Ашууга карай…

Курманбек Дыйканбаев:
"Өзгөрүүлөр болот, ага саясий эрк жетет!"
Бир айылда канча жылдан бери ичкен суу жок - анткени бардык суу түтүктөрү бүтөлүп калган, башкасында автобус жүрбөйт, райборборго жетиш түйшүктүн түйшүгү, үчүнчүсүндө - мектептин чатырынан суу шорголоп турганына кыйла жыл өттү, ремонтко акча бөлүшпөйт... Бир караганда анча деле олуттуу эмес мындай көйгөйлөрдүн учу-кыйыры жок. Болгону шаардан бир аз километр чыга калсаң баары түшүнүктүү - майда-барат, ар кай жерлерде көзгө комсоо көрүнгөн адамдардын начар турмуш-тиричилиги жалпы калктын жашоо деңгээлинин төмөндүгү тууралуу ааламдык түшүнүккө айланып, өлкөнү каптап алгансыйт.
Деги бул кырдаалды өзгөртүү мүмкүнбү? Канткенде биздин ындыны өчкөн, дайыма шыбактары түшүп, чаң, баткактан айрылбаган жана ийри-муйру тосмолору чубалган айылдарыбыздын жашоо деңгээлин кур дегенде Бишкектикинен айырмаланбаган, жаркыраган, таза жана көрктүү шаарчаларга айландыра алабыз. Бул суроолордун жообу небактан бери эле жашап келет, ал тургай дүйнөдө айылдагы жашоо деңгээлин шаардыкына жеткирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү схемалар да түзүлгөн. Болгону элге өз турмушун өзү чечкенге мүмкүнчүлүк берүү зарыл. Качан жана кантип суу түтүктөрүн коюп, мектепти оңдогонду, жол курганды же ортодогу малды көбөйтүүгө бука сатып алуу үчүн акча чогултканды эл чечпейт да . Айылдыктарга өзү иштеп тапкан акчасына өзү ээ болуп, каалагандай туура жумшоосуна мүмкүнчүлүк берүү керек. Мунун баары, өлкөбүздүн биринчи президентинин учурунан бери зарылчылыгын айтып-деп келаткан бийликти борбордон ажыратуу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу дегендик. Айылды кантип көтөрүүнү баары билишет, бирок, аны иш жүзүнө эч кимиси ашыра албай келатышат. Эмне үчүн? Биз ушул суроо менен КР Жогорку Кеңешинин депутаты, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик курулуш жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитеттин мүчөсү Курманбек Дыйканбаевге кайрылдык:

- Кандай гана реформа болбосун, аны жылдыруу үчүн саясий эрк керек. Анткени коом деген негизи өтө эле инерциялуу кыймылда турат, мындан тышкары бардык реформалардын өз душмандары бар, алар өзгөрүп, жаңырганга кызыкдар эмес. Бирок биз бүгүн же тээ түпкүрдөн өйдө көтөрүлүп, үстүнө калкып чыккан жана түп ордунан бери реформалоосуз болбой турган, же талкаланып жоголууну жайбаракат уланта берүү туура келген абалга келип такалганбыз. Муну азыркы жетекчилер бизден жакшы түшүнүшөт. Кеп бул жерде жашоонун бардык чөйрөлөрү, анан, албетте, мамлекеттик башкаруу системасы жөнүндө болуп жатат. Жакынкы күндөрү эле Премьер-министрибиз административдик-аймактык реформаларды жүргүзүү боюнча сунуштарды даярдай турган комиссияны түзүү жөнүндө буйрукка кол койду. Түпкүлүгүндө бул бийликтин мамлекеттик бийлик түзүмүндө олуттуу өзгөрүүлөргө барууга даяр экендигин айкын көрсөткөн күчтүү документ. Премьер-министр дайыма бийликти борбордон ажыратуунун тарапкери экендигин жана сөз менен эмес, акыры иш жүзүндө жергиликтүү коомдоштуктарга өз жашоо-турмушун жакшыртууга мүмкүнчүлүк берүүгө, чиновниктердин армиясын негиздүү кыскартууга, "ак колдордун" аппаратына кетүүчү чыгымдарды азайтууга барарын дайыма айтып келген...
- Бир баштан айтсаңыз... Сиз өз көз карашын премьерге 1-октябрга чейин сунуштоого тийиш болгон реформа боюнча жумушчу комиссиянын курамына киресиз. Сиздин ой-пикириңизче, ишти эмнеден баштоо керек?
- Менимче, муну советтик доордон бери келаткан административдик-аймактык башкаруу системасына мониторинг жүргүзүүдөн баштоо керек. Бүгүн бизде 452 айыл аймактары, 40 район, 7 область бар. Ошол эле учурда жашаган калкынын саны айрым айыл аймактарынан аз райондор да жок эмес. Маселен, Талас областы айрым райондордон кичине. Ал эми район же область деген - бул мамлекеттик кызматкерлердин бүтүндөй штаттарын кармоо дегендик: жергиликтүү администрация, милиция, прокуратура ж.б.. Мамлекетке бир нече жүз адамды тейлеш үчүн ушунча чиновникти кармап эмне кереги бар, андан көрө ошол элди коңшу районго кошуп койгон дурус эмеспи. Же дагы бир мисал, биз жаңы мектептерди куруу керектиги тууралуу айтып жатабыз. Негизи, албетте, бул туура, бирок, бул жерде да чарбакердик менен мамиле жасабаса болбойт. Маселен, орто мектептери 30-40 пайызга араң толгон айылдар бар. Бир сөз менен айтканда, азыркы административдик-аймактык системанын ишин олуттуу талдап чыгуу зарыл. Андан соң кыскарталы. Ал эми калган түзүмдөрдүн ишин калкка реалдуу кызмат кыла ала тургандай, натыйжалуу кылып түзүү керек.
Экинчи кадам - бул мамлекеттик башкаруунун үч деңгээлдүү системасын киргизүү болуп саналат. Премьер-министр бүгүн дал ушундай милдетти коюуда. Жөнөкөйлөтүп айтканда, биз башкаруунун областтык деңгээлинен баш тартмакчыбыз. Бизде көкөлөгөн областтык администрациялар болбойт. Аларды кармоого мамлекеттен он миңдеген сом акча каражаттары жумшалууда, андан көрө бул имараттарда балдардын клубдары, спорттук секциялар ачылсын. Жыйынтыгында шагыраган секретаршалардын, жардамчылардын штаттарынан турган губернаторлор, алардын автопарктары жоюлат. Түпкүлүгү, биз бүтүндөй коррупциялык звенодон кутулабыз. Эң башкысы, областтык начальниктердин бардык ыйгарым укуктары төмөн жакка, райондук жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүлүп берилет. Кыскасы, бийлик элге берилет.
- Ошентип, бийлик райондук жана жергиликтүү администрацияларга өткөрүлүп берилет. Бирок, алар натыйжалуу жана эң башкысы, таза, чынчыл иштей тургандыгына кантип кепилдик бере алабыз?
- Биринчи кезекте бул кызматтар шайлануучу кызматтар, демек, элдин атынан чыгышат. Айылдын эли бирин-бири жакшы билишет, эгерде алар өздөрүнө башчыны тандап алышкан болсо, анын ишин да көзөмөлгө алууга тийиш. Ушуну менен бирге борбордук бийлик тарабынан да көзөмөл жасалуусу керек. Борбордук бийлик өзүнө кырдаалды башкаруучу айрым рычагдарды калтырганы туура. Жок дегенде, ал кемчилик кетирген, айыптуу башчыларды кызматтан алуу укугуна ээ болуусу керек. Натыйжалуулук тууралуу айтсак, сөзсүз жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн окутуу, алар үчүн ар кандай дасыгын жогорулатуу курстарын, семинарларды, тренингдерди уюуштуруу зарыл. Бул өтө маанилүү компонент. Эң акырында, пландоо жана көзөмөлдөө системасы. Ар бир айыл аймагында көрүнүктүү жерде белгилүү мөөнөткө карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы илинип турууга тийиш. Эл эмне кылышты билүүсү керек, маселен, ушул жылы: коомдук мончо курабы, суу түтүктөрүн жасайбы, чоң жолду асфальттайбы... Жергиликтүү коомдоштуктар үчүн жергиликтүү башкармалыктын бюджети жетиштүү ачык болуусу зарыл.
- Чынында эле, эл бир нерсени чечиш үчүн коюлган максатты ишке ашырууга акча каражаты керек да…
- Бул дагы бир принципиалдуу маселе. Биз бюджетти "төмөнтөн жогору" карай түзүүбүз керек. Башкача айтканда, салык жана башка чегеримдер үчүн калктан чогултулган акчанын негизги бөлүгү ошол жерде калмакчы. Бүгүн болсо бардык салыктардын экөөсү гана жергиликтүү деңгээлде калууда. Бул туура эмес. Эл өзү тапкан акчага өзү ээ болуп, аны өзү билгендей жумшай алат.
- Мамлекеттик башкаруу системасынын реформалары жергиликтүү бийликтердин деңгээлиндеги өзгөртүүлөргө гана тиешелүү эмес. Өзүңүз көрүп тургандай, борбордук деңгээлдеги реформалоону да камтыйбы?
- Мен башында айткам, бизге эң оболу чиновниктердин армиясын кыскартуу керек. Биздин "ак колдор" өлкөнүн мамлекеттик бюджетинин 30 пайыздайын жеп коюуда. Бул деген өтө чоң сумма. Ошол эле учурда дүйнөлүк тажрыйбада бул цифра болгону 5-7 пайызды түзөт! Муну баары эле түшүнүп турушат, бирок эмнегедир чиновниктердин армиясы жылдан жалга көбөйүүдө. Бизге бүгүн республикада статистикалык гана кызматтарды аткарган министрликтерди жоюу керек деп ойлойм. Андайлар бар. Негизи министрликтердин жана мамлекеттик мекемелердин кызматтык милдеттерин талдоого алуу, алар бирин бири кайталабай тургандай кылып ыйгарым укуктарын чектөө жана жоопкер тармактарын так аныктоо, ошондой эле мамлекеттик башкарууну борбордон ажыратуу жана мамлекеттик бийлик эмнеге, муниципалдык бийлик эмнеге жооптуулугун так бөлүштүрүү зарыл.
- Алмазбек Атамбаев шайлоодо административдик ресурсту колдонуп жатат деген айыптоодон оолак болуу үчүн жана мыйзам боюнча талапкерлерди премьер-министр көрсөтүүгө тийиш экендигине карабастан, республикадагы 17 чакан шаардын кеңештерине шаар мэрлерин өздөрү шайлоосун сунуштады. Натыйжада 13 шаар башчысы шайланып да калды, ушуга не дейсиз?
- Ооба, шайланышты. Бул туура, урунттуу кадам жана бийликтин борбордон ажыратуу идеясынын тарапкери экендигин иш жүзүндө көрсөтүүгө даярдыгын айтып турат. Ошол эле учурда Кыргызстанда өз кишилерин бийликке өткөрүүгө эч ким аракеттенбей тургандыгын далилдеген эң жакшы көрүнүш болду. Премьердин өзү катыша турган президенттик шайлоонун алдындагы дал ушул чечими, албетте, анын коомчулукка административдик ресурстарды колдонууга өлкөдө мындан ары жол жок экендигин көрсөтүү далалатын айгинелейт.
- Кандай деп ойлойсуз, максат коюп, белгилеген реформаларды качан ишке ашыра алабыз?
- Биз жаңы жылга бүтүндөй мамлекеттик башкаруу системасында олуттуу структуралык өзгөртүүлөрдү жасоого толук даярдыктар менен кирүүгө тийишпиз деп ойлойм.
Эльвира Ташбулатова