Улут деселе улутунасың...

Темиркулду тебелетебизби?
"Бүткөн ишке сынчы көп" демекчи, Ала- Тоо аянтына жаңы орнотулган Манастын эстелик-монументине ой-кырынан сын айткан кыргыз туугандарымды көбүрөк жолуктурдум. Ар кимиси акылынын жетишинче жеке пикирин калчайт. "Ырымчыл" премьер-министрибиз болсо, "Манас атабыз кадыр түндө келди, асманда куштар учту, чоңдор ача албай аткан чүпүрөк өзү ачылды, эми оңолобуз" деп аркы-берки дүйнөнүн ишаратын чечмелеп, сүйүнүчүн жашырбады.

Кандай болгон күндө да сүйүнөрлүк эле иш болду. "Ээри башкача" болобу, "кылычы кыйшык" болобу же "билегинде камчысы жокпу", айтор, Манас деп тааныган көкүрөк туюм менен канкакшап жүрүп орнотулган монументти түз көз менен караган оң. Албетте, адаттагыдай эле маанилүү эстеликтер таштанбы, жезденби, кайсы бир даталуу күнгө же саясатка байланып, ошого жараша шаша-буша бүткөрүлөт эмеспи. Андайда сөз жок кемчиликтер кетери турган иш. Түбөлүк тура турган идеалогиялык жүк көтөрчү улуттук символ үчүн шашылуу - чынында опурталдуу. "Айкөл Манас" мурдагы "Эркиндик" аталган канаттуу аялга караганда тарых музей алдына куп жарашты. "Айкөл Манас" жүзү ачылган алгачкы мүнөттөрдөн тарта "милдетин" аткара баштагандай таасир этти. Манастап ураалаган жаштар аны күндөп-түндөп курчоого алып дуулдап атышты. Касиети чындап кыргыздардын духун көтөрдү бейм. Ылайым "Айкөл Манас" ак жолтой болуп, анын алдында урпактары ураалап турсун! Боо-боо түшүп атылып кырылбай…
Эстелик тууралуу кеп кылганда, анын маани-себеби биринчи орунда караларына ынанабыз. Маселен жер-суунун, көчөнүн аталышы эмне себептен андай аталганы дароо суроо туудурат эмеспи, сыңарындай орнотулган айкелдер менен шарттуу белгилер да кандай суроо болбосун, "жооп бериши" кажет. Чынбы? Эмесе ушул өңүттөн көзгө урунган көп жагдайдын бир-экөөнө токтолуп өтөлү…
Кечээ жакында Ала-Тоо кыркаларындагы бир бийик чокуга Владимир Путиндин ысымын ыйгаруу жөнүндөгү өкмөттүк тема кадимкидей талашка түшүп тынчыды. Бул эми "чатак атаңдын башынан чыкты" деген деңгээлдеги оокат. Качан болсо элементардык аңкоолукка алкымдын айынан жол ачып басып жүрөбүз. Илгери Аскар Акаев Борис Ельциндин көзү тирүүсүндө эле эстелигин Ысык-Көл жээгине орното салып, далай кыргызды шылкыйтып жер караткан. Ысык-Көл демекчи, Чолпон-Атадагы "резиденция" аталган эс алуучу жайдын бир капшытын ээлеген "Рух ордо" маданий комлексине баш баккан кыргыз кандай "руханий" азык аларын билбейм… Маселен, мага аталган жай анчалык деле эстетикалык ырахат тартуулабайт. Тескерисинче, баягы түбүң түшкүр "эмне үчүн?" деген селсаяк суроого мээ ачытам. Эмне үчүн дейсизби, анда, чогуу карап көрөлү.
Кезегинде Ташкул Керексизовдун чыгармачылыгы менен курулуп, сатылган "Рух ордо" маданий комплекси ажайып көлдүн фонунда гана "маданий комплекс" болуп көрүнбөсө, ички мааниси анчалык деле "эврика" эмес. Автордун бүт ааламдагы акыл, илим, даңк көтөргөн баалуулуктардын башын кошуп, чыныгы руханий очок жасоо аракети анчалык максатына жетпей, чаржайыт абалда калгандай. Анткени саясат деген сасык боектун жыты искебеген мурунду дагы өрдөп турат. Дегеним, көлдүн как жээгине Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин эстелиги какайта орнотулган. Жөн дагы эмес, артында жасалма "өмүр дарагы", оң жагында кабылан, сол капталында туйлаган тулпар… Эмне үчүн? Каркырабыздан айырып, кыргыз саясатына чок таштаганы үчүнбү? Же катар-катар пансионаттарыбызга көз артканы үчүнбү? Балким, чек араны чычкан өткүс чырматып, башыбызга иш түшкөндө бажыкананы жаптырган ишмердүүлүгү эске алынгандыр… Деги Н.Назарбаев кыргыздын рухун-духун кайсы касиети менен көтөрөт? Бул эстелик кай максатты көздөп тургузулган? Ушул эстеликтин алыс эмес катарындагы эндей жерге Исхак Раззаковдун тулку-келбети келиштире жасалган айкелин былтыр "Бүтүн Кыргызстан" партиясы орнотуптур. "Ыктуу жытка мурдуңу тос" дегендей, Исхак Раззаковдун ал эстелигин Бишкектин чок ортосуна (Ак-Үйдүн алдына болсо, андан жакшы) эле койкойто орноткондо эп болмок. Коррупционер чоңдорубуз трибунадан: "Раззаков айткандай, сен таза болсоң, ал таза болсо…" деп, шилекейин чачыратканды мода кылып алган ушу тапта аларды Раззаков айкел көздөрү менен карап турса, таңгөрү!..
Бакиевдердин тушунда Коңурбай, Жолой, Нескаралардын эстеликтери Ала-Тоо аянтын "басып ала коюшуп" бир чуу түшүрдү. Иши кылса кылбаганыбыз калган жок. Буларды кеп кылганым, мындан аркы эстеликтерди (кыргыз өзү эстелик тургузбай тура албайт эмеспи) орнотордо бир аз акыл пештелип, элдин пикири эске алынса деген тилек. Анан да акыркы кездери ачык кошомат кылмай өнөкөткө айланып, акча үчүн, саясий кызыкчылык үчүн жалтаңдап айнып кетме мүнөз биздин бардык бийликке таандык. Кандай болгон күндө да улуттук намыс биринчи орунда турбаса, өзүбүздү-өзүбүз тушаганыбыз тушаган.
Мына, азыркы кыргыз бийлик ээлери да Орусия, Казакстандын алдынан кыя өтө албайт. Макул аларга тышкы саясаттан көз каранды болсун дейли, бирок ага шылтап этекти биротоло ачып салуу кажет эмес. Ашкере шыйпаңдоо биздин улутка аброй апкелбейт. Мисалы, биз президенттеринин эстелигин жергебизге орнотуп сыйлап аткан ошол мамлекеттер эмне үчүн Акаевдин, Бакиевдин, Отунбаеванын, Атамбаевдин, Келдибековдун эстеликтерин өз жерлерине орнотуп алышпайт? Же биздин ажо-кожолор эл аралык сыйга татыбайбы? Жалпыга белгилүү болгондой Түркия менен мамилебиз ысый баштады. Мейли, саясий-экономикалык алака ысый берсин. Бирок, түркиялык бут кийим саткан дүкөндүн атын ар бир үйдүн тышына чаптап алуу уят да. Же эмне, биздин өкмөттүн кудурети көчөнүн атын жазганга жетпей калдыбы? "Lion" деген түрк фирманын Темиркул Үмөталиев атындагы көчөнүн атын бурмалоосуна ким уруксат берди? "Уметалиев" деген ким экенин аларың билет бекен? Рекламалык арзыбаган тыйын үчүн "бут кийимге" Темиркулду тебелетебизби? Ушуга окшогон майда-чүйдө бирдемелер менен улутубуздун кадырын кетире бербейличи. Өкмөт аке, сизден сураныч...
Азамат КЫЯЗОВ