Ыя, чычкан аке!

Суу пулдамай башталдыбы?
Бир жума мурда биринчи вице-премьер-министрибиз Токтогул суу сактагычындагы электр энергияны (негизи сууну) сатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Астанага барып келди. Бул схема аныгында бакиевдик Сапарбек Балкыбеков тарабынан иштелип чыккан. Эмне үчүн Өкмөт ушу кезге чейин өзүн ыңгайсыз абалга калтырып, тактикасын өзгөртпөй келет? Бул суроонун жообу жөнөкөй эле. Кыргызстанда 30-октябрда президенттик шайлоо болот, демек, тезинен акча керек.

Биринчи вице "Ушул жылы 3,5 млрд киловатт-саат электр энергиясы сатылат" деп жатат. А иш жүзүндө маселе таптакыр башка өңүттө турат. 16-сентябрда Казакстандын премьер-министри Карим Масимов бир күндүк иш сапары менен Бишкекке келди. Масимов өзүнүн кыргыз коллегасы Алмазбек Атамбаев менен кыргыз-казак мамлекеттер аралык кеңешинин экинчи кеңешмесин өткөрүшү керек эле. Ошону менен бирге кеңешме ачык өтмөк. Масимов маселени басма сөз өкүлдөрүсүз талкуулоону каалады. Премьерлер сууну сатуу жөнүндө талкуу жүргүзүшкөнүн төмөндөгү себептерден улам болжосок болот. Себеби, Масимов ММКлар үчүн брифингде Казакстандын түштүк облустарына жетиштүү деңгээлде сууну жеткирип берүүнү Кыргызстан мойнуна алгандыктан, Кыргызстандан электр энергиясын сатып алуу боюнча макулдашуулар тууралуу шыр эле сөз козгоду.
Сууну сатуунун арты эмне болорун биз жон терибиз менен сезбедик беле. 2008-жылы муздак үйлөрдө айлап калчылдап тоңуп чыкканбыз. Электр энергиясын сатуунун адаттагы нормадан ашыкча сатылуусу 2003-жылы башталган. Мындай айласы куругандык, жөнөкөй элди Бакиевдик диктатурадан куткаруу үчүн окко төшүн тосууга мажбур кылган. Эми эмне болду? Максим менен Айдардын "чеңгелинен" дале кутула албадык. Мурда тигилерге кандай жардам берип келсе, азыркы өкмөттүн акчага иштеп калуусу үчүн жардам берип жатат. Сыягы, чоң адамдар тез эле тил табышып алышса, а карапайым кыргызстандыктар Бакиев "чоң атабыз" мурастап кеткендей тезек терүүнү ойлошубуз керек окшойт.
Башкаруучулардын бул эптеп эле пайда көрүп калуу амалы, алардын колкосун тешип чыгары талашсыз. Кыргыз эли өзүнө карата басмырлоого эч качан келише алган эмес, азыр деле өзүн алдатууга жол бербейт.
Сууну өз пайдасы үчүн агызуу Акаевдик 2003-жылдардан Бакиевдик 2006-жылга чейин болгон. Анда суунун көп топтолгон мезгили болчу, бирок, Айдар менен Максим эртеңки күндү ойлошпой, керектөөдөн ашыкча коротушкан. Андан кийин суу тартыштыгы жүз берди. Мына ошондо бардык "былык" иштер бетине чыга келди. Сыягы, алдыдагы 2012-2014-жылдар дагы ушундай болот окшойт. Болбосо, бир нече айлардан бери унчукпай келген Казакстандын башчылары Бишкекке келбейт эле да. Бир сөз менен айтканда, аларга керек болгон нерсени алышты.
Кошумча электр энергиясы - бул сууну кошумча коё бергендик экенин унутпашыбыз керек. Казактарга электр энергиясын көп сатканыбыз менен, кайра эле өзбектерди суу каптайт. Бул дайым болуп келгендей, "бир тууганча" мамиле. Токтогул суу сактагычындагы сууну бардыгын агызып жиберип, бир-аз жылдан кийин суунун тартыштыгы жаралып, кошуналарыбызда бардыгы куурай баштайт. Айрыкча, бул Өзбекстанга жана анын пахтасына тийешелүү. Чыгым өтө көп болот!
А бизде светти тез-тез өчүрүү башталат. ГЭСтин жана ТЭЦтин эскилиги жеткен жабдуулары иштегени менен тамтыгы чыгары турган иш. Авариядан кудай сактасын, анда эле биздин энергетиканы жок кылып алабыз. Энергосистемадагы олуттуу авариялар тууралуу айтылган божомолдор куру сөз эмес. 2011-жылдагы экспорттон түшкөн акчалар, эң ириде кышка кошумча газ жана көмүр сатып алууга, бюджеттин тартыштыгын толуктоого жумшалат.
Адаттагыдай эле биздин Өкмөт акчанын азабынан бардыгына көз жумуп, суу-энергетикалык баланстык сактоо жаатында Кыргызстанда эле эмес, жалпы Орто Азия боюнча түркөй саясат жүргүзүп келатат. Өтө өзүмчүл саясат. Мына ушундан кийин өзбек газынын арзандатышын жана кошуналардын бизге карата жакшы алакасын кантип каалайбыз?
Өзбектер да бардыгын көрүп турат. Ошондуктан өткөн жылы "Кыргызгаздын" башчысы Кулмурзаев 200 млн.кубметр гана жаратылыш газын алууга келишим түздү. Бул 2010-жылга салыштырмалуу 100 млн.го аз. Анан калса баасы дагы кымбат! Мына ушундай мамиледен кийин дагы эмнени каалап турабыз? Тарифтер саясатчылар үчүн эмес, карапайым калк үчүн кымбаттады. Алар "өз ишин актап алышты". Октябрда өзбек газы түгөнөт. Ошондуктан, казактарга "ат тезегин кургатпай" бара баштадык. Биздин башка аргабыз жок экенин түшүнгөн казак баурдастар, өзүнүн шартын коюшууда. Бул канчага чейин созулат? Биз качанга чейин кошуналар менен нормалдуу мамиле түзүүнү ойлобой, эптеп эле пайда көрүүнү ойлойбуз? Кандай болгон күндө да кайдыгерликтин кунун, кайра эле карапайым кыргыз калкы төлөөгө аргасыз болот.
Чынайым
БААТЫРБЕКОВА




  Көч уланып...

"Замандаш-Современник"
эл аралап жүрөт
"Замандаш - Современник" партиясынын дарегине ар кандай пикирлер айтылып келет. Биз ал пикирлерге жооп иретинде аталган партиянын иш-аракеттери боюнча коомчулукка төмөнкү маалыматты кабарлап коюну эп көрдүк...

Ушул жумада "Замандаш - Современник" саясий партиясынын жетекчилиги Нарын областынын Жумгал жана Кочкор райондорунда, Балыкчы шаарында болушат. Бул иш сапарда партия уюмдарды реформалоо, аймактык тармактарды өнүктүрүүгө багытталган жайкы компаниясынын иш-чараларын жыйынтыктайт. Буга чейин жай ичи партиянын жетекчилиги республиканын бардык аймактарын кыдырып чыгышты. Партиянын областтык комитетинин ордуна 22 байланыш комитети түзүлүп, алардын түзүлүшү жана курамы аныкталды. Буга катар байланыш комитеттеринин жетекчилери дайындалды. Жергиликтүү маселелер боюнча олуттуу иш аракеттер талдоого алынып, аймактардын социалдык - экономикалык абалы менен жакындан таанышып, аймактагы жигердүү адамдар жана партиянын өкүлдөрү тарабынан партиялык маанилүү сунуштар кабыл алынды. Партиянын маалымат - аналитикалык борборунда "Бул материалдар партиянын платформасына кирүүчү аймактардын өнүгүүсүндөгү жана саясатындагы негизги программага айланат", - деп белгилешти.
Ушул жуманын аягында партиянын жетекчилигинин катышуусундагы реформанын жыйынтыгы жана келечекке болгон планды талкуулаган пресс-конференция болуп өтмөкчү.
Биз мурда кабарлагандай, "Замандаш - Современник" саясий партиясынын чечкиндүү ишмердүүлүгү өз нугу менен агып келүүдө.
Гүлзат
ТЫНАЛИЕВА