кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



Кыргыз качан Конституция менен жашачу эле…
Башталды. Эмне башталмак эле, ба-аягы эски жомок башталды. Эми колуңдан кашыгың түшүп кетсе дагы шайлоодон көрө берсең болот! "Эртеңден баштап биз атуулдардын конституциялык укугу тебеленген өлкөдө жашап баштайбыз!". Мындай билдирүүнү "Замандаш-Современник" саясий партиясы таратты. Маанисине үңүлсөк: "Учурда Жогорку Кеңеш тарабынан түз берүүчү телеканалдардын баарын цензурадан өткөрүп, а түгүл аларды таптакыр жаап салууга багытталган мыйзамдар менен токтомдор кабыл алынууда. Ошондой эле акыркы бир ай чет элдик телеканалдарды убактылуу көргөзүүгө тыюу салуу чечими дагы акылга сыйбайт. Анткени убактылуу токтотууга техникалык мүмкүнчүлүгү жетишпеген телеканалдар, мындан ары Кыргызстан аймагын камтуудан биротоло баш тартууга мажбур болушууда. Мындай чечимдер бир дагы мыйзамга шайкеш келбейт. Мисалы Конституцияда ар бир атуул өз ой-пикирин эркин айтканга укуктуу экендиги көрсөтүлсө, массалык маалымат каражаттары тууралуу мыйзамдын 1-беренесинде "массалык маалымат каражаттарына цензура колдонууга жол берилбейт" деп жазылып турат, ал эми ЖоКе регламентинин 144-беренесинде сөз эркиндигин чектөөчү мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынган. Авторитаризм менен сөз эркиндигин чектөө, атуулдардын укугун бузуунун кесепети кандай болорун бир жыл мурдагы кандуу окуялар далилдеди. Ошондуктан, Конституцияга карама-каршы келген чечимдер кайрадан каралышы керек", делинет. Эмнеси болсо да, башталды…

"Кереге-ПРЕСС"















??.??