ИИМ "байкебиз" билдирет...

Тергөө сенсациялары али алдыда!
Акыркы убактарда маалымат каражаттары ИИМдеги акыркы сенсациялуу кылмыштардын ачылышына ар кими ар түрдүүчө мамиле кылып жатат. Сенсациялар али алдыда экендигин эскертип ИИМ тармагы бир канча жагдайларды ачыктап турган кези. "Ачыла элек сандыкта, бычыла элек кундуз бар"демекчи, төмөндө ал "сенсациялардан" үзүл-кесил маалымдадык...


А.Мадумаров
боюнча:
Ички иштер министрлиги Президенттик администрациянын экс-жетекчиси М.Садыркуловдун, "Консорциум - Инициатива" фирмасынын аналитиги Сергей Слепченко менен айдоочу Кубанычбек Сулаймановдун кандуу өлүмүнүн ачылышына байланыштуу өткөрүлгөн пресс-конференцияларда да жана массалык маалымат каражаттарына берилген маалыматтардын биринде да, андан кийин да А.Мадумаровдун атын эч жерде атаган эмес. Бул журналисттердин изилдөөлөрү экендигин айрымдар биле жүрүүсү керек. Экинчиден болсо биз ошол журналисттерге тараткан маалыматтарыбызда ИИМ аталган кылмыш ишин тергөө учурунда ошол кездеги өлкөдөгү ички жана сырткы коопсуздукка жооп берген чиновниктердин бардыгы тең тергөөгө көрсөтмө бере тургандыгын баса белгилегенбиз. Анткени, мамлекеттик деңгээлдеги адамдардын өлүмү- катардагы кылмышка кирбестигин баса айтканбыз. Алардын ичинде коопсуздук Кеңеши, ИИМ, Генпрокуратура бар. ИИМ тергөөсү бардыгын өз кезеги келгенде суракка чакырат.
Генерал Р.Раимбердиев
боюнча:
Алгачкы тергөөнүн жүрүшү аныктагандай бул генерал Р.Раимбердиев М.Садыркуловдун өлүмүнө тиешеси бар экендигин аныктоодо. Ал бекеринен кармалган жок. Андан чуу чыгарып, кармалаар замат эле, алдын ала даярдап койгон митингичилер, плакаттарын алып көчөгө чыкканынын өзүндө эле күмөн сыр турбайбы. Болбосо, аныгын билип туруп, аны колдош керек болчу. Ал азыр эч жакка кетпейм деген - тергөөнүн чечими менен үй камагында олтурат. Ал эмнеге кармалды экен. Көрсө, ал ИИМдин ошол кездеги жашыруун чалгындоо башкармалыгын башкача айтканда 7-башкармалыкты жетектеп турган. Албетте, ал кызмат ИИМ министрине түздөн түз баш ийет. М.Садыркуловдун өмүрүнүн акыркы күндөрү анын көзөмөлүндө да болгон. Өзүнүн ишенимдүү балдары М.Садыркуловдун баскан-турганын күнү-түн аңдууга алган. Аңдыган балдарга аткарган кызматы үчүн Р.Раимбердиев доллар менен күнүгө төлөп турган. Баарынан кызыгы 2009-жылдын 13-мартында "Ак жол" постунда М.Садыркуловдун келишин аңдып турган "Р.Раимбердиевдин чалгынчысы" кара басып уктап калып, М.Садыркуловду өткөрүп жиберип жатпайбы. Анан саат таңкы саат бештер чамасында экөө чалышат. Болору болгонун байкаган Р.Раимбердиев тиги "чалгынчыга" "отбой" берет. Болду эми сен кете бер, иш бүттү дегендей кылып… Анан ал генерал сурак бериши керекпи же жокпу? Бул айтылгандар далилденген жана тергөө ишине тиркелген… Бул чекеси эле. Ал гана эмес анын чалгынчылары "Ө.Текебаевди, Т.Сариевди журналист С.Абдылдаевди жана башкаларды" да аңдууга алгандыгы азыр ачыкталып жатат.
Ошол кездеги
убактылуу
депутаттык
комиссия боюнча:
ЖК 2009-жылдын 13-мартындагы жол кырсыгын иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзгөн эле. "Ак жол" партиясынан алтоо, коммунисттерден бирөө. Комиссиянын мүчөлөрүн күнөөлөнүп жаткан Ө.Осмонов менен жолуктурушкан эмес. Комиссиянын мүчөлөрү жана төрагасы- бул өлүмдү жол кырсыгы деп бүтүм чыгарышкан. Ага бир гана депутат аял кол койгон эмес. Ал Ө.Осмонов менен жолуктургула деп талап койгон. Бирок анын талабы орундалган эмес. Комиссиянын чечим-жыйынтыгына да каршы болуп, колун койгон эмес. Ал аял бүгүн да бул кылмыш боюнча өз пикирин коомчулукка билдирди жана тергөөгө көрсөтмө берүүгө даяр экендигин айтууда.
М.Конгантиев жана Э.Сатыбалдиев
тууралуу:
ИИМге журналисттер көп суроо берип жатышат. Дагы баса белгилеп айтып кетели. Булардын ысымдарын ИИМ эч жерде атай элек. Бирок кезеги келгенде булар да суракка тартыла тургандыгына эч күмөн жок деп эсептейт тергөө процесси.
Чолпон Жакупова тууралуу:
Тергөөнүн жашыруундулугу каякта дегендей пикирин билдирүүдө. ИИМ тергөөнүн жашыруундуулугун сактоо менен бирге көп нерселерди али ачыктай элек. ИИМдин журналисттерге берген маалыматтары бул кыска гана эпизоддор. Мамлекеттик маанидеги окуя-кылмыш ачылып жатса тергөөнүн сыры деп эч нерсе айтпай коймок белек. Бүтүн дүйнө кыска болсо бул маалыматтарды күтүп жаткан. Айрымдары, бул кылмыш ачылбайт деп да эсептешкен.
Э.Ибраимованын айткандарына
толуктоо:
М.Садыркулов тирүүлөй өрттөлгөн эмес. Аны өлтүрүшкөндөн кийин гана машинада шериктери менен өрттөлгөн. Жан сакчылары тууралуу ар кандай кептер айтылууда. Тактап кете турган нерсе М.Садыркулов кызматтан кеткенден кийин анын эч кандай жан сакчылары болгон эмес. Эки гана айдоочусу болгон. Болгону ушул.
Саясатчы А.Бекназаровдун айтуусуна
толуктоо:
Тергөөнүн жыйынтыктары тууралуу, адамдарды күнөөлөп, камагандыктарын айтуу али эрте. Дыкат тергөө керек, жөн гана жар салуунун кереги жок, дегени боюнча. Туура айтасыз, сиздин сын-пикирлер эске алынат, бирок ИИМ эч кимди бекеринен күнөөлөгөн жок, тергөөнүн жыйынтыктарын али айта элек жана да жар салган да жок. ИИМ жөн гана өз ишин жогорку чеберчилик менен жүргүзүп жатат жана миллиондогон адамдардын күткөн жаңылыгын журналисттер коому жан койбой сурап жаткан кезде, айтпай коюу туура эмес болуп калат. Аны сиз жакшы билесиз. Калемгер досторубуздун алдында ток этер жерин гана айттык, ал эми калгандары алардын журналисттик изилдөөлөрү болуп эсептелинээрин Сиз да жакшы билесиз. Жүздөгөн күнөөлүү адамдар-кылмышкер-чиновниктер жакында ачыкталат. Сиздин да оппозицияда жүргөн кезиңизде артыңыздан калбай аңдыган "чалгынчылар" да аныкталып калышы толук мүмкүн.
ЭКСПЕРТИЗАЛАР
БОЮНЧА:
Президенттик администрациянын экс-жетекчиси М.Садыркуловдун, "Консорциум-Инициатива" фирмасынын аналитиги Сергей Слепченко менен айдоочу Кубанычбек Сулаймановдун кандуу өлүмүнө байланыштуу 18 түрдүү экспертиза дайындалып, алардын бардыгы тең жол кырсыгы болгон деген бүтүмдөрүн чыгарган. Мына ошол экспертиза жүргүзгөндөрдүн бардыгы тең акырындап суракка тартылууда жана алар жоопкерчиликтерин тартууга тийиш деп эсептейт тергөө. Россиядан жасалган гана экспертиза -ДНК, өлгөндөрдүн ким экендиктерин аныктап берген. Калгандарынын бардыгы буйрутмалардын коркутуусу менен жол кырсыгы деп чыгарылган чечимдер.
Азыр да тергөө иши тынымсыз, күнү-түнү жүргүзүлүүдө, сенсациялык билдирүүлөр али алдыда !
Кадырбек ТЕМИР