"Кыркыт" болобузбу?

Темир жол "тепсе" турбайсың...
(Уландысы. Башы 3-бетте)
2002-жылы Кытай өкмөтү Кыргызстанга жол курулушун изилдөө боюнча отчетуна 20 миллион юанды грант эсебинде бөлгөн. Ал эми бул 20 миллионду ким алып, кандай изилдөө жүргүзгөнү тууралуу маалымат азырынча ачыкка чыга элек. Бирок, Кыргыз өкмөтү темир жол курулушун изилдөөнү эки жылдан кийин гана 2004-жылы Казакстандык "Транспроект" компаниясы менен баштаган. Кыргыз-Кытай өкмөтү темир жол маселеси боюнча 2008-жылдан баштап баш-аягы беш жолу атайын жолугушууларды өткөргөн. Жыйынтыгында кытай тарап менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда темир жолдун жазылыгы тууралуу маселе чыккан. Кытай тарап жолдун жазылыгы колиясы 1435 мм болсо, десе кыргыз тарап 1520 мм болсун деген талапты койгон. Темир жол мейкиндигинде Кыргызстан КМШ, Монголия жана Балтика өлкөлөрү колдонгон "1520 мм стандарты" менен жашайт. Кыргызстанга бул маселени чечүүнүн дагы жолдору сунушталган. Ал боюнча Кыргызстандын аймагындагы темир жолдун колеясы 1520 мм бойдон калып, ал эми Кытай тарапта өздөрү сунуштаган стандарт менен болсун деген. Эгерде темир жол ушундай стандарт менен курула турган болсо, анда Кыргызстан башка эл аралык темир жолдорго чыга албай калышы мүмкүн. Биз муну менен Кытайдын дагы бир капканына илинебиз. Анткени ал темир жол аркылуу Кытайдан башка өлкөлөр менен жол каттамдары түзүлбөйт.
Кезектеги кур калмай
Долбоор боюнча темир жолдун жалпы узундугу 268,4 км. Эл аралык стандарт менен алганда жолдун категориясы үчүнчү категорияда болот. Жолдо баш-аягы 12 станция курулуп, бир жылда 150 миллион тонна жүк ташууга мүмкүнчүлүк болот. Курула туруучу көпүрөлөрдүн жалпы узундугу 214 м, максималдуу бийиктиги 50 метрди түзсө, тоннелдин жалпы узундугу 48,9 метрди түзөт. Жолду куруу үчүн болжол менен 1 млрд 350 миллион доллардын тегерегинде акча керектелсе, тышкы инвесторлор (Кытай) 49 пайызын, ал эми Кыргызстандагы ички инвесторлор 51 пайызын каржылашы мүмкүн. Бул жерден айта кетүүчү нерсе Кыргызстан кайсы ички инвесторлорго таянып жатканы белгисиз. Себеби бюджетте андай акча жок жана жеке инвесторлор Кыргызстандын өзүнөн кантип чыгат деген суроо жаралат. Мындай учурда пайдасына карап, чет өлкөлүктөр жеке инвестор болуп Кыргызстандын атынан чыгып, жыйынтыгында Кыргызстан дагы пайдадан куру жалак калышы мүмкүн.
"Кылым курулушунун" кыңыр иштери
Темир жол курулушунун айланасындагы ар кандай кептер жолдун курулушу баштала электе эле чыга баштады. Кыргыз элине гана эмес коңшу Казакстан менен Россияга да кызык болгон нерсе-"Кыргызстан жолдун акысы үчүн Кытайга эмне берет экен?"-деген суроо. "Кылым курулушу" болот деп биздин аткаминерлер тарабынан эрте айтылган темир жолдун курулушунун кечеңдеп жатышы дагы жогорудагы кызыкдар мамлекеттердин аракеттеринен улам деп айтып жаткандар дагы бар. Анткени, Кыргызстан үчүн келген импорттун көлөмүнүн көпчүлүгү Казакстан жана Россиядан алынып келет. Ал эми карапайым элдин "кылым курулушуна" каршы чыгып жатканына эмне түрткү болду? "Жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт" деген сыңары элдин уккан-билгени бу сапар да жаза кетпей жаткан чыгар. Акыркы кездери "Кыргызстан жолдун акысына Тереккан, Перевальная алтын кендерин, Жетим-Тоо темир кенин, Сандык алюминий кенин берет экен" деген сөздөр айтылууда. Ага далил катары жыл башында Жаратылыш ресурстар министри Замирбек Эсенамановдун "бул жөнүндө сүйлөшүүлөр болуп жатат" деген билдирүүсүн айтсак болот. Андан дагы биздин өкмөттүн кендерди берүү тууралуу адатынча шашылыш токтомду кабыл алып, бирок, коомчулуктун реакциясынан кийин кайра "биз үчүн пайдасыз экен" деп баш тартканы себеп болду.
Эмнеси болсо да Кытай Кыргызстандан өтө чоң маанидеги бир нерсени алышы толук мүмкүн. Анткен менен геосаясий жагынан алып караганда Кыргызстандын суу, энергетика ресурсу Россияга, коргонуу жана саясий жактан АКШ менен Россияга өтүп кеткени Кытай тарапты тынчсыздандырып жатат. Кытай кандай болгон күндө да Кыргызстандын экономикасын толук көзөмөлгө алууну максат кылат. Эгер темир жол курулушу ишке ашса, анда Россия башында турган Бажы союзуна да чоң сокку болору шексиз.
Жыйынтык сөз ордуна
Кыргыз эли чоң ажыдаардын куйругун басып алгандан кийин андан кутулушу күмөн. Темир жолду куруудан баш тартса, анда буга чейинки долбоорду түзүүгө, изилдөөгө кеткен чыгымды кытай тарапка төлөп берүү абзел. Эгер темир жол курулса, экинчи бир чоң көйгөй - кытайлашуу процесси жүрөт. Айрым мекендештерибиз айткандай, кыргыз эмес, "кыркыт" болуп калышыбыз ыктымал. Азыр эле өлкөдө канча миң кытай бар экенин эч ким так чыгара албайт. Ошондуктан кыргыз өкмөтү виза, кытай куруучуларына карата квота маселелерин кылдат карап чыгышы керек. Тамыры тереңге, өтө тереңге кеткен коррупциянын деңгээлин төмөндөтмөйүнчө, дагы эле ортодогу жеп-ичерлер пайда көрүп, мамлекет үчүн оозго алынарлык акча түшпөй каларында шек жок.

Элизат ТУРСУНОВА




ТурмушуҢ кандай, замандаш?
Элдин турмушу барган сайын оорлоп барат. Кайсыл адамга кайрылба, баардыгы жашоосуна нааразы, кымбатчылык, жокчулук, жакырчылыкта жашап атканын айтышат. Эл менен жолугуп, көйгөйүн сурап, аларга жардам берейин деген чиновниктер жокко эсе. Эл турмушун кантип кечирип жатканын өз үнүндө угалык.


Нуриля Алымбаева,
44 жашта
- Турмуш оор. Бардыгы кымбат. Айлык маянабыз канааттандырарлык эмес. Эптеп эл катары жашап келе жатабыз. Балдарыбыз кийинсин, жакшы мектепке барсын, билим алсын, башкадан кем болбосун деп жүгүрүп жүрөбүз. Үч баламды жалгыз тарбиялайм. Карызга акча алып, кызымды окууга өткөрдүм. Улуу балам болсо Россияда иштейт. Кичине жөлөк таяк болуп жардам берип турат.


Азамат Султанов,
26 жашта
- Азыр Кыргызстан кыйналып турган убагы, кайсыл тармак болбосун баары коррупцияга белчесинен баткан. Жумушка орношоюн десең, тааныш-билиш, жердешчилик, тууганчылык күч алган. Азыр адамдын билим деңгээлине карабай эле, таанышына карап калышыптыр. Жаштардын көпчүлүгүнүн дипломдору сандыкка катылган бойдон чаң басып жатат. Эмне үчүн бийлик адамдары булардын баарын көзөмөлдөшпөйт?


Сезим Асылбекова,
35 жашта
- Турмушубуз жаман эмес, кудайга шүгүр. Бир айлык эс алуудан кийин кайра жумушубузга кириштик. Бала бакчада тарбиячы болуп иштейм жана музыка сабагынан мугалиммин. Жаңы окуу жылы башталгандыктан, бала бакчага балдарды кабыл алып жатабыз. Тарбиячыларга жакшы шарттарды түзүп беришкен. Ата-энелер да балдары дагы ыраазы болуп кетишет. Нааразычылыктарды көрө элекпиз.


Бекбосун Адилбеков,
24 жашта
- Мен окууну быйыл аяктаганыма байланыштуу, эч жерде иштей элекмин. Окуп жүргөн убакта оңой эле жумуш таап кетем деп ойлогом. Тилекке каршы кыйын экен. Азыр өз кесибим менен болбосо дагы башка жумуштарды дагы караштырып жатам. Мени менен кошо 24 студент аяктаган. Алардын баары жумуш менен камсыз болушту деп айта албайм. Жумушсуздук азыркы жаштардын чоң көйгөйүнө айланды. Кайда барып иштеп акча табышты билбейбиз.


Гүлжамал Баймуратова, 22 жашта
- Мен Арабаев университетинде 2-курста окуйм. Окуумду аяктаган соң, өз кесибим менен иштесем деген тилегим бар. Азыр мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү. Университетти жаңы аяктаган жаш мугалимдердикин үч эсе көтөрүп жатышат. Бул мени кубандырат. Өзгөчө айыл жерлеринде тил, адабият сабагы боюнча мугалимдер жетишпейт. Мен алыскы райондорго барып иштегенге каршы болбойт болчумун.


Эсен Мамырбеков,
24 жашта
- Жашообуз жакшы эле. Окууну бүтүп, диплом алганбыз. Чакан иш ачып, өз алдынча аракеттенип атабыз. Эч кимге нааразычылыгыбыз жок. Албетте, налог кымбат. Бир имаратты сатып алып иштетейин десең эле налог деп кыйнай башташат. Техникалык аппараттарды сатуу үчүн жер сатып алып, соода кылып жатам. Алгач кыйын эле болду, эми бардыгынан кутулуп, өз ишимдин үзүрүн көрүп атам.


Даярдаган Нургүл ИБРАЕВА