кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



  Күныргак

Борончу БорШайКомдун боорун эзип...
Президенттик шайлоо дегенге көпчүлүктүн көзү менен карасак, өтө олуттуу тагдыр чечер зор мааниси бар окуя. Андан жүрөксүп, "тынч өтсө экен" деп Кудайлагандар арбын. Чынында ушул жолку шайлоо Кыргызстан үчүн тамаша эмес. Андыктан акыл-эстүү аракет кылуу, башка улуттардын астында намысты сактап калуу ар бир кыргыздын бирден-бир милдети. Ушундай жүк моюнда турган чакта, тамашакөй куудулдардын талапкерликке илээшип, "оюн салганы" кызык эле болду. Анысына мейли дейли. Кызыктын кызыгы бул жакта жатыптыр. Эшиткенибизге караганда айтылуу куудул Борончу БШК каалгасын каккылап: "Мени каттап эле койгулачы, 100 миң сомду төгүп берем. Президенттикке деле акырына дейре барбайм, болгону тил боюнча экзаменге катышып, эфирге чыгып алайын, экзаменден өттү дегени айтылса эле болду" деп, маселени кабыргасынан коюптур. Кол топтоо жаатында да Борончу куудул куудулдугун карматып ийгенби, айтор БШКга кимдир бирөө топтогон колдордун көчүрмөсүн (ксерокопия) көтөрүп барыптыр дейт. Ыя, Борончу баатыр бул чындыкпы, калппы тактап койорсуз.
Айталы дегенибиз, ар ким өз ордун таппаганы үчүн Кыргызстан кыйсыпыр түшүп атат. Азыр алакандай эл алдында атактуу болуш кыйын деле эмес. Анүчүн ажолукка ат салышпай-этпей эле, сахнага чыгып алып, качаңкы тапталган анекдотторду айта берсе деле жетишет.
















??.??