кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



Бут тосту-бут
тоскон жок!
Бу сапаркы шайлоо анык эс оодара турган болуп калды. Минтип дендароо кеп салганыбызга кечээки 20-сентябрдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында талапкерлер Н.Түлеевди, А.Абышевди, У.Сооданбековду, К.Арабаевди Президенттин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартканы себеп болуп отурат. БШКнын мүчөсү, жумушчу топтун жетекчисинин орун басары Канат Абдукадыровдун айтымында, бул талапкерлер кол топтоо нормаларын туура эмес толтургандыгынын натыйжасында баш тартуу сунушталып жатыптыр. Маселен, жыйында Нариман Түлеев 136 миң кол топтогону айтылды, бирок алардын көбү туура эмес толтурулган имиш. БШК мүчөсү Жаркын Бапанова: "Мен Н.Түлеевдин бир папкасын текшерсем, 4500 кол толтуруу болгон, бирок алардын арасынан 145и эле туура толтурулуптур" десе, Н.Түлеевдин тарапташтары, "7-апрель жаштар кыймылы" партиясы, "Прогресс", "Генерал ордо" фонддору: "Нариман Түлеевге бийлик бут тосуп, мыйзамсыз жол менен шайлоодон алып салууга аракеттенип жатат, 135872 жана кошумча 24 миң кол тапшырылган бул колдордун 30 миңин эле текшерип ушундай кылышты"-деп чуу көтөрүп чыгышты. Кудай сактасын деп, биз турабыз...

"Кереге-ПРЕСС"











??.??