз жашайбыз"
Сүрөтчү болбогондо бу жарыктын сулуулугун туят белек? Жаратылыштын тилин таап, аны менен бир гармонияда болуп, пикир алышкан, сүрөттөрү кыргыз жыттанып, "Кыргыз эмнеге башкаларга окшобойт?" деген суроого кыл калеми менен жооп издеген Төлгөбек сүрөтчү менен маек курдук.


- Сүрөт дүйнөсүнө келүүңүзгө эмне түрткү болду?
- Сүрөтчүлүк өнөр абдан кызыктуу,ошондой эле татаал, өтө оор жол. Менин бул чөйрөгө жакын болгонумдун себеби балалык чагымда курчап турган чөйрө, жаратылыш, жашаган дүйнө, мен үчүн башкача ажайып кооздукту туйдурар эле. 5-6 жашымда досторум менен ойноп жүрүп, жерде жаткан таштын кооздугун аларга сөз менен айтып түшүндүрө албай, көзүм көргөндү тилим менен айтып бере албай койгонума өзүмө өзүм таарынып, сүрөтчү болгум келгендигин ошондо катуу сезген элем. Ата-энем да мени колдоп, сүрөт тартуу үчүн эмне керек болсо бардыгын алып бергенге аракет кылышчу. Ошол убакта жөнөкөй эле альбомго жетүү кыйын болчу. Биздин айылдан (Тоң районунун Коңур-Өлөң айылы) чыккан Талап Жайлообаев деген белгилүү сүрөтчүнү чакырып батасын алып беришкени да эсимде.
- Сүрөт тартууда идеялар кантип жаралат же кандайдыр бир белгилүү ыкмаларды колдоносузбу?
- Көп учурда жүрөктү өйүткөн көйгөйлөрдү анан жүрөктү сергиткен нерсени тартам. Учурдагы актуалдуу маселелерди да аттап кете албайм, мисалы, миграция маселеси. Канчалаган кыргыз жарандары өз мекенинен алыс жерде, кыйынчылыктын айынан, акча табуу максатында жакшы жашоо издеп жүрүшөт. Биздин кыргыз кыздарыбыз чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгууну көздөп башка мамлекеттерге кетишүүдө. Ушул жана башка көйгөйлөр камтылган сүрөттөр да тартылган.
- Образды жаратууда эмнеге көңүл бурасыңар, каармандын мүнөзүнөбү же кырдаалгабы?
- Көрүүчүлөргө эмне айткым келсе, сүрөт тартаар алдында биринчи кезекте ички дүйнөмдү угам. Сүрөт аркылуу жан дүйнөмдүн абалын чагылдырганга аракет кылам. Мисалы, К.Бакиев бийлик башында турганда баткактык менен жасалып жаткан иштерди көрүп, чыдабай кол шилтенип кеткен учурлар болгон.
- Көбүнчө жаратылыш темасына басым кылат экенсиз, анын себеби эмнеде?
- Жаратылыш мен үчүн ажайып башкача кооз, аны тартып жатканда колуңдагы кыл калем аркылуу жаратылыштын тилин таап, сүйлөшүп пикир алмашкандай туюлат.
- Көргөзмөлөрдү канча убакытта бир өткөрүп турасыңар? Арасында өзгөчө өткөнү кайсыл болду?
- Биз "Тарт" деген жаш сүрөтчүлөр тобун түзгөн элек, бул топто 8 сүрөтчү балдар бар. Алардын ар бири өз алдынча таланттуу. Баардыгыбыздын катуу кармаган эрежебиз бул натурадан гана тартуу. Ушул "Тарт" жаш сүрөтчүлөр тобу менен жарым жылда бир көргөзмө ачып келебиз. Бардыгы ийгиликтүү өттү десем болот. Айрыкча сүйүнгөнүбүз акыркы март айында ачылган "Делбирим" деген көргөзмө болду. Анын максаты өткөн муундун жана заманбап айымдарыбыздын гармониясын чагылдыруу эле.
- Элдин сүрөт сатып алуу, деги эле кызыгуу талабы кандай?
- Сырттан караганда көрүүчүгө жакшы байкалбаса керек бирок, биздин жаатта сүрөт тармагын дайыма эки жолго бөлүшөт. Биринчиси Ала-Тоо аянтында турган коммерциялык сүрөттөр, экинчиси чыныгы жан дүйнөдөн жаралган, живопись тармагында бааланган мыкты чыгарма. Экинчиси жөнөкөй көрүүчүгө көбүнчө түшүнүксүз болуп калышы мүмкүн. Биздин сүрөттөр чындыгында көрүүчүгө жаксын деп иштелген эмес, сүрөтчүнү ойлондуруп жүргөн жүрөктөн чыккан чыгарма.
- Сүрөт тармагында кимге карап түздөнөсүз, кимден сабак аласыз?
- Мен архитектура институтундагы живопись кафедрасын бүтүргөм. Бизди окуткан агайларыбыз бир гана сүрөтчүлүк өнөрүнө эмес, үлгүлүү адам болууга үндөп, таасирлүү ойлору менен көп нерсеге үйрөтүштү. Үсөн Өмүров деген агайыбыз ар дайым сергек жашоого, спорт менен машыгууга үндөсө, Сапар Төрөбеков жаратылыш менен гарномияда болууга үйрөттү. Ал эми Кадыркул Орозматов агайыбыз эрктүүлүккө, ишенимдүүлүккө тартчу.
- Кайсыл белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгегин баалайсыз, эмне үчүн?
- Сүрөт жаатындагы адамдар көбүнчө чет элдин чеберлерин жактырышат, ал эми мага өзүбүздүн эле сүрөт өнөрпоздорубуз абдан жакын. Мисалы: Чуйков, Айтиев, Акылбеков. Себеби, алар чагылдырган тоолордо биз жашайбыз, абасы менен дем алабыз, чаңында чуркап ойногонбуз, убагында ышкындарын ооз толтура чайнап жегенбиз.
- Мени дайыма ушул суроо кызыктырып келет, эмне үчүн сүрөтчү айымдар аз?
- Сүрөтчүлүк бир гана сүрөт тартуу эмес, ага чейин да көп жумуштарды кошо ала жүрүү. Мисалы: подрамник жазап ага холст керип кагып, грунт бериш керек, анан оор этюдникти көтөрүп алып жаратылышка чыгабыз. Мындай жумуштар айымдар үчүн кыйынчылыктарды жаратат. Ушул себептен улам аз болсо керек деп ойлойм. Бирок, негизи эң таза сезимдер аялзатында.
-Сиздин оюңузча эмне үчүн мамлекет тарабынан жаш сүрөтчүлөргө колдоо көрсөтүлбөйт? Же сүрөт өнөрүнө кызыккандар сейрекпи?
- Бул тармакка кызыккандар сейрек. Маданият жаатында көркөм сүрөт өнөрүнүн баалуулуктарын түшүнө беришпейт. Мамлекет тарабынан жаш сүрөтчүлөргө көңүл бурулбаганынын себеби жөн гана бири-бирибизге кол жетпестик, байланыштын жоктугу деп ойлойм. Жаш сүрөтчүнүн маселесин сурасаң биринчи эле өнөркана жөнүндө айтат. Совет учурунда шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн эң акыркы кабаты дайыма сүрөтчүлөргө ылайыкталып салынчу экен. А бизде мындай түшүнүк жок. Бирок, биз көйгөйлөргө эч өкүнбөйбүз. Жан дүйнөбүздө бир нерсе кайнап турса, боегубуз менен өз ишибизди уланта беребиз.
Нургүл ИБРАЕВА