кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



  көкөлөгөн көгүлтүр от

Кыргыздын бирден-бир көйгөйү ар тармактагы тынымсыз кымбаттоолор. Улам жаңы баанын көтөрүлүшү кыргызстандыктардын жүрөгүн кошо көтөрөт. Кымбатчылыкка жедеп көнүп, моюн сунуп жашай беребиз, үшкүрүп коюп. Бу саам "көгүлтүр от" деп, эркелетип келеткан газ кымбаттады. Газ тарифтери көтөрүлгөндө: Республиканын түндүк аймагында - бир кубметри 14,58 сомду, ал эми түштүк аймагы боюнча - 14,19 сомду түздү. Август айында бул көрсөткүч түндүк аймагында - 14,49 сом болсо, түштүктө - 14,1 сом менен өлчөнгөн. Бул кымбаттоону "Кыргызгаз" ААК деректиринин орунбасары Евгений Орленко доллардын курсуна байланыштуу болгонун түшүндүрдү. Кыргызстандын жаратылыш газына болгон дебитордук карызы 2011-жылдын биринчи жарым жылдыгына карата 167 миллион сомду чапчыды. Өлкөнүн айрым шаарларынын райондоруна жаратылыш газын берүү токтотулганын "Кыргызгаз" ААК маалымат кызматы маалымдады. КР энергетика министри Аскарбек Шадиев болсо, "Кыргызстандын тургундары үчүн жаратылыш газынын баасы көтөрүлбөйт"-деди. "Оозуңа май" деп биз турабыз...

"Кереге-ПРЕСС"















??.??