Тазбайматтар талпынганда

"Кыялга" ким кыялын көргөзүүдө?
Кай бийлик келип Ак үйдүн босогосуна баш бакбасын, түз эле кызматын менчик бөлүштүрүүдөн башташат. Бул биздин кыргыз чиновниктеринин өнөкөт оорусу. Балким жадыңыздан чыкпаса керек Анвар Артыков аттуу саясатчыбыз Бакиев бийликке алгач келгенде жетинчи кабатка эптеп жетип, эми эмне кылабыз айласы менен алакан жайганда, кайран киши ажолук эйфориядан чыга албай, "элди эмне кыласың, акча деген көрсө мамлекетте саман тура, баарыбызга жетет экен" көнгөн колу менен кокосун чертет имиш. Ошентип отуруп ал киши кокосунун айынан азыр Витебскиде "эс алып" жатат. Бу кудай урган бийлигиң бири- биринен сабак алгандын ордуна тескерисинче биринчиси салып кеткен жолду кайталагандан тажашпайт окшойт. Эми кичине тынчып пикеттердин ордуна президенттикке талапкерлердин шоусуна жаңы орток боло баштаганда кайрадан көчө митингдеринин күбөсү болчудайбыз.

Дегенибиз, Бакиев бийлигинин куу ченгелинен жаңы чыккан "Кыял" Улуттук өнөрчүлөр бирикмесине кайрадан ар кай тараптан рейдерчилик башталып, эми болсо Ак үйдө көптөн бери "серый кардиналдашып" калган адамдардын колу менен "подружкелер" жыйыны өтүп, "Кыялды" кыя чабалы деп көшөгө артында интригалрдын казаны бакылдап жаткан учур. Деги эле бу "Кыял" деген кол өнөрчүлөргө ар кимдин эле эмес, өзгөчө бийликке келгендердин көзүн кызарта берген кандай бирикме экен билгибиз келди эле. Көрсө "Көкөтөйдүн ашы, чоң чырдын башы" болгон маселе бул ошо жерде орун-очок алып иштеп жаткандардын имаратына ашык болуп, махабаттары ашынып жаткандар анын жетекчилигин тактап айтканда кыргыздын дагы бир кыраан жигити Султанбек Макашовду кызматынан кетирген соң башка дагы бир чаар баштардын колу менен жыйырма жылдан бери аягына чыга элек менчиктештирүү вирусун жапжакшынакай иштеп жаткан ишканага да жугузалы деген окшойт. Анткени ишкананын имараты шаардын борбордук бөлүгүндө жайгашып, жанында Кыргызстандагы эң ири соода түйүнү катары таанылган Ош базары менен улагалаш болгондугу үчүн көптөрдүн көзүн кызартып түн уйкусун бузуп, улут үчүн анчалык деле мааниге ээ эмес эптеп бир соода борборун сала коелу дегендер азыр Ак үйдү айланчыктап жүрүшөт.
Маселени кабыргасынан койгондо мындай көрүнүш бүгүн эле чыга калган жок. Мындан бир канча жыл илгери, тактап айтканда 2003-2004- жылдары андагы жалпы кыргыздардын апчеси Майрам Акаеванын колу менен менчиктештирилип кете жаздап акыры коомчулук жана коомдук ишмерлердин киришүүсү менен аман калып, ошентсе да бир өңүрүн ат-башылык ишкер Камчыбек Жолдошбаевге жулдуруп жиберген. Азыр ал жерде "Беш- Сары" деген соода борбору жайгашкан. Кийин жаңылбасак ал жерге Бакиевдин атынан да десанттар жуучуга барып акыры алып жетише албай калышты окшойт. Азыр да ошол синдром кудум эки бийликтин тушундагыдай кайталанып жатат. Бирок баса белгилеп кетүүчү жагдай мурдагы эки бийликтин кишилери барып маселени кабыргасынан эле коюп "мага же шефгүлгө баланча пайызын бер" деп ачык соодага өтүшчү. Азыркылар алардан ат чабым акылдуулук кылышып "Кыялдын" имаратын алыш оңой бирок анын жетекчилигин ээрден оодарыш азап экенин билип калышканбы айтор атаканы алгач эле аталган кол өнөрчүлөр бирикмесинин жетекчиси Султанбек Макашовдон баштаганы турушат. Булардын негизги идеясы азырынча жетекчиликти алмаштырып акыр соңу ишкананы устукандап бөлүп кетүү маселесин кармап туруу. Азыркы жетекчиси Султан Макашов өмүрүнүн көп бөлүгүн ушул ишкананын бутуна турушуна сарптап көп ийгиликтерди жаратты. Чет жерлерден бир топ сыйлыктарга татыды.
Аны айтпаганда да "Кыялдын" чыгарган продукциялары бүгүнкү күнү чет өлкөлөрдө улуттук кол өнөрчүлүктүн нукура жүзү катары таанылып келет. Жашоонун парадоксун кара, ошол эле бийлик башында болуп келгендер жана азыркы Ак үйдөгү чиновниктер мамлекеттин атынан чет жерге командировкалап чыгышканда алгач эле ушу "Кыялдагыларга" кайрылып түркүн түстүү белек-бечкектерди себет кылып жөнөшөт да мындай учурга келгенде тескери ушата башташат. Башканы айтпаганда да "Кыялдагы" кол өнөрчүлөрдүн эмгектери бүгүнкү күнү Американын Ак үйүндө, Кытайда, Россияда жана башка көптөгөн шаарлардын белгилүү жерлеринде илинип турат. Сөзүбүздү кыскарта чапсак эгер биз улут катары калыптаныш үчүн улуттук нарк,насилибизди сактайлы десек, кол өнөрчүлүгүбүздү өркүндөткөндү максаттасак, анда аталган ишканага өзгөчө статус берип, жетекчиликти кодулагандын ордуна тескерисинче шарт түзүшүбүз керек. Болбосо кай заман болбосун Тазбайматтар менен Абыке Көбөштөр болуп келген жана боло берет. Ошон үчүн кой аксагы миң деген сөз бар. Эгерде биз "подружкелер" менен "Тазбайматтардын" сөзүнө ишенсек анда өлкөдөгү бирден бир улуттун жүзүн таанытып жүргөн бирикмеден кол жууп калабыз.
Элдик чеберлердин укугу тепселүүдө
Улуттук көркөм өнөр кыргыз элинин руханий байлыктары экенин баарыбыз жакшы билебиз. Эгерде биз калпагыбызды, шырдагыбызды, боз үйүбүздү жоготсок, анда кыргыз эли улут катары да жоголуп кетерибиз анык нерсе. Ошондуктан улуттук өнөрдүн көйгөйү жалаң эле "Кыялга" тиешелүү эмес жалпы кыргыз элине ошондой эле өкмөтүнө да тиешеси бар деп эсептейбиз.2003- жылы биздин уставыбызды кабыл алганда кеңири талкуу болуп, көптөгөн чеберлердин пикирин эске алуу менен кабыл алынган. Устав деген коллектив үчүн мыйзам. Мыйзам туура кабыл алынса иш дагы жакшы жүрөрү белгилүү нерсе. Биздин уставыбыз туура кабыл алынган үчүн биз ошо кездеги миңдеген карыздардан кутулуп, стабилдүү иштеп, бүткүл дүйнөлүк көргөзмөнүн алтын медалына татыктуу болуп жатабыз. "Кыялдын" имаратына көзүн кызарткандар бардык режимдердин убагында болуп келген. М Акаева биздин имараттан соода үйүн жасагысы келсе, Бакиевдер дос,туугандарына алып бергиси келишкен. Бирок улуттук көркөм буюмдарды чыгарган Кыргызстандагы жалгыз ишкана болгондуктан коомчулуктун жардамы менен "Кыялды" сактап келдик. Апрель элдик революциясынан кийин тынч эмгектенебиз деп ойлосок, андай эмес болуп, дагы эле биздин имаратка көздөрүн кызартып ак үй, көк үйдөгү чоң чиновниктер тооруп калышты.
Текшерүүдөн башыбыз чыкпай, тынч иштей албай коллектив жадап бүттү. Эми минтип уставыбызга өзгөртүү киргизип болсо дагы кара ойлорун ишке ашыргылары келишет. Улуттук өнөргө кыянаттык менен мамиле кылышкандарды кыргыз элине каршы деп эсептейбиз. Элдин пикирин жамааттын пикирин эске албай, жогортон десант түшүрүү практикасын тирилтүүчүлөр эл алдында, мыйзам алдында жооп береби же жокпу.
Урматтуу эл шайлаган депутаттар:
Элдик чеберлердин укугун коргоп бериңиздер.
Биздин талап:
1 "Кыялдын" азыркы уставы өзгөртүлбөсүн.
2 Кыргыздын элдик өнөрүнүн ордосу болгон "Кыял" жонүндө мыйзам кабыл алып бериңиздер.
3 Улуттук "Кыял" өнөрчүлөр бирикмесине өзгөчө статус берилсин.
Коллективдин атынан Замира Саткеева




Атайын маалымат
Окурмандын башын айлантып расмий документтерди тиркебей жөнөкөйлөтүп, чайнап түшүндүрмө бере кетели. 2004-жылы өкмөттүн атайын токтому менен "Кыялдын" уставын бекитүү жөнүндө, жана ээлеп турган имаратын аталган бирикменин балансына биротоло берүү боюнча токтом кылат. Мыйзам кайра артка кайтарылбайт деген эл аралык практикадагы түшүнүктү(закон обратную силу не имееть) билбеген биздин азыркы өкмөт баарын жыйыштырып туруп, ушу айдын 13-сентябрында кайра токтом токуп "Кыялдын" жетекчисин өкмөт башы өзү бекиткидей кылып документ даярдайт. Мурдагы өкмөттүн токтомунда жетекчиликти "Кыялдын" бирикме кеңеши шайлайт деп бадырайып жазылып турат. Ал эми 15-сентябрда аталган ишкананын айланасындагы ызы-чуу жөнүндө билгиси келген ЖК төрагасы, спикер Акматбек Келдибеков премер- минисир Алмазбек Атамбаевге телефон какса ал киши эч нерсе билбесин жана эч кандай токтомго кол койбогонун айтып ийин куушурат. Көрсө кызык бул жакта экен. "Кыялдын" имаратына кызыккандар атайы бир аялдын атына жамынып кат уюштурат да бүтүндөй Жогорку Кеңешти чуу түшүрөт. Ошол эле учурда катка кол койду делген Эл Баатыры Сооронбай Жусуевдин, СССРдин Эл артисти Самара Токтакунова баштаган коомдук ишмерлердин колдору жасалма болуп, бүгүнкү күндө ошо кат уюштурган "тоголокчулардын" иш аракетине нааразычылыгын билдирип, кайра кат дярдашууда. Ошентип азыр өкмөт калпычы же кат уюштургуч "подружкелер" калпычы экенин эч ким билбей ара жолдо ишкана жана карапайым эмгекчилер тегирмендин парасында калгандай эле чайналып туру. Айтор жоругуңар жолдо, кылыгыңар белде калсын деп шыпшынгандан башка эч айла да, амал да жок.
Даярдаган Гүлзат Тыналиева