Шайлоого кошо мугалим мүлжүмөй башталды!

Кечээ күнү таң эртелей тагырагы, саат 10го 10 мүнөт калганда борборубуздагы №64 мектепти "жоо басты". Дегенибиз, шаар мэри Иса Өмүркуловдун ишенимдүү көздөй адамы, шаардык билим берүү департаментинин башкы деректири Айнагүл Ниязова орунбасары Гүлмира Тагаева жана милиция кызматкерлери келип, аталган мектептин директорунун каалгасын аңтарып, кулпусун алмаштырып кетишиптир. Көрсө, мектеп деректири Токтобүбү Жакупбекова (ушул мектепте 20 жыл иштеген) "балдарды жакшы окутпай, мектепти мыктылап жасалгалабай" жатыптыр. Ошондуктан ага "кызматтан бошотулсун" деген буйрук чыгыптыр. Ал буйрукту чала-була окушуптур да, өз кулпусун деректирдин бөлмөсүнө илип, ал жердеги кой-айга келгендерге сөөмөй кезеп атканда, НТСтин кабарчысы келатканын угуп, шаша-буша кайта кетишиптир. Билим, тарбия башаты болгон мектепте деректир алмаштыруу ушундай мүнөздө өтүп атса, айла жок жака кармайт экенсиң. Кызыгы, окуу жылы башталбай жатып, мугалимдер милийса аркылуу "чабышмайы", үстүнкүсү астыңкысын баса калып "жайлап" иймейи албетте уят! Куугунтуктун да чеги болот да...


"Ар Намыстан" "ар" кетти
"Ар Намыс" партиясы үйүр-үйүр болуп удургуп аткан кези. Ба-аягы, аттын кашкасындай таанымал "он тентек" өз тонун өзү бычып кетпеди беле. Туура кылышыптыр. "Ар Намыстын" салмагы ошол ондукта экен. Кочкордон чыккан "президент" Акылбек Жапаров алардын артынан дагы бир топту ээрчите КСДП катарына өттү дейт. Өтсө Акылбек мырзага ал партия жат эмес. Атамбаевдин дүбүртү айкын болдубу же "башкы маселе" чечилип калганбы, айтор, Феликс Шаршенбаевичтин калың колу тетири бурулду. Саясат ушунусу менен саясат да! Саясатчыда туруктуу идея болбойт. Айрыкча ажо шайлоо алдында аркы өйүздөн берки өйүзгө секиргендер котолойт.


Текебаев акчага сатылдыбы?
Өзүн №1 оппозиционер эсептеген "ата мекенчи" Өмүрбек Текебаевдин саясий миссиясы аяктап бараткандай. Себеби, а киши өткөн жылы "Ата журт" партиясынын тыңчыкмаларын Курманбек Бакиевдин бөлтүрүктөрүнө теңегенин мойнуна алып, эркин басылмалардын бирине: "Бакиевдин бөлтүрүктөрү парламенттик шайлоого катышып атат деп айтканым чын. Эми бөлтүрүк деп эркелетип, перспективдүү деген мааниде айткам..." таризинде актана интервью куруптур. Бүгүнкү күндө Камчыбек Ташиев президенттикке аттанып жатып, Акаев дагы, Бакиев дагы эбин таба албаган Текебаевди заматта баш ийдирип алганы аңызга айланып отурат. Азыр Өмүке "бөлтүрүк" үкасына бат-баттан жолугуп, анын кеп-кеңешин бериле угуп, буйруктарын "кыңк" этпей аткарары ишенимдүү булактардан шылдырап агып келүүдө. 20 жыл бою туруктуу позицияны тутунуп келген үлкөн саясатчыны кайсы кара теке сүзүп, элдешкис душманы саналган адам менен эми коюн-колтук алыша достошкону кызык. Соода көрпенделиги Өмүкени да соолутат деп ким ойлоптур. Камчыбек Кыдыршаевич өзүнүн бийликте отурган бирден-бир атаандашын аламан жарышта алсыратуу үчүн жолдош Текебаевди оңбогондой акчага "сатып алганы" чын болсо, анда, "Ата-Мекен" аталган атактуу партия саясий банкротко учураганы ошол. Балким, аты-жыты алсырап бараткан "Ата-Мекенди" "Ата журтка" калкалап, сактап калуу аракетидир. Кантсе да мааниси окшош аталыштагы партиялар эмеспи.


Үйүң барбы, үлүл?
Кыргызда "жаман да болсо өз үйүң", "Өз үйүң өлөң төшөгүң" деп айтылгандай адамча жашоо өткөрүү үчүн өзүңдүн турак-жайың болушу керек. Бирок, тилекке каршы, Кыргызстанда ар бир 5-адамдын турак-жайы жок. Үйсүздөрдү үйлүү кылуу маселеси мурдагы, кийинки бийлик учурунда да көтөрүлүп, атүгүл программалар кабыл алынган. Өткөн бийликтин кезинде "Турак-жай" деген улуттук программа кабыл алынып, 5 жылдын ичинде 7 млн. 115 миң чарчы метрдеги үйлөр тургузулмай болгон. Ал үйлөр ипотекалык кредиттөө аркылуу жарандарга берилип, алгач төлөм акчаларына мамлекет жардам берери айтылган. Убакыт көрсөткөндөй, жакшы кыял, максаттар кагаздагы бойдон калды. Иш жүзүнө ашкан жок. Бей-бечаралардын эч кимиси үйлүү болуп кетпеди.
Мамлекеттин көп кабаттуу үйлөрдү куруусу Союз кезинен 5 эсе төмөндөгөн. 1990-жылы эле 24 640 бардык шарты бар батирлер тургузулса, эгемендиктен баштап болгону 6 миңдей батир курулуптур.
Учурда Бишкек мэриясында үй алууга 16 миң адам кезекте турат. Бул расмий маалымат гана. Ал эми иш жүзүндө кыйла көп. Ушул жылдын башында мэрия ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүп, тургузулган үйлөрдү 30 %дык алгачкы төлөм менен жарандарга бериш керек деп чыгышкан. Аз убакыттан кийин дагы 30 % алынып, калган 40 % сумма 5 жылдын ичинде берилиши керек болот. Албетте, бул реалдуу эмес. Алгачкы 30%дык сумманы төлөөгө көпчүлүгүнүн мүмкүнчүлүгү жок болсо, 5 жыл өтө аз убакыт.
Бардык бийликтин тушунда эң актуалдуу, жүрөк өйүткөн турак-жай маселесине азыркы өкмөт да кайрылып туру. Экономикалык өнүгүүнү караган программада ипотека системасын өнүктүрүп, аны менен элди үйлүү кылуу планы каралыптыр. Ипотекалык кредиттөөнү өнүктүрүү үчүн атайын "Өнүгүү банкы" түзүлүп, ал "Жеткиликтүү үй" долбоорун ишке ашырат экен. Аталышы эле айтып тургандай, бул долбоордун алкагында курулган үйлөр калктын төмөнкү катмарына арзан баада сунуш кылынат. Ипотека мөөнөтү 10-20 жылга белгиленүүдө. Бул реалдуу убакыт.
Жаңы ипотекалык долбоорду ишке ашырууга каржыны кыргыз өкмөтү жылына 0,75 %дан 2,5 %га чейин 40 жылдык убакытка эл аралык финансы уюмдарынан, жылына 8 % дык шарты менен 10 жылга инвестициялык бюджеттен жана Соцфонд, камсыздоо компанияларынын, банктардан, жеке инвесторлордон алары белгилүү болду. Көптөн айтылган, көптөн күттүргөн ипотекалык саясат акыры башталганы жакшы жаңылык. Эми ал буга чейинкилердей болуп, кагаздарда гана калбастан, ишке ашышына ишеним артып туралы.




 "Кыркыт" болобузбу?

Темир жол "тепсе" турбайсың...
Акыркы кездери Кыргызстандын экономикасындагы чоң жаңылык катары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун айланасындагы маселелер болуп жатат. Коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу экономикасы примитивдүү абалда турган Кыргызстан үчүн бул темир жол курулушунун мааниси канчалык? -деген суроо жаралат. Темир жол менен өлкөгө чоң киреше киреби же Кыргызстан кытайлар үчүн "общий домго" айланабы?


Долбоордун тамыры
кайда жатат?
Темир жол тууралуу идея качан, кайсы убакта, кимдин оюна келген? Бул албетте кызыкчылыгы көбүрөк өлкөнүн көтөрүп чыккан идеясы. Миллиарддаган калкын өзүнүн ички материалдык базасы менен камсыздап, тоюндурган кытай өкмөтү, дүйнөгө дагы эң чоң экспорттук товарларды чыгарат. Дүйнөдө Кытай өндүрүшүнүн товарын колдонбогон бир дагы мамлекет жок жана мунун өзү Кытайдын капитализм доорунда кантип социализмди кармап турганын көрсөтөт. Саясаты социализм бирок, экономикасы пландуу капитализмди карманган Кытай бүткүл дүйнөлүк керектөөчү-кардарларды таап, бардык мамлекеттердин базарына кирип алган. Капитализмде базарды ээлөө биринчи маселе болгондуктан Кытай мамлекети ал үчүн тынымсыз күрөшүп келет. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол магистралынын курулушу дагы кытайлардын узакка пландалган программасы болуп саналат.
1996-жылы Кытай мамлекети Тынч океан менен байланышып, Түштүк Евразия темир жол магистралына чыгуу үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды кесип өткөн темир жол куруу тууралуу идеяны айтып чыккан. Анткени ошол учурда Түштүк Синцзянда Корла-Кашкар темир жолунун курулушу башталып жаткан. Кыргызстан менен Өзбекстанды аралап өтүүчү темир жолдун башкы пункту дагы долбоор боюнча Кашкардан башталат. Темир жол магистралы Кашкар шаарынан чыгып, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасына келип, андан Торугарт, Тузбел ашуулары менен өтүп, түштүктү көздөй Өзгөн районунун түштүк тарабы менен Кара-Сууга андан Өзбекстанга өтөт. Иш-чара документ жүзүндө 1997-жылдын апрель айында башталган. 1997-жылы апрелде Ташкент шаарында өткөн жыйында КЭРдин Темир жол министрлиги, Кыргызстандын Транспорт жана коммуникация министрлиги, Өзбекстандын Өзбекстан темир жолдору мамлекеттик агенттиги биргелешип, Андижан-Ош-Кашкар темир жол линиясын куруу, долбоорду түзүү жана аны изилдөө боюнча Меморандумга кол коюшкан. Ушул иш-чарадан кийин үч өлкөнүн өкмөтү биргелешкен эксперттик комиссия түзүп, долбоорду иш жүзүнө ашыруу боюнча изилдөөлөр башталган. Темир жолду куруу боюнча баш-аягы 8 вариант иштелип чыгып, жыйынтыгында Кыргызстанды алганда түндүк жана түштүк багыты боюнча долбоор түзүлгөн. Биринчиси, түндүк багыты боюнча - Кашкар-Торугарт-Арпа-Кара-Суу-Андижан, экинчиси, түштүк багыты боюнча - Кашгар-Эркечтам-Сары-Таш-Ош-Андижан.
(Уландысы 4-бетте)