Нарышкин "Нарындыкпы?"
Эгемендүүлүктүн 20 жылдык мааракесине катышуу үчүн Россия президентинин администрация жетекчиси Сергей Нарышкин Бишкекке келбедиби. Сергей мырзанын келгендеги "секретин" чечмелей албагандар түрдүүчө жоромолдоп жиберишти. Ан сайын ал маанилүү коногубуз шек бербей, Чыңгыз Айтматовдун айкелинин ачылыш аземинде сөз сүйлөп, Кыргызстан менен Россиянын ортосунда улуу достук бар экенине кайта-кайта токтолуп: "Биз президенттик шайлоо таза, тынч өтөрүнө ишенебиз" деп, Алмазбек Атамбаевди "далыга таптады". Таптап эле тим болбой, Кыргызстандын премьер-министри менен өлкөдөгү кырдаал, президенттик шайлоонун тегерегинде кеңири баарлашты. Анын айтымында, орус бийлиги Кыргызстанды бардык жагынан колдоого даяр экен. Минтип килейген державанын өкүлү кепилдик берип аткан соң, Атамбаев алгыр бүркүттөй шаңшыйт го эми... 30-октябрь орустун "оюндагыдай" өтөбү, же?..


Турдали ордуна туралбай атат!
Турдали Орозбаев деген кыраан бар. Кыргызстандын Екатеринбургдагы генералдык консулу болуп, олчойгон креслону майыштырып отурат. 2005-жылы Бакиев бийлигинин шарданы менен ошол кызматка бекиген. Акасынын жолоюн жолдоп, туугандарын "жылт" эткен "башкармалыктарга" дайындамайды катуу өздөштүргөн. Генералдык консул башын көрүнгөн жакка койгулап, кыргыз саясатына "салмагын" салып, бири-бирине жылдызы каршы бийлик үлкөндөрү арасына ортомчулук кылып "жуучу" түшкөнү аңыз болуп жүрөт. Эми ошол консул акебиздин өнөр-шыгы ашынып, президенттикке талапкер бир чо-оң атактуунун "оту менен кирип, күлү менен чыгып" атыптыр. "Ушуну шайласак эле жыргайбыз" деп күндөп-түндөп кафе-ресторан аттууну калтырбай сапырып, далайдын оозун майлап жан алакетке түшүп жүрөт. Екатеринбург шаарындагы кыргыз мекендештеринин көйгөйүн чечүүнүн ордуна, кайран Тукең Бишкекке чапкенедей жабышып, саясатчы-кандидаттын капчыгын калдыратып сүйрөп жүргөнү кызык. Кадрга жарыбай калдык го…


Мэрдин уулу экениңе карабайт
Бишкек шаарынын Мэри Иса Өмүркуловдун уулу Азамат Исаевге кылмыш иши козголмокчу. Буга август айындагы унаа кырсыгы себеп. Жогорку ылдамдыкта бараткан мэрдин уулунун автоунаасы менен кагылышкан машинанын 3 жүргүнчүсү ордунда каза болгон. Укук коргоо органдарынын иликтөө иштери жана экспертиза жыйынтыгы мэрдин уулу айыптуу экенин тастыктады. Учурда Азамат Исаев ооруканада дарыланууда. Кылмыш иши мэрдин уулу ооруканадан чыгары менен козголот жана сотко ашырылат экен.


Ынтымак, достук жанданып…
20-августта Армениянын Цахкадзор шаарында КМШ өлкөлөрүнүн Жаштар форуму ачылды. Бул форумга КМШ өлкөлөрүнүн жаштар уюмдарынын өкүлдөрү топтолуп, миңден ашуун адам катышты. Армениянын жаштар башкармалыгынын жетекчиси Ваан Бабаяндын айтуусу боюнча аталган форум "КМШ мамлекеттериндеги жаштар менен тыгыз иштешүү", "жаш саясатчылар", "социалдык тармактар" жана "КМШнын көзөмөлдөөчүлөрү" болуп аталган негизги төрт багыт боюнча өткөрүлүүдө. Катышуучулар үчүн эл аралык деңгээлде белгилүү адистердин окуулары, семинарлары, презентациялары, экскурсиялары көргөзүлүүдө. Форумдун салтанаттуу ачылышында Россия Федерациясынын премьер-министри Владимир Путиндин жана "Бирдиктүү Россия" партиясынын өкүлү Борис Грызловдун жиберилген сөзү айтылды. "Жыйырма жыл мурун мамлекеттер өз алдынча кетишкен. Эми ошол убакыттан бери үзгүлтүккө учураган достук мамилелерди кайрадан кайтарып келишибиз керек. Советтик Союздун алдындагы мамлекеттер бир тарыхка ээ, ата бабаларыбыз калтырып кеткен тарыхты биз унутууга акыбыз жок" -дейт форумдун өкүлү Ваан Бабаян. Аталган форумга катышкан Кыргыз Республикасынын Бишкек шаардык Кенешинин депутаты Кумарбек Стамкулов: "Эл аралык жаштардын форумунда айтылган көптөгөн идеялар, ойлор, сунуштар иш жүзүндө аткарылып атат. "Цахкадзор - 2011" аталыштагы форум коңшу мамлекеттердин мамилелерин бекемдешине терең ишенем"- деп билдирген.


Өз короосунан кочкор салмай
Былтыркы июнь коогалаңында жылдызы жанып, КСДПдан ЖКга депутат болуп, андан ИИМдин орун басарлыгына секирген Курсан Асанов кызыл шапкечендер жаатында кызык оюн куруп жатыптыр. Сөздү узартпай эле ток этерин айтайын. Курсан мырза Ош шаарында "оперлик" кызматтагы айылдаш иниси Малик Нурдиновду жакынкы эле күндөрү Жалал-Абад облустук кызыл шапкечендердин башчылыгына дайындаттырды. Макул дайындалсын, Малик мырза. Бирок, бул орунга Тогуз-Торонун милиция начальниги Жеңиш Жоробеков дайындалары айтылып, мына мына буйрук чыга турган болгондо белгисиз себептерден эле Жоробековдун фамилиясы Нурдиновго алмашып кеткен. Тоб-боо, бу шайлоо деген эмнеге гана алып барбайт, ыя? Татыктуу-татыксыз, тажрыйбасы бар-жогуна карабай эле добуш алыш үчүн ар ким "өз короосунан кочкор салмай" адатын кармата берүү качан токтойт деги? Урматтуу Курсан мырза, сизди эл эки элди элдештирген азамат катары таанычу эле. Анан кайсы кара теке сүзүп, айылдаш, жердеш, партиялаш дартына чалдыгып жүрөсүз? Уят го?...


Жер үчүн жетөө кармалды
6-сентябрь күнү Бишкектин бир четине жайгашып, Аламүдүн районуна караган "Адилет" жаңы конушунда жол тосмой чатак болуп өттү. Мыйзамсыз үй курулушун токтотуу аракетине каршы чыккан жашоочулардын митингинен тутанган эки тараптын келишпестигинен улам автоунаалардын дөңгөлөктөрү өрттөлдү. Айыл-чарбасына тиешелүү талашка түшкөн бул жер участокторунун айынан 7 адам кармалып, милийсаларды болушунча "каргап-шилеп" отурат. Жер деп жүрүп жексен болгондор тарыхта кайталана бермейи жаман да.


Чубак чуу
5-сентябрда түштүк аймагынын дин кызматкерлери жыйын өткөрүштү. Жанарбек ажы Матиевдин айтымында жыйында Чубак ажынын айт күнүн белгилөөсүнө жана ажылык иштеринин туура эмес уюштурулуп жатканына байланыштуу нааразылыктар талкууланды. Ошондой эле, ажылык сапарын уюштурууга кетчү чыгымды 2,6 миң доллар эсебинде көргөзгөнүн "көкөлөтүлгөн баа" деп эсептеп, чынында чыгым 2-2,1 миң доллардан ашпай турганын билдиришти. Ажылыкка аттанган 4,5 миң кишини эки гана авиакомпания Сауд Аравияга өз убагында жеткирип жетишпейт деп тынчсызданып, эң аз дегенде 4-6 авиакомпания тандап алуу зарылдыгын билдиришти. Кантсе да, Чубак ажынын акыркы жоруктарынан улам чуу чыгарып, аны кызматтан кетирүүгө кызыкдарлардын саны улам өсүп барат.