кыргыз тилиндеги гезит "Кереге kg"

п»ї



  Күныргак

Ай табалбай асмандан
Мыйзам бузмай жагынан кыргыздар алдына эч кимди салбайт эмеспи. Аныбызды Ааматов жазабы же Текебаев жазабы баары бир. Өз колубуз менен жазган мыйзамды өзүбүз каалагандай калчайбыз. Бул жагынан маселе жок. Бирок, Кудайдын мыйзамын бузууга акыбыз жок эй! Кудай мыйзамын чындап бузса, топон суу жүрүп кетпейби. Андан Кудай өзү сактасын! Кечээ, 30-августта айт намазы адаттагыдай эле эски аянтта окулду. Анда намазга жылаңбаш (кыргыздын салтында жылаңбаш сыйынбайт) келген өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев жана айт күнүн чукул жарыялап элди дүрбөлөңгө салган Чубак ажы Жалилов менен удаалаш куттуктоолорун билдиришти. Быйыл айт намазына жылдагыдан 4-5 эсе аз адам чогулду. Жылына айт намазга жыгылууга 50 миңден ашуун мусулман чогулса, бул жылы араң 10 миңге чукул киши жыйналды. Анткенин бир себеби, муфтий Чубак ажы айт күнү жаңырарына саналуу мүнөттөр калганда, тагыраагы түнкү саат 12ге жакын телеканалдан жар салгандыктан, ага чейин уктап калгандар айт намазынан кур калышты. Ошентип, Кыргызстандагы мусулмандар кылымдардан бери 30 күн кармалып келген орозо бул жылы Чубак ажынын "жаңы эрежесине" ылайык 29 күн кармалганына бир чети таң калып, бир чети айт намазына жетпей калганына арманы ашып, чакчелекей түшүп Айт майрамын өткөрүштү. Натыйжада "арапа", "айбашы" деп аталган шаанилүү күндөр жоюлуп кетти...


"Кереге-ПРЕСС"












??.??