Кызый, кызый...

Атактуулар азартка кантип батышат?
Саясат айдыңында жүргөн үлкөндөр кандайча эс алып, кантип азарт-кумарга батат? Бул сизге кызыкпы? Анда төмөндө төбөсү кыргызга көрүнгөн мыкты чыкмалардын бош убактысында, же жөн эле саясаттын сапырыгынан чарчаганда кантип жарпын жазышаары айтылды. Окуп көрүңүз.


Көкжалдардын кармашы
Атактуу Каттани, генерал Субаналиев өлө кызыкка баткысы келгенде колуна мылтыгын көтөрө Тоо-токойду тинтип жөнөйт экен. Каттанинин артыкчылыгы мергенчиликке чыкканда көзүнө эмне көрүнүп, жолунан эмне жолукса эле тарсылдатып аткылап жатып калбайт. Кайсалап издегени кадимки карышкырлар. Болгондо да көкжалдары. Бала кезинде Баялиновдун "Ажарын" көп окуганбы, айтор, карышкыр десе эле каны кызып, көзү жайнап кетерин айтышат. Субаналиев сундурган мылтык бир да кашабаңды качырбайт имиш. Көзгө атар мергендиги Кожожаштай эле бар го сыягы. Как чекеге ок жеп "каңк" этүүгө үлгүрбөй кулаган кашабаңды көргөндө Каттани кадимкидей жыргап, утуштан мөрөй алгансып компойо түшөт тура. Аныгында карышкырга карышкыр гана кол сала алат да…


Тоголото топ тээп
"Кыргызстан Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге саясатта эле эмес, спортто да жашыл жарык бар экен. Эркин мырза саясаттан чаалыгып, тумчуга баштаганда бутуна кедасын кийип, үстүнө шортик, футболкасын илип ала койо футбол талаасын көздөй зымырайт. Аянтта өзү менен ойногондорду да, топту да жиниктирген соң гана бугу чыгып, чери жазылат. Эгер футбол өнүккөн Бразилия же Аргентинада төрөлгөндө Булекбаев Месси же Какадан кем калбаган дүйнө жылдызы болмоктур.


Шарик кубалап шаңшыгандар
Саясат ааламындагылар арасында "Бильярд" деген оюндун битин сыгып, канын жалагандардын алдыңкы катарын Турсунбай Бакир уулу менен Адахан Мадумаров али да болсо бербей келишет. Өзгөчө Турсунбай мырза "Ормон хан" аттуу бильярд клубунан чыкпайт имиш. Саясаттагы кажылдашмайлардан соң мээни сергитиш үчүн да болсо бильярд оюну эң сонун табылга турбайбы. Бирок, Бакир уулу бильярдды ар ким менен эле ата бербейт экен. Тээ кыйла жылдан бери экс-чиновник Бекболот Талгарбеков менен он алты шарды ортого жайып алып катуу кармашып келатыптыр. Кимиси утуп, кимиси жеңилгенин эч ким билбейт. Болжолдо экөө эл кеткен соң, же эл келе электе ойнойт окшойт. Болбосо кимиси кыйын экени билинет эле да.


Шамшыке шамалда "винд-серфинг" тебет
Экс-депутат, экс-губернатор, кыскасы белгилүү коомдук ишмер Шамшыбек Медетбеков лыжанын атасын таанытат. Кышты-кыштай эки бутуна лыжа байланган Шамшыбек мырза ак кар баскан тоо бетинен төмөндү карай удургуса, жайында көл бетинде шамал менен жарышып, лыжанын жайкы түрү болгон "винд-серфингде" серүүндөйт. Лыжа тебүү күлүк атты минип алып шамалды беттеп чапкандай болсо керек да. Кыргыз уулу болгон соң Шамшыке да мындай азарттуу эс алууну бекер тандабагандыр. Анүстүнө, Шамшыбек мырза тээ СССР КГБсында иштеп, эгемендиктин алгачкы жылдарында Кыргызстандын Премьер-министрлерин кайтарган жансакчы да болгондуктан ушул экстремалдуу-опуртал оюндан гана кумары канат окшобойбу.


Кыяк чертип кызымай
Жогорку соттун экс-төрагасы, ЖоКенин азыркы депутаты Курманбек Осмонов кыяк (аккордеон) черткенде кызыкка батып, кыялга жетеленет экен. Курманбек аксакал жашыраак кезинде аккордеондун алчы-таасын жеп, Асанкалый, Рыспайлардын обонун созгондо, оо далай айымдар телмире тиктеп, атургай жалын жүрөк жаш селкилер да ырлардын ыргагында тимеле эзилип, эрип кетишчү тура. Кезинде жалаң үлкөндөр чогулуп, тойлоп калышканда аккордеонду эки ийинге асып коюп эргип ырдаган Курманбек мырзага "артист" кличкасын да чаптап көрүшкөн. Бирок, Курманбек мырза мындайга түк чычалабайт. Анткени, ташкындап турган талантты кайда ката алмакчы? Атургай аксакал депутат азыр деле өз үй-бүлөсү, жакын санаалаштары арасында кыякты кызый-кызый тартып калат.


Үй жумушка үлгүрбөй…
Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева үй жумушун кылууга дээрлик колу тийбейт. Укук коргоо менен алектенип жүрүп кээде уктабай да калат экен. Колу бошой калса эле казан-аяк кармоодон кадимкидей эс алып, ырахатка батат. Анан да огородундагы мөмө-чөмө, жер-жемиштерин отоп, сугарып жүргөндөн өлө дем-кубат алат. Айтмакчы, бул айым автоунааны ой-даа катуу ылдамдык менен ызгытат. Газды болушунча басып баратып, айдоочуларды улам артка калтыргандан да "кайф" кармайт тура. Андыктан МАИ кызматкерлери Токтайым эжекеңерди токтотом деп, айдоочулар болсо бул айым менен жарышам деп ойлобогула.


Ой түбүнө жете албай…
Жалаң эле оюндан, же оокат кылгандан эмес ойлонуудан да ырахат алып, азартка баткандар бар экен. Алардын бири "Кара-Балта спирт заводу" мамлекеттик ишканасынын директору Сооронбай Дыйканов деген жигит. Бул мырза "эң жакшы эс алуум эл менен баарлашып, ар-бир адамды таанып билүү. Дегеле, адамдар менен сүйлөшүп атып, жашоону жакшы жакка өзгөртүү үчүн күрөшүү жөнүндө ойлонуудан, изденүүдөн ырахат алып, кадимкидей азартка батам" дейт. Мына сага, азартка батыш үчүн сөзсүз эле топ кубалап, шар атып, сууга чумкуп, же этке тоюп, кымыз ичүү гана эмес экен. Ой түбүнө кулап кетип, магдыраса да болот экен, тоб-боо…


Султановдо не сыр бар?
"Султанов арак ичпейт экен, тамеки чекпейт экен" деп өткөндөле жазбадым беле. Эмне үчүн(?), кантип эле(?) деп таңгалгандар чыккан. Көрсө Марат мырза анык спортсмен тура. Таң атпай туруп алып чуркап, андан соң залда аябай машыгат экен. Спорттун кай түрү менен шугулданарын биле албадым. Өзү да, жандоочтору да айтпай коюшту. Сыягы кытайлардын атадан балага калган мурас-сыр өнөрүндөй болгон бирдеме менен машыгат окшойт. Анан да интернет дегендин ичегисине кан куюп, мээсин бир топ эле аңтарат көрүнөт. Интернетке олтурганда кадимкидей эс ала түшүп, тимеле кызыгына кирип кетет дешет. Айрымдар Ахматбек Келдибеков экөөнүн чоң теннисте ойношорун да кошумчалашты. Эки мырза теннистен кошулуп алып Алайды эстешет окшойт да.

даярдаган Кубаныч Зайнидинов