Саргайган сахнада

Айлыгы аз артист
театрды гүлдөтөбү?
"Искусство элге таандык" деген Ленин атабыздын урааны күчүндө кезде, тээ, 70-80-жылдары кыргыз маданияты дүркүрөп өнүгүп, Кыргызстандын булуң-бурчтарына чейин театрлар ачылып, эл батпай аншлаг менен спектаклдер коюлуп, кассаларда билет калбай калчу дешет. Ал убакта студенттер бир билет сатып алып, жыл бою театрларга бекер киришчү экен. Ошол убактагы театрдын таасири менен жаштардын руханий дүйнөсү мыкты тарбияланса керек деген ой келет. Менимче, жаштарга, ушул сыяктуу жеңилдиктер түзүлсө, театр сүйүүчүлөрдүн катары жаштар менен толукталмак. Эми ал мезгил менен бүгүнкү күндү салыштырып болбостур. Театрлар көрүүчүлөрүн жоготуп койгондой, барсаң суук, кунарсыз. Балким, театрлар да заманга жараша өзгөрсө, күйөрмандары көбөймөк беле…


Кыргызстанда
18 театр бар
Театр - сезимдерди тазартчу, эстетикалык ырахат ала турган жай. Бирок, биздин заманыбыздын шартында мындай жайлар унутулуп бара жатат. Кыргызстанда жалпысынан алганда 18 театр бар. Алардын ичинен сегизи Бишкек шаарында, экөө Ошто, бирөө Алайда, жана жети дубанда бирден областтык театр жайгашкан. Азыркы учурда баардыгы иштеп жатканы менен келген элдин каттоосу сейрек. Компьютердик оюндар жаштарды азгырып жаткандыгы жашыруун эмес. Келечек ээлери театрга барганча, интернетке кирип кызыктуу кинолорду көрүүнү, баарлашууну артык көрүшөт. Демек, азыртадан аракет кылып, жаштарыбызды виртуалдуу дүйнөдөн сууруп чыгып, жашоосуна рахат тартуулай алчу, сезимдерин сергитчү жайлардан эс алдырууга аракет кылуубуз зарыл. Мамлекетибиз өз алдынча болгондон бери ар кыл революция, төңкөрүштөрдүн кесепетинен өлкө өзү эле эмес, маданияты дагы артка кеткени белгилүү.
Т.Абдумомунов
атындагы кыргыз
мамлекеттик
академиялык
драма театры
Т.Абдумомунов атындагы кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында бир жуманын ичинде 2-3 жолу спектаклдер коюлуп турат экен. Бул театрга баш баксак, ичинде башка жашоо жүрүп жаткандай сезилет. Ичи 100 орундуу кичи зал убактылуу иштеп турат. Башкы жетекчи Марат Алышпаевдин айтымында, мурдагыга караганда жылыштар бар. Театрдын 785 орундуу чоң залы ишке киришип калса, бутуна тургузууга болот. Финансы маселесин чечүү үчүн кызматкерлер мектептерге, университеттерге спектакль коюп, ар кайсыл жакта аракет кылышууда. Президент Роза Отунбаева 8 млн. сом жардам көрсөткөн. Анын тогуз жүз алтымыш миңине театрдын үстүндөгү шиферлерин алмаштырдык"-дейт директор Марат Алышпаев. Мына ушундай демөөрчүлөрдүн акчаларын үнөмдүү пайдаланып, жакында эле 375 000 сомго он сегиз орундуу "Мерседес" кичи автобусун сатып алышкан. Мурда гастролдорго чыкканда атайын унаа жалдап жүрүшсө, азыр өздөрүнүкү менен каалаган учурунда кете беришет.
М. Жангазиев
атындагы куурчак
театры
Албетте, аты эле айтып тургандай бул жай куурчактар менен жан дүйнөнүн сырларын аччу жер. Жакында эле куурчак театрынын 73-сезону ачылды. Анын ачылышына реабилитациялык борбордон, жакынкы бала бакча жана балдар үйүнөн 250 жаш балдар келишкен. "Театрдын жаңы сезонун "Мындай болуусу мүмкүн эмес"-деген аталыштагы спекталь ачкан. Бул жаш балдарды жаратылышты, ата-энени, мекенди сүйүүгө үндөгөн спектакль. Андан тышкары "Чыныгы дос" - аттуу репертуардагы жаңы спектакль коюлган"-дейт театрдын директору Темирлан Сманбеков. Жаңы жылга чейин дагы эки жаңы спектакль даяр боло турганын да кошумчалай кетти. Ал эми театрдын акыбалы бүгүнкү күндө түзүк десек болчудай. Таланттуу артисттер иштеп, жаштарды кармап калуу максатында жүз, элүү пайыз өлчөмдө айлык акыларын көтөрүп беришкен. Айлык акылары башка театрлардай эле өкмөт тарабынан каржыланат.
Чүй облустук
Шаршен Термечиков
атындагы театрдын абалы чатак
Ар кайсы жерлерде баш калкалап, өзүнчө имараты жок иштегенге шарты да келишпей, "көрүнгөн жердин күкүгү" болуп жүргөн бул театр азыр оор акыбалда турат. Кызматкерлердин алган айлыгы күнүмдүк жанды багууга жарабаган 1 900 - 3 000 сомдун тегерегинде. Ага карабастан театрдын артисттери болгон күч аракетин жумшап иштеп жатышат. "Жакында Чүйдү кыдырып, спектаклдерди коюуга даярданып жатабыз. Жардам көрсөтүлүп, өз алдынча мекеме, унаа берилсе бийик деңгээлге жетишип, бүткүл дүйнөнү кыдырып, фестивалдарга катышууга шыгы бар таланттар иштеп жатышат" - дейт башкы директор Орозбек Айдаров.
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры
Убагында дүйнөгө аты чыккан атактуу "Чолпон" спектакли коюлуп, кыргыздын туңгуч балеринасы Бүбүсара Бейшеналиева чимириле бийлеген Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театры бүгүнкү күндө да өз кадыр-баркын жогото элек. Классикалык, фольклордук, улуттук, опералык жанрдагы концерттер коюлуп, көрүүчүлөр көп. Көрүүчүлөр көбүнчө чет мамлекеттен келген өкүлдөр, студенттер. "Бүгүнкү жана эртеңки күндүн негизги көйгөйлөрүнүн бири бул театр. Акыркы убакта биздин театрга келген жаштардын саны барган сайын көбөйүүдө. Бул бизди абдан кубандырат. Анткени, өзүңөр билгендей жаштарыбыздын көбү көңүл ачуучу жайларга, дискотека клуб, заманбап кинотеатрларга агылып барат. Ошондуктан мындай көйгөйдү жоюш үчүн, бала бакчадан тартып туура тарбиялашыбыз керек. Анткени театр бул искусствонун жогорку эталону болуп эсептелинет" - деген оюн Опера жана балет театрынын директорунун орун басары Эркин Курманов билдирди. Ал эми техникалык аппаратурасына кайрылсак 50-60-жылдарда коюлган аппаратуралар алмаштырылбай, ошондогу сахнага жарык берчү лампалар бирде иштесе, кээде иштебей жетекчиликтин айласын түгөтөт. Кээде техникалык каражаттар таптакыр жарактан чыгып калган учурда тетиктерди Россиядан алдырууга туура келет. Бизде андай аппаратураларды чыгарган завод эмес, саткан дүкөндөр дагы жок. Жылына эле оңдоп-түзөө иштерине 10 млн. сомдон ашык акча кетет. Мунун баары көрүүчүлөрдөн түшкөн каражатка жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен ишке ашырылат. Чыныгы кесибин сүйгөн, фанаттар гана көп жылдарга иштеп калбаса жаштарды мында кармап калуу кыйын, күнүмдүк жашоого жетпеген 3000 сом айлык акыга эч кимдин иштегиси келбейт.
Нургүл ИБРАЕВА